НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХIХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
31-январь 2024-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексинин 74, 76-беренелерине жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде жана мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын сунуштарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын аймагында юридикалык жана физикалык жактарга ишкердик үчүн багытталган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр, бекитилген аянтына жана жумушчулардын санына жараша, таштандыларды ташуунун тарифине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын төлөө мөөнөтү ар жылы 1-июлга чейин деп белгиленсин.
- Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына, мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, салыкка.