НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХIХ СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХIХ СЕССИЯСЫНЫН

 № 6 ТОКТОМУ

12-сентябрь  2024-жыл                                                                                                                                                 Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы  5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана 240 КВат  электробустарды заряддагычтарды күрөөгө коюуга макулдук берүү   жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30- апрелиндеги №242-тескемесинин негизинде Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын шаарына 5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана (240 КВат) электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтарды алуу боюнча тендер жарыяланып, тендерди “Оомат-Нурдос” жоопкерчилиги чектелген коому жалпы баасы 66000000 (алтмыш алты) миллион сомго утуп алып, Нарын шаарына алып келинген жана ”Оомат-Нурдос” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 19-июнундагы №32 катынын негизинде Нарын шаардык мэриясынын 2024- жылдын 26-июнундагы №01-10/123 буйругу менен түзүлгөн кабыл алуу комиссиясынын Нарын шаардык мэриясынын 2024-жылдын 12-августундагы №15 протоколдук чечимине ылайык Нарын шаарын алып келинген бир электробустун баасы 10500000 (он миллион беш жүз миң) жалпы 5 (беш) даана электробустардын баасы 525000000 (элүү эки миллион беш жүз миң) сом, бир даана электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтын баасы 4500000 (төрт миллион беш жүз миң) сом, жалпы 3 (үч) даана (240 КВат) электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтардын баасы 13500000 (он үч миллион беш жүз миң) сомго кабыл алынгандыктан, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин 2023-жылдын 3-майындагы №19-04-01/11 кредиттик келишими жана 2023-жылдын 13-ноябрындагы кошумча макулдашуу №19-04-01/56 түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин 2023-жылдын 3-майындагы №19-04- 01/11 кредиттик келишими 2 беренисинин 2.3. подпунктун негизинде Нарын шаарына 5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана (240 КВат) электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтарды күрөөгө коюу боюнча  Нарын шаардык мэриясы сунуш кат менен кайрылышкан.                              Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Нарын шаардык кеңешинин кезектеги  сессиясы  токтом  кылат:

  1. Түзүлгөн келишимдин негизинде 5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана (240 КВат) электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтарды күрөөгө коюуга макулдук берилсин:
  2. Күрөөгө коюу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                               А.Молдосалиев 

 _______________________________________________________________________________

   Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий