НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХIХ СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХIХ СЕССИЯСЫНЫН

 № 9  ТОКТОМУ

 

12-сентябрь 2024-жыл                                                                                                                                               Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1,6 га жер тилкесин Нарын шаардык мэриясынын балансасына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 5-июлундагы №155-б буйругу менен “Нарын Реновация” долбоорун ишке ашыруу боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын аткаруу максатында, Нарын шаардык мэриясы тарабынан бардык тиешелүү аракеттер көрүлүүдө. “Нарын Реновация” долбоору аркылуу Нарын шаарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана көрктөндүрүү, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп эсептелет. Аталган долбоорду ишке ашыруу максатында дагы бир кадам болуп, “Нарын сити” долбоору ишке ашканы турат. Ошол себептен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 21-февралындагы №146-б буйругу менен Нарын шаарындагы Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1,6 га түзгөн жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилген, жогорудагылардын негизинде жана Нарын шаарынын аймагында “Нарын реновация” долбоорун ишке ашыруу максатында Нарын шаардык мэриясынын балансына кабыл алуу зарыл. Ошондой эле, Нарын шаарындагы Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1,6 га түзгөн жер тилкесин С-2 өзгөчө режимдеги зона болгондуктан, Ц-1 зонасына которуу зарылчылыгы жаралууда, себеби бул жерге көп кабаттуу үйлөр салынуусу пландалууда, аталган жер аянты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык борборуна тешелүү жер болгон, ал эми Гидрометеорологиялык борборуна Нарын шаарынын чет жагынан башка 1,6 га жер берилген, ошол себептен Нарын шаарынын башкы планынын авторлору Долбоорлоо институту болгондуктан, башкы планда атайын жашыл бакдарактар деп көрсөтүлгөн аянтты борбордук, беш жана андан жогору турган көп кабаттуу курулушка деп башкы планга өзгөртүү киргизүүнү жана 2021- жылдын 25-январы № 41-нпа “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу буйругунун негизинде өзгөртүү киргизүүгө жана Долбоорлоо институтуна долбоорду иштеп чыгууга (проект застройки) макулдук берүү боюнча Нарын шаардык мэриясы сунуш каты менен кайрылышкан.

 Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин жетекчиликке алып,  2021- жылдын 25-январы № 41-нпа “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу буйругунун жана  Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 4-05-03-001-0771 жалпы аянты 1,6 га түзгөн жер тилкесин С-2 (зона особого режима) зонасынан  Ц-1(зона центра города)  зонасына которууга жана башкы планда атайын жашыл бак-дарактар деп көрсөтүлгөн аянтты “Борбордук, беш жана андан жогору турган көп кабаттуу курулушка”- деп башкы планга өзгөртүү киргизүүнү жана Долбоорлоо институтуна долбоорду иштеп чыгууга (проект застройки) макулдук берилсин.
  1. Курулуш долбоору менен мыйзамдуу иш алып баруу жагы Нарын шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                А.Молдосалиев

 

 

 _________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, «Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

 

 

 

Добавить комментарий