НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХIХ СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХIХ СЕССИЯСЫНЫН

 №3  ТОКТОМУ

12-сентябрь   2024-жыл                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы 15-август 2024-жылдагы кезектеги  ХХХVII сессиясынын  № 7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнундө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Спринтер алуу үчүн бөлүнгөн 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатынын багыты  өзгөртүлүп,  Нарын шаардык  “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын Нива үлгүсүндөгү автоунаасына жаңы мотор алууга 60,0миң (алтымыш миң) сом, Нарын шаардык  “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына электрогенератор алуга, 40,0 миң (кырк миң)  сом, Мусурманкулов көчөсүндөгү жаңы уюштурулуучу сквердин айланасын тосууга 300,0 (үч жүз миң) сом, ЛЭД экран алууга 900,0 (тогуз жүз миң) сом   макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                         А.Молдосалиев

 

 _________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий