НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН № 11 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН

 № 11 ТОКТОМУ

14 -июнь  2024-жыл                                                                                                                             Нарын шаары

 

 

Нарын шаардык транспорт ишканасына кошумча штаттык бирдик ачуу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып,  Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасына электробустардын алынып келинишен улам,  иштин зарылчылыгына байланыштуу 2024-жылдын июль айынан баштап кошумча 6 (алты)  штаттык бирдик (айдоочулар ) ачылып берилсин  жана электробустар ишке киргизилген күндөн тартып ишкананын штаттык бирдигине киргизилсин.
  2. Штаттык бирдиктердин айлык маяналарын эсептеп, бекиттирүү Нарын шаардык транспорт муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына электробустардын каттамдары ишке кирген күндөн тартып кошумча ачылган 6(алты ) штаттык бирдиктердин эмгек маянасын төлөп берүү жагы тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                              А.Молдосалиев

 

 ____________________________________________________________________________

  Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, транспорт ишканасына, юстицияга.

Добавить комментарий