НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН

 № 2 ТОКТОМУ

14-июнь 2024-жыл                                                                                                                                   Нарын шаары

 

Жер  тилкесин  «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы  жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык  Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы Кирпич заводунун жер аянтындагы бирдейлештирилген коду 4050100020862 жалпы аянты 8 га  жер тилкеси «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө тиешелүү бүтүмдүк иш кагаздарын Мыйзам чегинде бүткөрүү Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                              А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, юстиция башкармалыгына;

 

Добавить комментарий