НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН

 № 3 ТОКТОМУ

 

14-июнь  2024-жыл                                                                                                                                     Нарын шаары

  

           Нарын шаарынын башкы планына киргизилген өзгөртүүлөрдү  бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы  жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18- беренесине, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине   жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура –курулуш, отун энергетика,транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Нарын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын борбордук аянтындагы, Ж.Шералиев атындагы балдардын  музыкалык мектебине, Нарын облустук прокуратурасынын административдик  имаратына, «Ата Түрк» балдар бакчасына тиешелүү жер аянттарынын  борбордук аянттын кызыл сызыгынан чыгаруу боюнча (Застройки территории ограниченной ул.С.Орозбакова,ул. О.Токтосуновой,ул Шералиева, ул.Мамбеталиева с корректурой красных линий в г.Нарын)  шифр номери №511-05/2024 курулуш долбоору  бекитилсин.
  2. Борбордук аянттын кызыл сызыгынан чыгаруу боюнча бекитилген курулуш долбоору менен мыйзамдуу иш алып баруу жагы Нарын шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                            А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий