НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН

 № 4 ТОКТОМУ

 

14- июнь 2024-жыл                                                                                                                               Нарын шаары

 

Үй жанындагы короо жайдын, багбанчылык-чарба жер участокторунун жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгынын   Кз зоналык коэффициентинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404 беренесинин 4-пунктун , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн эки эсеге көбөйтүү тапшырмасынын, Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча булактарын табуу максатында  Нарын шаардык мэриясынын 2024-жылдын июнундагы 01-17/1920 сунуш  катынын,  Нарын шаардык кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча ” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде   Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарынын аймагына 2025-жылдын 1-январынан баштап үй жанындагы короо жайдын, багбанчылык-чарба жер участокторунун жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгынын  Кззоналык коэффициенти 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Салыктарды тескөө, башкаруу, көтөрүлгөн коэффициент менен иш алып баруу жагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 

 ____________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына «Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий