НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН

 № 6 ТОКТОМУ

14-июнь 2024-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

Нарын шаардык суу канал ишканасынын “Суу менен камсыздоо жана  саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын көрсөтүү боюнча” Айкын келишимин бекитүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, «Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, ичүүчү сууну керектөөнү эсепке алууну системалаштыруу, сууну пайдалануу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн акы төлөөнү тартипке келтирүү, ошондой эле суу ресурстарын үнөмдөөгө дем берүү максатында Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана (же) канализация кызматтарын көрсөтүү боюнча мамлекеттик келишими тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-тиркеме).
  2. Суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарын көрсөтүүгө ачык контракт, мамлекеттик жана расмий тилдердеги келишими бекитилсин.
  3. Келишим 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэрине жана Нарын суу канал муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                    А. Молдосалиев

 

                                              

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына, облустук юстиция башкармалыгына;

 

 

Суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын көрсөтүүгө айкын келишими тиркеме 

Добавить комментарий