НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVII СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVII СЕССИЯСЫНЫН

 №  1 ТОКТОМУ

 

15-август   2024-жыл                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Нарын шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы  жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, 80-беренесинин 2-пунктун Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып,  Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын  жыйындар залында өткөрүлгөн биргелешкен жыйынынын протоколунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. “Нарын-Реновация” долбоорун ишке ашыруу максатында Нарын шаарындагы Роза Өмүрова атындагы парктын аянтына КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу С.Орозбак атындагы Нарын облустук китепканасы жана Нарын райондук маданият бөлүмүнүн заманбап, инновациялык  имаратын курууга берилүүчү жалпы мамлекеттик актысы боюнча 4340,5 чарчы метр  жер тилкесин мыйзам чегинде өзгөртүү үчүн Нарын шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
  2. Курулуш долбоору менен мыйзамдуу иш алып баруу жагы Нарын шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жүктөлсүн.
  3. Курулуш долбоору ишке ашпай калган учурда жер аянтынын багыты өз зонасында калтырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына;

 

 

Добавить комментарий