НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVII СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVII СЕССИЯСЫНЫН

 № 7 ТОКТОМУ

 

15-август  2024-жыл                                                                                                                                            Нарын шаары

 

             Нарын шаардык  “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына 2024-жылга карата ишкананын чыгымдоо сметасы менен  кошо бекиген  жабдуулар жана материал алууга бөлүнгөн акча каражатынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексин,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына 2024-жылга карата ишкананын чыгымдоо сметасы менен кошо бекиген жабдуулар жана материал алууга, (вышка алуу үчүн)  бөлүнгөн 2,0 миллион сом өлчөмүндөгү  акча каражатынын багыты өзгөртүлүп,   Спринтер алууга 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сом,  спринтерди капиталдык ремонттон өткөрүүгө 60,0 миң (алтымыш миң)сом, трицикл алууга 130,0 миң (жүз отуз миң) сом,”Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына С.Орозбак көчөсүн жарыктандыруу үчүн  440 890  (төрт жүз кырк миң сегиз жүз токсон) сом, көчөлөргө  табличкаларды илдирүүгө 69, 0 миң ( алтымыш тогуз миң) сом,  макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                               А.Молдосалиев

 

 

 ____________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий