НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XХХVI СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XХХVI СЕССИЯСЫНЫН 

8 ТОКТОМУ

14- июнь 2024-жыл                                                                                                                             Нарын шаары

 

     Нарын  шаарындагы коммуналдык бюджеттик жана мамлекеттик жана коммерциялык мекемелерди  таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды  агызуудагы кызмат акы тарифин бекитүү жөнүндө

2015-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын  ортосундагы  «Нарын шаарын  суу менен жабдуу  жана канализация тутумдарын реабилитациялоо»  долбоорун  каржылоо боюнча кредиттик   (2,0 млн.евро) жана гранттык (3,2 млн.евро) макулдашууларга , ал эми, 2020-жылдын 30-апрелинде 2 тараптуу келишимге кол коюлган.  Кредитти төлөө мөөнөтү 2023-жылдан башталып, кредитти төлөө үчүн таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды агызуудагы  Нарын  шаарындагы коммуналдык бюджеттик жана мамлекеттик жана коммерциялык мекемелер  үчүн кызмат акы тарифине бааны жогорулатуу керектиги боюнча Нарын шаардык мэриясы сунуш кат менен кайрылган.

Жогорудагы маселе Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессияга  сунушташкан.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын  шаарындагы коммуналдык бюджеттик жана мамлекеттик жана коммерциялык мекемелерди таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды  агызуудагы кызмат акы тарифи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Нарын облусу боюнча бөлүмү менен макулдашылгандан кийин тиркемеге ылайык  бекитилсин жана иш алып баруу жагы Нарын суу-канал ишканасына жүктөлсүн.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                       А.Молдосалиев

 

__________________________________________________________________________

      Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, суу-канал ишканасына;

 

Нарын шаарындагы коммуналдык бюджеттик жана мамлекеттик жана коммерциялык мекемелерди таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды агызуудагы кызмат акы тарифин бекитүү жөнүндө тиркеме 

Добавить комментарий