НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXХIХ СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ XXХIХ СЕССИЯСЫНЫН

№  8 ТОКТОМУ

12-сентябрь   2024-жыл                                                                                                                                                  Нарын шаары

 

 

Нарын шаарынын Ленин көчөсү №242 жалпы аянты 14219,1 чарчы метр жер  жана Мусурманкулова 19-а даректеринде жайгашкан 1700,0 чарчы метр жер тилкелерин зоналардан зоналарга которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин” жетекчиликке алып, Нарын шаарынын Ленин көчөсү №242 үйүнүн жашоочуларынын арызынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.Нарын шаарынын Ленин көчөсү №242  дарегинде жайгашкан 14219,1  чарчы метр жер аянтын П-1 (өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын) зонасынан  Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына жана Нарын шаарындагы Мусурманкулов көчөсү 19-а дарегиндеги 1700,0 чарчы   метр жер тилкесин Р-4 (зона специальных зеленых насаждений) зонасынан Ц-2 (зона центра обслуживания и коммерческой активности местного значения) зонасына  которууга макулдук берилсин.

 

  1. Ж-1 жана Ц-2 зоналарына которуудагы тиешелүү иш кагаздары боюнча  Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы  Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына жана Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                        А.Молдосалиев

___________________________________________________________________________________________________________________

  Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, ММИге, арыз ээлерине,Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына.

 

Добавить комментарий