Нарын шаардык Кеңешинин XX чакырылыштагы сессиясынын №8 токтомуна №2 тиркеме

Нарын шаарында суу өткөргүчтү жана канализацияны колдонуу эрежелери

 

 

 

Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы  XX сессиясынын №8 токтомуна  №2 тиркеме

 

 

Нарын шаарында суу өткөргүчтү жана канализацияны колдонуу эрежелер 

Ушул Эрежелерде колдонулуучу негизги терминдер менен аныктамалар:

 

Абонент – «Нарын суу-канал» ишканасынын суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарына кошулган, аны менен (суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактар боюнча) бөлүү чек аралары (менчик же теңдемдик таандыктык белгиси боюнча), суу камсыздоого жана ыплас сууну агызууга аныкталган тартипте түзүлгөн келишими бар керектөөчү. Керектөөчүлөр тиричиликтик жана өндүрүштүк боло алышат. Тиричиликтик керектөөчүлөргө суу өткөргүчтү жана канализацияны өзүнүн тиричиликтик муктаждыктарын канааттандыруу үчүн колдонгон жарандар киришет. Өндүрүштүк керектөөчүлөргө ишкердик ишмердүүлүк менен алектенген (анын ичинде юридикалык тараптарды түзүүсүз) жана ичүүчү сууну ушундай ишмердүүлүк процессинде колдонгон калган бардык керектөөчүлөр, жарандар кошо, киришет.

Авария – суу менен камсыздоо, канализация тутумдарынын же өзүнчө курулуштардын, жабдуулардын, түзүлүштөрдүн суу керектөө менен суу алып кетүүнүн көлөмдөрүнүн токтоосуна же маанилүү азаюусуна алып келген бузулуусу же иштен чыгуусу.

Желдетүүчү түтүк – канализациялык тармакты желдетүү үчүн орнотулган жел өткөрүүчү түтүк.

Үй ичиндеги (ички) тармактар – имараттын ичине өтүүчү жана керектөөго ичүүчү суу берүүнү, ошондой эле ыплас агынды сууларды имараттын чегинен тышка биринчи сырткы квартал же короо ичиндеги кудукка алып кетүүнү камсыздоочу суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактар.

Суу бөлүштүрүүчү түйүн – суу камсыздоо объектиси керектөөчү ичүүчү сууну эсептөө үчүн арналган технологиялык бириккен элементтер (суу өлчөгүч, вентилдер, түтүк өткөргүчтүн тилкелери) комплекси.    

Суу өткөргүчтүк тармак – абоненттерди (субабоненттерди) суу камсыздоо үчүн арналган түтүк өткөргүчтөр тутуму.

Суу өткөргүчтүк киргизүү же канализациялык чыгаруу – абонент суу камсыздоо тутумунан суу алуучу жана (же) ыплас сууну канализация тутумуна агызуучу түзүлүштөр же кошулуучу түйүндөр.

Суу керектөө – абоненттин (субабоненттин) сууну өз муктаждыктарын канааттандырууга колдонуусу.

Суу камсыздоо – ичүүчү сууну топтоо, суу түтүгү менен абоненттерге берүүнү камсыздоочу технологиялык процесс;

Ыплас сууну агызуу – абоненттерден кир агынды сууну кабыл алууну, андан кийин аны канализациянын тазалоочу курулуштарына жеткизүүнү камсыздоочу технологиялык процесс;

Менчиктин же балансалык таандыктыктын чек арасы – суу камсыздоо жана (же) канализация тутумдары менен курулуштарынын элементтерин менчик, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу белгиси боюнча ээлеринин арасында бөлүү сызыгы.

Эксплуатациялык жоопкерчилик чек арасы – суу камсыздоо жана (же) канализация тутумдары менен курулуштарынын элементтерин эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн жоопкерчилик белгиси боюнча бөлүү сызыгы.

Эксплуатациялык жоопкерчилик аймагы – менчик (теңдемдик таандыктык) чек арасынын жана эксплуатациялык жоопкерчилик чек арасынын ортосунда жайгашкан үй ичиндеги (ички) суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактын бөлүгү.

Канализациялык тармак – кир агынды сууну чогултуу жана алып кетүү үчүн түтүк өткөргүчтөр, коллекторлор, каналдар жана аларга курулуштар тутуму.

Локалдуу тазалоочу курулуштар – абоненттин (субабоненттин) кир агынды суусун аны канализация тутумуна агызуунун (кабыл алуунун) алдында тазалоо үчүн арналган курулуштар менен түзүлүштөр.

Ичүүчү суу – чарбалык ичүүчү жана коммуналдык тиричиликтик максаттар үчүн санитардык эрежелер жана ченемдер менен аныкталган стандарттар менен гигиеналык талаптарга ылайык келүүчү суу. Ичүүчү суу стратегиялык, практикалык жана экономикалык мааниге ээ болот, товар болуп саналат.

Заттардын сууда чектүү-жол берилген топтолуусу (ЧЖТ) – суудагы зыяндуу заттардын аны белгилүү бир убакыт үзүмүндө колдонуу адамдын саламаттыгына, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө терс таасир кылбоочу саны (топтолуусу).

Заттарды чектүү-жол берилген агызуу (ЧЖА) – текшерүү пунктунда суунун сапаты ченемдерин камсыздоо максатында суу объектисинин берилген пунктунда убакыт бирдигинде аныкталган режимге ылайык алып кетүүгө максималдуу жол берилүүчү кир агынды суудагы заттардын массасы.

Уруксат кылуучу документация – жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жергиликтүү кызматтары менен макулдашып берүүчү суу камсыздоо (канализация) тутумдарына кошулууга уруксат жана «Нарын суу-канал» берүүчү уруксаат берүүчү документ.

Сервитут – башка тараптын менчигинде же колдонуусунда турган жер тилкесин чектелген максаттуу колдонууга тараптын укугу.

Кир агынды суу (агынды) – адамдын (тиричиликтик кир агынды суу), ишканалар менен уюмдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында суу камсыздоо булактарынан (ичүүчү, техникалык, ысык суу камсыздоодон, жылуулук камсыздоочу уюмдардан, буудан) көз карандысыз пайда болуучу суу.

Субабонент – сууну абоненттин сууөткөргүчтүк тармагы аркылуу алуучу жана кир агынды сууну абоненттин канализациялык тармагына агызуучу «Нарын суу-канал» менен суу камсыздоого жана кир агынды сууну агызууга келишим түзгөн керектөөчү (тиричиликтик же өндүрүштүк).

Техникалык шарттар – объектти суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарга жана курулуштарга кошуу түйүнүн, кошууга уруксат этилүүчү инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу үчүн аткаруу керек болгон негизги параметрлер менен талаптарды аныктоочу жана суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактар менен курулуштарга техникалык шарттардын иштөө мөөнөтү бүткүчө кошулууну кепилдөөчү документ.

Күнүмдүк тейлөө – профилактикалык кароонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылуучу жана суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактар менен түзүлүштөрдү техникалык оң абалда кармоого багытталган инженердик-техникалык иш чаралар комплекси.

Кошуу түйүнүкурулуш объектисине же жер тилкесине чукул суу өткөргүчтү жана (же) канализацияны кошууга уруксат этилүүчү жүктү камсыздоочу, курулуп жаткан курулуш объектисин суу камсыздоо жана суу алып кетүү тармактарына кошуу үчүн зарыл түзүлүштөр менен курулуштарга кошуу орду.

Көчө суу бөлгүчү (колонка) – ичүүчү сууну түздөн-түз суу өткөргүчтүк тармактан алуу үчүн жана «Нарын суу-каналга» тийиштүү түзүлүш.

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Нарын шаарында суу  өткөргүчтү жана канализацияны колдонуунун ушул Эрежелери Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө», «Монополисттик ишмердүүлүктү чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө», ЖКХ «Кыргыз Республикасында турак-жай фондусун менчиктештирүү жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Турак-жай менчик ээлеринин шериктештиктери жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын калкына коммуналдык кызматтарды көрсөтүү эрежелерине, Кыргыз Республикасында турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы жер тилкелерин колдонуу менен кармоонун типтүү эрежелерине ылайык, ошондой эле курулуштук жана санитардык ченемдер менен эрежелердин негизинде иштелип чыккан.

1.2. Эрежелер Нарын шаарынын аймагында иштейт жана ичүүчү суу керектөөчүлөрдүн, анын ичинде борбордошкон канализация тутумун колдонуучулардын, жана Нарын шаарынын суу өткөргүчтүк-канализациялык чарба уюмунун – «Нарын суу-канал» ишканасынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.

1.3. Ушул Эрежелерди колдонуу «Нарын суу-канал» ишканасы, ошондой эле бардык ичүүчү сууну керектөөчүлөр менен Нарын шаарынын борбордошкон канализация тутумун колдонуучулар, ведомстволук таандыктыгынан, уюштуруучулук-укуктук формасынан жана менчик формасынан көз карандысыз ишканалар менен уюмдарды, индивидуалдуу үй курулуштарында жана көп батирлүү үйлөрдө жашашкан жарандардын баардыгы үчүн милдеттүү болуп саналат.

1.4. Суу бөлүштүргүч-канализациялык тармактарда менчиктин же теңдемдик таандыктыктын чек арасы төмөнкүчө аныкталат:

а) көп батирлүү үйлөр үчүн менчик формасынан көз карандысыз (ведомстволор менен турак-жай-курулуш кооперативдерине таандык үйлөрдү кошпогондо): — суу өткөргүч боюнча – суу бөлүштүргүч түйүн. Суу бөлуштүрүүчү түйүн «Нарын суу-каналдын» менчиги болуп саналат. Суу өлчөөчү түйүн жок болгондо менчиктин чек арасы үйдүн пайдубалынын тышкы дубалы боюнча аныкталат; — канализация боюнча – канализациялык чыгаруулар кошулган үйдөн кийинки биринчи канализациялык кудуктар. канализациялык кудуктар «Нарын суу-канал» ишканасына таандык болот;

б) жеке менчик индивидуалдуу үй курулуштары (үйлөр) үчүн: — шаардык суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактардын кудуктарындагы суу өткөргүчкө кошулуу жана (же) канализацияны кошуу орду. Кошуу түйүнъүнөн кеткен түтүк өткөргүчтөр менен бекитүүчү, жөнгө салуучу арматурасы бар кудук абоненттин менчиги болуп саналат;

в) борбордошкон суу камсыздоо жана канализация тутумунун калган колдонуучулары үчүн: — объекттин (ишкананын, имараттын, курулуштун) суу өткөргүчтүк-канализациялык тармагын эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык.

г) техникалык шарттаманын негизинде

1.5. Өндүрүштүк ыплас сууну шаардык канализацияга кабыл алууга «Нарын суу-каналдын» уруксаты боюнча жана абоненттердин өндүрүштүк ыплас сууну Нарын шаарынын канализация тутумуна кабыл алуу боюнча талаптарды аткаруусу шартында жол берилет.

1.6. Суу өткөрүүчү-канализациялык тармактар техникалык шарттаманын негизинде курулуштарга чукул жер иштерин жүргүзүүдө иштерди жүргүзүүчү коопсуздукту сактоосу жана тармактар менен курулуштардын сакталгандыгын кепилдөөсү зарыл. Иштерди жүргүзүүчү же курулуп жаткан объекттин ыйгарымдуу өкүлү объектти куруунун башталышы жөнүндө «Нарын суу-каналга» кабарлоого жана жер иштери башталарга чейин эки күн мурун «Нарын суу-каналдын» өкүлүн жер алдындагы коммуникацияларды көрсөтүү үчүн чакырууга милдеттүү.

1.7. Сууну токтотуп берүүдө байланышкан курулуш иштерин аткарууда, ал иштерди «Нарын суу-канал» ишканасы бөлүп берген убакытта жүргүзүү абзел.

 

2. ОБЬЕКТТЕРДИ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯ ТУТУМДАРЫНА КОШУУ

2.1. Нарын шаарынын борбордошкон суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарына кошууга техникалык шарттарды берүү архитектура органынын аныкталган үлгүдөгү, инженердик-техникалык камсыздоонун көрсөкүчтөр көрсөтүлгөн сурам-катынын негизинде жүзөгө ашырылат. «Нарын суу-канал» ишканасы арыз берүүчүдөн сурам-катты алган күндөн тартып 10 жумуш күн ичинде, курулуш объектисин суу өткөргүч жана (же) канализация тутумун кошуу үчүн техникалык шарттарды аныктайт да, акы төлөө жөнүндө маалыматты берет, же техникалык шарттарды берүүдөн баш тартуу негиздерин көрсөтүп берет.

2.2. Кошууга техникалык шарттар эки жыл мөөнөткө берилет, алардын иштөө мөөнөтү бир жылдан көп эмес мөөнөткө узартылат. Техникалык шарттар объект менен келишим түзүлгөн жана ал суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактар менен курулуштарга кошулган учурдан тартып техникалык талап толук аткарылгандан кийин тиркеме катары калат. Техникалык шарттарды берүү жана объектти суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактар менен курулуштарга кошуу акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат, анын наркын ишкана антимонополиялык орган менен бирдикте макулдашып аныктайт.

2.3. Объектти техникалык шарттарды албай өзү билип суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактар менен кошууга жол берилбейт. Объектти суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактар инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын кошуу жана техникалык тейлөө жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн тартып, менчиктин жана баланстык таандыктыктын аныкталган чек араларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2.4. Курулган суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактар менен курулуштарды коммуналдык суу камсыздоо менен канализациянын иштеп жаткан тутумдарына кошууну «Нарын суу-канал» же буюртмачы (курулуш уюму, куруучу) «Нарын суу-каналдын» өкүлүнүн техникалык байкоо жүргүзүүсү астында аткарат. Керектөөчүгө жеке менчик укугунда таандык болгон суу өткөргүчтүк киргизүүлөрдү кошуу, канализациялык чыгарууларды кошуу керектөөчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.

2.5. Жаңы курулган же реконструкцияланган суу өткөргүчтүк түзүлүштөр менен курулуштарга ичүүчү суу берүү «Нарын суу-канал» менен объектке ичүүчү суу берүүгө жана ыплас сууну кабыл алууга келишим бар болгондо гана жүзөгө ашырылат.

2.6. Суу керектөө объектилерин Нарын шаарынын борбордошкон суу камсыздоо жана канализация тутумдарына башка керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактары аркылуу кошуу алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу (ыктыярдуу же мажбурлоочу сервитутту аныктоо) менен, бардык объекттерди суу камсыздоо жана суу алып кетүү ченемдүү режимин сактоодо жүргүзүлө алат.

2.7. Абонент субабонентке ичүүчү суу берүүнү жана кир агынды сууну кабыл алууну «Нарын суу-каналдын» жазуу жүзүндөгу макулдугусуз токтотууга укуксуз.

2.8. Менчик ээсинин аймагы боюнча суу өткөргүчтүн же канализациянын транзиттик сызыктарын жаткыруу аны менен ыктыярдуу же мажбурлоочу сервитутту аныктоодо жана жаткыруудолбоорун «Нарын суу-канал» менен макулдашууда гана жүргүзүлө алат. Суу өткөргүч жана канализация сызыктарын жаткыруу, ошондой эле аймактын бузулган жакшы абалын калыбына келтирүү боюнча иштер кызыктар тараптын эсебинен жүргүзүлөт.

2.9. Нарын шаарынын борбордошкон суу камсыздоо жана канализация тутумдарына убактылуу (сезондук) суу керектөө объекттерин (жайкы павильондорду, киоскторду, жана башка соода курулуштарын) кошуу Нарын шаарынын мэриясынын жана архитектура башкармалыгынын, «Нарын суу-канал» менен макулдашылган уруксат берүүчү документтеринин негизинде гана жүргүзүлөт.

2.10. Убактылуу (сезондук) суу керектөө объекттерине ичүүчү суу берүү түтүкөткөргүчтөрү имараттан тышта жер астында жаткырууга тийиш. Түтүктөрдү ачык жаткырууга, ошондой эле түтүктөрдү көчөдөгү арык ноолоруна жаткырууга жол берилбейт. Ичүүчү суу берүүнүн жана канализациянын убактылуу түтүк өткөргүчтөрүн эскерилген объекттерге кошуу менен эксплуатациялоо кызыктар тараптардын күчү жана каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2.11. (суу алуучу колонкалар) аз кабаттуу курулуштар бар кварталдарда, суу өткөргүчтүн үйлүк киргизүүлөрү жок болгондо орнотулат. Көчө суу бөлгүч колонкаларын «Нарын суу-канал» ишканасы ортнотот, ошондой эле анын уруксаты менен абоненттер орното алат.

2.12. Менчигинде суу бөлгүч колонкалары бар абонент (ишкана, мекеме, уюм) алардан ичүүчү сууну колдонуу укугун колонкага чукул жайгашкан үйлөрдө жашаган бардык калкка берүүгө милдеттүү.

2.13. Колонкалардын жанында идиш-аяк, кир, килемдерди, автомашиналарды жууганга, үй жаныбарларын сугарууга, жана шлангдар мнеен түтүктөрдү кошконго, ошондой эле санитардык-техникалык талаптарга кайчы келген башка иш-аракеттерди жасаганга тыюу салынат. Бул укук бузууларга жол берген адамдар административдик жоопкерчиликке тартылат.

2.14. Көчө суу бөлгүч колонкаларынын бузулушу жана бузуктары жөнүндө токтоосуз «Нарын суу-каналга» билдирүү керек. Суу бөлгүч колонкаларды оңдоо анын ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

2.15. Ичүүчү сууну көчө суу бөлгүч колонкаларынан алган жарандар, жашаган жерине чейинки аралыктан көз карандысыз, иштеп жаткан ченемдерге ылайык ичүүчү суунун наркын төлөшөт. Суу колдонгону үчүн акы төлөөдөн эч ким бошотулбайт.

2.16. Канализациялык тармактын жана тазалоочу курулуштардын иштен чыгуусунун алдын алуу максатында, абонентке канализацияга төмөнкүлөрдү агызууга тыюу салынат:

— таштандыны, күлдү, топуракты, кебезди, чүпүрөктү, саманды, чамындыны, карды, муз сыныктарын ж.б.

— катуу тиричилик таштандыларын ж.б.

— мунай өнүмдөрүн, эфирди жана башка жарылгыч аралашма түзүүчү заттарды камтыган сууну;

— өндүрүштүк ишканалардын суусун, ал өзүнүн курамы боюнча канализациялык курулуштарды тейлеген жумушчулардын саламаттыгына залал келтирген, ошондой эле ыплас агынды сууну ташууну жана тазалоо технологиялык процессин бузган агындылар.

2.17. «Нарын суу-канал» ыплас суу менен кошо шаардык канализацияга кандайдыр бир катуу таштандылар же башка агызууга уруксат кылынбаган заттар түшкөн-түшпөгөнүн текшерүү талап кылынган учурларда, текшерүүчү кудуктагы чыгарууга 10 күндөн көп эмес мөөнөткө торчолорду орнотот.

2.18. «Нарын суу-каналдын» көрсөтмөсү боюнча абонент жер үстүндөгү сууну канализациянын кудуктарынан чукул жердеги жамгыр суусун кабыл алгычка бурганга укугу жок

2.19. Аянт ичиндеги (квартал ичиндеги) канализациялык тармактын кудуктарды кароо үчүн дайыма жеткиликтүү, урандылардан, топурактан, кардан жана курулуш таштандыларынан бош болууга тийиш. Канализациялык тармактын кудуктарынын люктарынын жоголгон же сынган капкактары ошол кудуктардын ээлери тарабынан калыбына келтирилет.

2.20. Шаардык канализациялык, суу бөлүүчү тармактын кудуктарынын жана текшерүүчү кудуктардын капкактарын ачууга, ошондой эле аларга түшүүгө «Нарын суу-каналдын» жумушчуларынан башкаларга катуу тыюу салынат.

2.21. «Нарын суу-каналдын» уруксатысыз жана аны менен макулдашуусуз  үй ичиндеги жана аянт ичиндеги (квартал ичиндеги) канализациялык тармактарды кайра куруу жана реконструкциялоо жүргүзүүгө тыюу салынат.

3. ТАРАПТАРДЫН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИ

3.1. «Нарын суу-канал» ишканасы менен керектөөчүнүн ортосундагы өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Эрежелерге ылайык түзүлгөн эки тараптуу келишим менен жөнгө салынат. Тараптардын ортосунда суу камсыздоо жана (же) суу алып кетүү келишиминин болуусу милдеттүү.

3.2. Абонент менен «Нарын суу-канал» ишканасынын ортосундагы эксплуатациялык жоопкерчиликтин чек арасы келишимде көрсөтүлөт жана төмөнкүчө аныкталат:

а) Көп батирлүү үйлөр үчүн ведомстволук таандыктыгынан, менчиктин түрү менен формасынан көз карандысыз борбордошкон суу камсыздоо жана канализация тутумунан калган колдонуучулары үчүн, жеке индивидуалдуу үй ээликтерин (үйлөрдү), ишканалар менен уюмдарды кошо – суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактардагы эксплуатациялык жоопкерчилик чек арасы менчиктин (же балансалык таандыктыктын) чек арасы менен дал келет;

б) Тараптар макулдашуу боюнча, «Нарын суу-каналдын» эксплуатациялык жоопкерчилик чек арасын кошумча келишимдин негизинде кеңейте алышат.

3.3. Үй ичиндеги суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактардын, курулуштар менен түзүлүштөрдүн техникалык абалы жана аларды тейлөө үчүн жоопкерчилик төмөнкүчө бөлүнүп жүктөлгөн:

а) «Нарын суу-каналга» – анын эксплуатациялык жоопкерчилик чек арасында жайгашкандарга (3.2.«а»-пунктчасында көрсөтүлгөн үйлөр үчүн);

б) менчик ээсине – 3.2.«а»-пунктунда аталган үйлөр, ишканалар менен уюмдардын имараттары менен курулуштары үчүн.

3.4. Абоненттин менчигинде турган суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарды (жабдууларды, курулуштарды) тиешелүү техникалык абалда кармоо жүгү бардык учурларда абонентке жүктөлөт. Суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактардын (жабдуулардын, курулуштардын) техникалык абалы орнотулган ченемдер менен эрежелерге ылайык келүүгө тийиш.

3.5. Абонент «Нарын суу-каналдын» ээлигинде турган, бирок абоненттин аймагынан орун алган курулуштардын, жабдуулардын жана мүлктүн сакталышын камсыздайт.

3.6. Абонент милдеттүү:

— «Нарын суу-каналга» алынган ичүүчү суу, ыплас агынды сууну агызуу кызматтары үчүн өз убагында, түзүлгөн эки тараптуу келишимдин шарттарына ылайык акы төлөөгө;

— абонентке таандык суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарды тейлөө боюнча факт жүзүндө аткарылган иштер үчүн акы төлөөгө (3.2.«а»-пунктунда көрсөтүлгөн үйлөр 3.2 «б» пунктунун негизинде);

— ичүүчү сууну эсептөө приборун өз эсебинен сатып алууга жана орнотууга;

— суу өткөргүч менен канализация трассаларында курулуштарды тургузууга, материалдарды чогултууга, түтүк өткөргүчтөн 4метрден аз аралыкта –бак-дарак отургузууга, ошондой эле «Нарын суу-каналдын» уруксатысыз жер иштерин жүргүзүүгө жол бербөөгө;

— «Нарын суу-каналдын» ыйгарымдуу өкүлдөрүнө үй ичиндеги (ички) суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактарга, анын ичинде анын эксплуатациялык жоопкерчилик аймагынан сыртта турган, ошондой эле ичүүчү сууну жана канализациялык агындыны эсептөө приборуна жолтоосуз өтүүнү камсыздоого;

— «Нарын суу-каналдын» эксплуатациялык жоопкерчилиги аймагынан сыртта турган санитардык-техникалык аспаптардан суунун агуусун четтетүүгө, ошондой эле суу өткөргүчтүк арматура менен канализациялык жабдууларга зарыл ремонт жүргүзүүгө;

— ичүүчү сууну жана канализациялык агындыны эсептөө аспаптарынын ишиндеги бардык бузулуулар жөнүндө, «Нарын суу-каналга» таандык жана абоненттин имаратында же аймагында орун алган жабдуулардын ишиндеги авариялар менен байкалган бузуктар жөнүндө «Нарын суу-каналга» кечиктирбей билдирүүгө;

— «Нарын суу-канал» орноткон люктардын, өрт өчүрүүчү гидранттардын, көрсөткүч табличкалардын, пломбалардын сакталгандыгына көз салууга;

— көчө тармагынын жана үйлүк киргизүүлөрдүн сууөткөргүчтүк жана канализациялык курулуштарынын залал келүүлөрү менен бузулуулары жөнүндө «Нарын суу-каналга» билдирүүгө;

— өзүнүн эксплуатациялык жоопкерчилик аймагында тыгындардын алдын алуу үчүн үй ичиндеги жана аянт ичиндеги канализациялык тармактарда мезгили менен кароо, профилактикалык жууп тазалоо жүргүзүүнү, аянт ичиндеги тармак тийиштүү кармалбаган учурда «Нарын суу-каналдын» талабы боюнча аны пландан тышкары тазалоо жүргүзүүнү камсыздоого;

— санитардык-техникалык аспаптарды тазалыкта кармоого;

— кыш мезгилинде желдетүүчү түтүктөрдү бубактан тазалоону жүзөгө ашырууга;

— ушул Эрежелерди бузуунун натыйжасында ал залал келтирген суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактар менен курулуштарды оңдоого же толук калыбына келтирүүгө. Оңдооп, калыбына келтирүү «Нарын суу-каналдын» тиешелүү өкүлдөрүнүн техникалык көзөмөлү астында жүргүзүлөт.

3.7. «Нарын суу-канал» ишканасы милдеттүү:

— абонентти сапаттуу аракеттеги стандарттарга (2.1.4.559-96 СЭжЧ «Ичүүчү суу камсыздоонун борбордошкон тутумдарынын суусунун сапатына гигиеналык талаптар») ылайык келүүчү ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого;

— абонентке берилүүчү ичүүчү суунун сапатына тутумдуу текшерүүнү жүзөгө ашырууга, анын булгануу булактарын айкындоого жана башка керектөөчүлөргө берилүүчү ичүүчү суунун булгануу коркунучун туудурган объекттерди суу камсыздоо тутумунан ажыратууга;

— түзүлгөн келишимдин алкагында, суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактардын, анын ичинде ичүүчү суу менен агындыны эсептөө прибобордун тиешелүү техникалык абалын камсыздоого. Суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарды тейлөө иштери боюнча орнотулган ченемдер менен эрежелерге ылайык аткарылат;

— абонентке берилүүчү ичүүчү суунун жана агындыны кабыл алуунун эсебин жүргүзүүгө. Эсеп орнотулган приборлордун көрсөткүчтөрү боюнча, ал эми приборлор жок болгондо – бекитилгентарифтин негизинде жүргүзүлөт;

— сууну эсептөө приборлору жок абоненттердеги суу керектөөчүлөрдүн курамын, санын мезгили менен (жылына бир жолудан кем эмес) текшерүү жүргүзүүгө;

— абоненттерге суу камсыздоону же суу алып кетүүнү чектөөлөр менен байланышкан борбордошкон суу камсыздоо же канализация тутумдарынын ишиндеги бузулуулар, алардын себептери жана суу камсыздоо менен суу алып кетүүнүн ченемдүү режимин калыбына келтирүү мөөнөттөрү жөнүндө кабарлоого;

— абонент суу камсыздоо жана (же) суу алып кетүү келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбаган учурда акт түзүүгө, анда бузулган милдеттенмелерди көрсөтүүгө.

3.8. «Нарын суу-каналдын» жумушчуларынан башкалардын баарына кудуктардын суу өткөргүчтүк жана канализациялык люктарын ачууга, тээктерди, задвижка, вентилдерди жөнгө салууга, ошондой эле сууну эсептөө приборуна чейинки суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактар менен үйгө киргизүүлөрдө кандайдыр бир иштерди кылууга тыюу салынат.

3.9. «Нарын суу-канал» ишканасы коммуналдык менчикте турган суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактардын, суу бөлгүч колонкалардын жана башка курулуштардын абалына жана эксплуатацияланышына тутумдуу көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ичүүчү сууну жоготуулар менен күрөш жүргүзөт, ичүүчү сууну керектөөгө орнотулган лимиттерди көзөмөлдөйт, ыплас сууну агызууга жана булгоочу заттарды агызууга көзөмөл кылат.

 

4. ЭСЕПТӨӨ ПРИБОРЛОРУН ОРНОТУУ ЖАНА ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО

4.1. Суу керектөөчүнүн (абоненттин) суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактарындагы ичүүчү сууну жана канализациялык агындыны эсептөө приборлорунун жайгашкан орду «Нарын суу-канал» менен макулдашылат.

4.2. Суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактардын киргизүүлөрүнө орнотулуучу сууну жана агындыны эсептөө приборлорлору сууну минималдуу жана максималдуу чыгымдоого ылайык келүүгө тийиш. Сууну эсептөө приборлорунун шарттуу өтүү диаметри долбоорлук уюм же «Нарын суу-каналдын» тиешелүү өкүлдөрү тарабынан аныкталат.

4.3. Ар бир суу керектөөчүнүн (абоненттин) киргизүүсүндө ичүүчү сууну эсептөө прибору орнотулат. Имараттар менен курулуштар комплексине ээ болгон ишканалар жана уюмдар, сууну эсептөө приборун суу өткөргүчтүн шаардык тармактарына кошулуу түйүнүнө бул максат үчүн өзүнчө колодецти куруу менен орнотууга тийиш. Эки түйүндөн киргизгенден бар болгондо ар бир киргизүүгө артка кетпөөчү клапаны бар сууну эсептөө прибору коюлат.

4.4. Сууну эсептөө приборун орнотуу үчүн көрсөткүч алуу үчүн жеткиликтүү, жакшы жарыктантылган, аспаптын тоңуп калуусунун алдын алуу үчүн жылууланган, бузулуулар менен булгануулардан, кыртыш сууларынан жана таштандынын түшүүсүнөн корголгон болууга тийиш. Эгер сууну эсептөө прибору имаратта орнотулса, анда ал түтүктүн киргизүүсү тараптагы биринчи дубалдын артында жайгашуусу абзел. Ичүүчү сууну эсептөө приборлору орнотулган бөлмө тазалыкта кармалууга жана, кулпуланып бекитилүүгө тийиш.

4.5. Сууну эсептөө приборлору аракеттеги СЧжЭ менен МАМСТга ылайык орнотулат жана эксплуатацияланат. Сууну эсептөө приборлору Кыргыз Республикасынын стандартизация жана суу өлчөөчү приборлордун станциясынын тиешелүү органы тарабынан текшерилген жана пломбаланган болууга тийиш. Текшерилбеген жана пломбаланбаган сууну эсептөө приборун орнотууга жана эксплуатациялоого тыюу салынат.

4.6. Абоненттин ичүүчү сууну керектөөсү өзгөрүлгөн учурда суу өлчөөчү приборду реконструкциялоо жүргүзүлөт, анын долбоору «Нарын суу-канал» менен макулдашылат.

 

5. ИЧҮҮЧҮ СУУНУ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯЛЫК АГЫНДЫНЫ ЭСЕПТӨӨ

5.1. Абоенттер чыгымдашкан сууну эсептөө сууну эсептөө приборлорунун көрсөткүчү боюнча, ал эми сууну эсептөө приборлору жок болгондо, суу керектөө ченемдери боюнча жүргүзүлөт. Абоненттердин өзүнчө категориясында (курулуш аянтчалары, стационардык эмсе аралашма жана бетондук түйүндөр жана башкалар) чыгымдалган сууну эсептөө, эсептөө приборлору жок болгондо, алып келүүчү суу өткөргүчтүк түтүктүн кесилиши жана анда суунун күнү-түнү 1 м/сек агуу ылдамдыгы боюнча жүргүзүлөт.

5.2. Абонент сууну эсептөө приборлорунун көрсөткүчүн ай сайын «Нарын суу-каналга» берүүгө, андан соң сууну колдонууга жана ыплас сууну агызууга төлөм үчүн эсеп алууга тийиш. Сууну эсептөө приборлоунун көрсөткүчү жок болгон учурда, эсептик мезгил үчүн эсептөө мурунку эки ай ичиндеги сууну фактылык орточо айлык керектөө боюнча, аны кийинки мезгилдин көрсөткүчү боюнча түзөтүү менен жүргүзүлөт.

5.3. Ичүүчү сууну эсептөө приборуна залал келтирилген же анын иштөөсү бузулган учурда, абонент прибордун көрсөткүчүн каттоо жана пломбаларды алуу үчүн «Нарын суу-каналдын» өкүлүн чакырууга милдеттүү. Сууну эсептөө аспабын чыгарууга жана алмаштырууга көрсөтүлгөн иштерди аткарууга уруксаты болгондо «Нарын суу-каналдын» өкүлү, ошондой эле «Нарын суу-каналдын» ишканасынын макулдашуусу менен абонент укуктуу болот.

5.4. Ичүүчү сууну эсептөө приборунун текшерүүчү көрсөткүчтү алууну «Нарын суу-каналдын» көзөмөлдөөсү сөзсүз абоненттин же анын тиешелүү өкүлүнүн катышуусунда жүргүзөт. Мында текшерүүчү сууну эсептөө приборундагы жана айлантма тээктеги пломбалардын сакталгандыгын, сууну эсептөө приборлорунун бириктирүүчү бөлүктөрүнүн оңдугун, алардагы пломбалардын сакталгандыгын текшерүүгө, ошондой эле суунун агуусунун жоктугуна ынанууга милдеттүү. Төмөнкүлөр байкалган учурда:

— жебелердин жулунуусу же бузулуусу;

— айнектин бүтүндүгүнүн бузулушу;

— сууну эсептөө приборундагы же айлантма тээктеги (анын ичинде өрт өчүрүүчү гидранттагы) пломбаларга залал келүүсү же жулунуусу;

— тоңдурулуусу;

— эгер сууну эсептөө аспабынын өлчөөлөр диапазону сууну чыгымдоого туура келбесе, суу өлчөгүч түйүндү реконструкциялоо боюнча көрсөтмөлөр аткарылбаганы;

— «Нарын суу-канал» менен макулдашуусуз суу өткөргүчтүк киргизүүлөрдүн кайра кошулуусу менен ушуга байланышкан иштөө режиминин жана сууну эсептөө аспабына басымы өзгөрүүсү боюнча текшерүүчү акт түзөт, ага абонент кол коёт, ал эми кийинкиси баш тартканда, актыга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлү же курамында үч киши турган комиссия кол коёт. Атайын суу  олчөгүчтү токтотуу же токтотууга жол берилсе чыгымдалган сууну эсептөө алып келүүчү түтүктүн диаметри боюнча жана анда суунун бир ай ичинде 12 сааттык керектөөдө агуу ылдамдыгы (1 м/сек) боюнча жүргүзүлөт.

5.5. Үй ээлигинде жашаган адамдардын саны өзгөргөн учурда (эсептөө аспаптары жок болгондо), суу колдонуу жана канализация үчүн эсептөө абонент көрсөткөн тастыктоочу документтердин негизинде жүргүзүлөт. «Нарын суу-канал» абонентте жашаган ичүүчү суу керектөөчүлөрдүн санына текшерүү жүргүзүүгө укуктуу болот. Турак үйдө керектөөчү 15 толук календарлык күндөн ашуун убактылуу жок болгондо суу колдонуу жана канализация үчүн акынын өлчөмүн кайра эсептөө «Нарын суу-канал» тарабынан керектөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде 5 жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат. Арызга абоненттин жана (же) аны менен чогуу жашаган адамдардын туруктуу жашаган ордунда убактылуу жок болуусунун узактыгын тастыктаган документтер тиркелет. Абоненттин убактылуу жок болуусун тастыктоочу документ төмөнкүлөр боло алат:

а) иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн иш сапар күбөлүгүнүн көчүрмөсү же иш сапар тууралуу маалымкат;

б) стационардык дарылоо мекемесинде дарыланууда болгону жөнүндө маалымкат;

в) мейманканада, жатаканада же убактылуу болгон башка жерде жашагандыгы үчүн эсептер же алардын көчүрмөлөрү;

г) абоненттин убактылуу болгон жери боюнча убактылуу катталуусу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты;

д) кошуналары кол койгон жана (үй комитети, кварталдык комитет, үй башкаруучусу же ишкананын көзөмөлдөөчүсү) күбөлөндүргөн акт.

«Нарын суу-канал» абонент көрсөткөн документтердин көчүрмөлөрүн чыгарууга жана алардын нукуралыгын, аларда камтылган кабарлардын толуктугу менен ишенимдүүлүгүн текшерүүгө, анын ичинде аларды берген органдар менен уюмдарга расмий сурам-каттарды жөнөтүү жолу менен, укуктуу.

Суу колдонуу жана канализация үчүн төлөмдүн өлчөмүн кайра эсептөө абоненттин убактылуу жок болгон күндөрүнүн санына пропорциялуу жүргүзүлөт, ал анын жок болуусунун, туруктуу жашаган жеринен чыгуу күнүн жана бул жерге келүү күнүн кошпой, толук календарлык күндөрүнүн санынан чыгып аныкталат.

5.6. Үйүндө каттоосуз жашаган кишилер бардыгы айкындалган абонент (тиричиликтик керектөөчү), алар үчүн суу колдонуу жана канализация кызматтарына акы төлөйт. Мында колдонулган ичүүчү сууну эсептөө акыркы пландуу текшерүү күнүнөн абонент жашаган адамдардын саны өзгөргөнү тууралуу арыз берген күнгө чейинки мезгил ичинде суу керектөө ченемдери боюнча жүргүзүлөт.

5.7. Абоненттер көчө суу бөлгүч колонкаларынан керектөөчү суунун чыгымдалышын эсептөө, суу керектөөнүн аракеттеги ченемдери боюнча жүргүзүлөт.

5.8. Ичүүчү суу менен бак-дарактарды, өсүмдүктөрдү сугарууга, короолорду, килемдерди ж.б.у.с. нерселерди жуушка катуу тыюу салынат. Өзгөчө учурларда «Нарын суу-канал» бак-дарактарды, өсүмдүктөрдү түнкү убакта сугарууга уруксат берет да, чыгымдалган сууга эсептөө жүргүзөт (суу өлчөгүч жок болгон учурда).

5.9. Ушул Эрежелерди бузуулар байкалганда актылар түзүлөт, аларга  «Нарын суу-каналдын» тиешелүү өкүлү менен абонент кол коёт, ал эми кийинкиси баш тартканда, актыга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлү же курамында үч киши бар комиссия кол коёт.

5.10. Шаарык канализацияга түшүүчү ыплас агындыны эсептөө, шаардык канализацияга чыгаруудагы агынды сууну эсептөө прибору боюнча жүргүзүлөт. Кир агынды сууну эсептөө приборужок болгондо ыплас агындынын саны шаардык же ведомстволук суу өткөргүчтөн келүүчү муздак суунун саны боюнча аныкталат.

 

6. ИЧҮҮЧҮ СУУНУ БЕРҮҮ ЖАНА ЫПЛАС СУУНУ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ЭСЕПТЕШҮҮЛӨР

6.1. Абоненттердин ичүүчү суу, ыплас сууну агызуу жана тазалоо, абонентке таандык суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөө үчүн «Нарын суу-канал» менен эсептешүүлөрү аракеттеги тарифтердин негизинде абонентке берилген ичүүчү суунун жана андан кабыл алынган канализациялык агындынын санына ылайык жүргүзүлөт. Берилген эсептерди төлөө алар берилгенден кийин 10 күн ичинде жүргүзүлөт.

6.2. Нарын шаарынын борбордошкон суу камсыздоо тутумунан ичүүчү сууну колдонуу жана борбордошкон канализация тутумуна ыплас агындыны кабыл алуу үчүн тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

6.3. «Нарын суу-канал» ишканасы ичүүчү сууга, канализацияга ыплас сууну агызууга өз убагында акы төлөөгө көз салууга милдеттүү. Абонент товарларга жана кызматтарга акы төлөөнүн орнотулган мөөнөттөрүн бузган учурда, «Нарын суу-канал» абонентке төлөмдү кечиктирген ар бир күн үчүн карыздын санынын 0,1 пайызы өлчөмүндө туум эсептөөгө, ал эми жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн соң, абонентке ичүүчү суу берүүнү токтотууга укуктуу болот.

6.4. Ичүүчү суу берүүнү кайра баштоо абонент карыздын суммасы менен эсептелген туумду да, ичүүчү суу берүүнү токтотууга жана кайра баштоого сарптоолорду да «Нарын суу-каналдын» сметасы (калькуляциясы) боюнча толук жапкандан кийин жүргүзүлөт.

6.5. Турак-жай же башка имаратты сатып алууда физикалык же юридикалык тарап сатуучунун суу колдонуу жана суу алып кетүү үчүн карызы бардыгын текшерүүгө милдеттүү. Жаңы ээси бир ай ичинде «Нарын суу-каналга» суу камсыздоо жана суу алып кетүү келишимин өз ысымына которуу маселеси боюнча кайрылууга милдеттүү.

6.6. Турак-жай жана башка  имараттарды суу колдонуу жана ыплас сууну агызуу менен байланышкан ишмердүүлүк үчүн пайдаланууда, суу керектөөчүлөрдүн тиешелүү тайпасы үчүн иштөөчү тариф колдонулат.

 

7. ТОКТОТУУ ЖЕ ЧЕКТӨӨ ТАРТИБИ

7.1. «Нарын суу-канал» Нарын шаарынын айрым абоненттери менен райондоруна ичүүчү суу берүүнү убактылуу, эскертүүсүз төмөнкү учурларда токтото алат:

— борбордошкон суу камсыздоо тутумунун соргуч станцияларын электр кубаты менен камсыздоо авариялык токтотулганда;

— өрт болгон жерлерге суу берүүнү көбөйтүү зарылдыгында;

— табигый кырсыктарда;

— суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактар менен курулуштардагы аварияларда.

7.2. «Нарын суу-канал» абонентке ичүүчү суу берүүнү абонентке таандык тышкы же ички суу өткөргүчтүн авариясында же бузулушунда токтотот.

7.3. Суу өткөргүчтүк тармактар менен курулуштарды пландуу оңдоо жүргүзүүгө байланыштуу суунун басымын убактылуу азайтуу жана (же) абоненттерге суу берүүнү убактылуу токтотуу зарыл болгондо, «Нарын суу-канал» бул жөнүндө абоненттерге 3 күн мурда билдирүүгө милдеттүү.

7.4. «Нарын суу-канал» суу камсыздоо жана суу алып кетүү келишимине ылайык алдын ала билдирүүдөн соң, айрым абоненттерге суу берүүнү төмөнкү учурларда убактылуу (же туруктуу) токтото алат:

— суу колдонуу жана суу алып кетүү, ошондой эле суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактарды техникалык тейлөө үчүн кызматтарга төлөмдү кечиктиргенде;

— «Нарын суу-каналдын» тиешелүү өкүлүн суу эсептөө приборун, суу өткөргүчтүк жана канализациялык түзүлүштөрдү кароого тоскоолсуз өткөрүүнү камсыз кылбаганда же чыгымдалган сууну эсептөө үчүн зарыл маалыматтарды берүүдөн баш тартканда;

— шаардык суу өткөргүчтүк жана (же) канализациялык тармактарга өзү билип кошулганда, же суу өткөргүч менен канализацияны, же алардын бөлүктөрүн аныкталган тартипте бекитилбеген долбоор боюнча курбаганда;

— «Нарын суу-каналдын» ушул Эрежелерди бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмөлөрүн аткарбаганда.

 

 

8. СУУӨТКӨРГҮЧТҮК ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯЛЫК ТАРМАКТАРДЫ КОРГОО ЧАРАЛАРЫ

8.1. Абоненттер жана «Нарын суу-каналдын» жумушчулары «Нарын суу-канал» ишканасы берген уруксатсыз жана кызматтык күбөлүксүз борбордошкон жана ички суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарда иштерди жүргүзүшкөн жана тармактык арматуранын кандайдыр бир бөлүктөрүн чыгарып жатышкан адамдардын кызматтык күбөлүктөрүн текшерүүгө жана милиция органдары аркылуу кармоого милдеттүү.

8.2. Суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактарга, курулуштар менен түзүлүштөргө залал келтирүүгө айыптуу бардык физикалык жана юридикалык тараптар, «Нарын суу-каналга» келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик тартышат. Суу камсыздоо жана канализация тутумдарынын курулуштарына залал келтирген физикалык жана юридикалык тараптар, бул жөнүндө «Нарын суу-каналга» токтоосуз билдирүүгө, залалдарды өздүк каражаттарынын эсебинен «Нарын суу-каналдын» техникалык көзөмөлү астында жоюуга жана ушул залал келүүлөргө байланыштуу жаралган зыяндардын ордун толтурууга милдеттүү.

8.3. Курулуш, жол куруу жана башка уюмдардын жетекчилери канализация менен суу өткөргүчтүн кудуктарынын колдо бар люктарын жолдорду курууда жана оңдоодо жол жабууларынын деңгээлине көтөрүү боюнча долбоорлук жана башка чечимдерди колдонуу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

8.4. Суу өткөргүчтүк жана (же) канализациялык тармактын иши бузулганда анын ишинин бузулуусу үчүн ошол бузулууга жол берген уюм же жеке адам жоопкерчилик тартат. Бузулуу фактысы боюнча «Нарын суу-каналдын» өкүлүнүн жана тартип бузуучунун колу коюлган акт түзүлөт. Бузулууга жол берген тараптарга материалдар, Нарын шаарынын тиешелүү органдарына берилет.

8.5. Шаардык суу өткөргүчтү жана канализацияны коргоо чараларын бузууга айыптуу тараптар административдик жоопкерчиликке, ал эми өзгөчө учурларда – кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

 

9. СУУ ӨТКӨРГҮЧТҮК-КАНАЛИЗАЦИЯЛЫК ТАРМАКТЫ КАРМООГО КӨЗӨМӨЛ

9.1. «Нарын суу-канал» ишканасы абонентке таандык суу өткөргүчтүк-канализациялык тармакты эксплуатациялоого көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Ушул Эрежелерди бузуулар байкалган учурда, абоненттин катышуусунда акт түзүлөт да, аларды жоюу жөнүндө мөөнөттөрүн көрсөтүү менен көрсөтмө берилет.

9.2. Өзүнүн үй ээлигинин суу өткөргүчү жана канализациясы боюнча аткаруучулук документациясы жок абоненттер, мындай документацияны «Нарын суу-канал» менен макулдашылган мөөнөттөрдө түзүүгө жана, аны ишкананын ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн талабы боюнча көрсөтүүгө милдеттүү.

9.3. Бардык ишканалар, унаа жуугуч, кафе, ашкана, мал союучу жайлар ж.б. өзүнүн өндүрүштүк ыплас агынды суусун аны локалдык тазалоочу курулуштарда тундурма торлор алдын ала тазалоодон кийин гана шаардык суу алып кетүү тутумуна агызуулары тийиш.

9.4. Локалдуу тазалоочу курулуштары жок болгон учурда ишкана, «Нарын суу-каналдын» талаптарына ылайык, өндүрүштүн ошол тармагы үчүн алгылыктуу тазалоочу курулуштардын долбоорун даярдайт, аны «Нарын суу-канал» менен макулдашат жана курулушту макулдашылган мөөнөттөрдө жүзөгө ашырат. Бардык ишканалар суу колдонууга жана ыплас сууну тазалоого алып кетүүгө келишим түзүүдө «Нарын суу-канал» койгон ыплас сууну агызуу шарттарын аткарууга милдеттүү.

 

10. КӨП БАТИРЛҮҮ ТУРАК ҮЙЛӨРДҮН ИЧКИ ТАРМАКТАРЫН ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ

10.1. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак-жай жана турак-жай эмес бөлмөлөрдүн менчик ээлери батирдин (бөлмөнүн) ичинде же анын чегинен сыртта жайгашкан суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактар менен санитардык-техникалык жабдуулардын сакталгандыгына жана санитардык-техникалык абалына көз салууга милдеттүү.

10.2. Менчик ээси батир ичиндеги бекитүүчү-жөнгө салуучу арматурасы бар суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарды, ошондой эле батирдин (бөлмөнүн) сантехникалык жабдуусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-апрелиндеги №191 «Кыргыз Республикасында турак үйлөрдү жана үй жанындагы жер тилкелерин колдонуу менен кармоонун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында турак үйлөрдү жана үй жанындагы жер тилкелерин колдонуу менен кармоонун типтүү эрежелерине ылайык оң абалда кармоого милдеттүү.

10.3. Көп батирлүү үйдүн турак-жай жана турак-жай эмес бөлмөлөрүнүн ичинде жайгашкан санитардык-техникалык жабдууларды же түтүк өткөргүчтү оңдоо же алмаштыруу анын менчик ээсинин эсебинен жүргүзүлөт.

10.4. Көп батирлүү турак үйдүн бөлмөлөрүнүн ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган үй ичиндеги суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөө кошумча келишимге ылайык жүргүзүлүүсү мүмкүн (пункт 3.2 «б»). «Нарын суу-канал» ишканасы келишимде көрсөтүлгөн өзүнүн эксплуатациялык жоопкерчилик аймагындагы үй ичиндеги суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактарды профилактикалык кароону, күнүмдүк жана авариялык тейлөөнү аныкталган ченемдер менен эрежелерге ылайык жүргүзөт. Мында аткарылган иштерге акы төлөө кошумча келишимде аныкталган суммага ылайык жүргүзүлөт.

10.5. Турак-жайдын (бөлмөнүн) менчик ээси же анын жалдоочусу көп батирлүү турак үйдүн бөлмөлөрүнүн ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган батир ичинде орун алган залал келтирилген суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарды кароого же оңдоого жеткиликтүү болууга тийиш.

10.6. Турак-жайдын (бөлмөнүн) менчик ээсине же анын жалдоочуларына үй ичиндеги жана батир ичиндеги суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарды бүтөөгө, тосууга жана каптатууга тыюу салынат. Үй ичиндеги суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактарга жетүүгө жолтоо болгон, жана оңдоо иштерин жүргүзүүдөн соң залал келген санитардык-техникалык аспаптарды, дубалдын, имараттын конструкциясынын башка элементтерин калыбына келтирүү бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин эсебинен жүргүзүлөт.

10.7. Үй ичиндеги суу өткөргүчтүк-канализациялык тармактардын эскилиги жетүүсүнөн улам аларды эксплуатациялоого жана техникалык тейлөө жүргүзүүгө мүмкүн болбой калган учурда «Нарын суу-канал» бөлмөлөрдүн менчик ээлерине эскирген коммуникацияларды толук алмаштыруу жөнүндө көрсөтмө берет. Коммуникацияларды алмаштыруу алардын ээлеринин эсебинен жүргүзүлөт.

 

11. УШУЛ ЭРЕЖЕЛЕРДИ БУЗУУ ҮЧҮН ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

11.1. Иштерди жүргүзүүчү (суу керектөө объектилерин куруунун буюртмачысы) шаардык суу камсыздоо тутумунун бир бөлүгүн ажыратууну өзү билип жасаган учурда, «Нарын суу-каналга» келтирилген зыяндар суу керектөөчүлөргө жеткирилбеген ичүүчү суунун эсептик саны боюнча эсептелет. Жеткирилбеген ичүүчү суу үчүн эсептөөлөр бүткүл өзү билип ажыраткан мезгил үчүн ажыратылган түтүк өткөргүчтүн кесилиши жана анда суунун агуу ылдамдыгы (1 м/сек) боюнча жүргүзүлөт.

11.2. Шаардык суу өткөргүч жана канализация тармактарына өзү билип кошулуу же аны өзү билип колдонуу байкалганда юридикалык же физикалык тарап айыптуу тараптын эсебинен көрсөтүлгөн тармактардан ажыратылууга жатат. Бул учурда укук бузуучуга суу өткөргүчтү жана канализацияны колдонуу үчүн кошулган киргизүүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүнөн чыгып, фактылык кошулуу (колдонуу) күнүнөн же кошулуу (колдонуу) байкалган күндөн ажыратуу күнүнө чейин күнүнө 24 саат бою анда суунун 1 м/сек агуу ылдамдыгында акы төлөө эсептелет. Эгер кошулуу (колдонуу) башталган күндү аныктоо мүмкүн болбосо, анда суу өткөргүчтү жана канализацияны колдонуу мезгили бир ай узактыкта кабыл алынат.

11.3. Өндүрүштүк ыплас агынды сууну канализация тутумуна кабыл алуунун жергиликтүү ченемдик документтеринде көрсөтүлгөн зыяндуу заттардын ЧЖТсунан ашуу менен өндүрүштүк ыплас сууну жапырт агызуу байкалганда, «Нарын суу-канал» физикалык жана юридикалык тараптарга канализация тутумдарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө аныкталган тартипте доо коюуга укуктуу болот. Айыптууларды жоопко тартуу үчүн эки учурда тең зарыл материалдар тиешелүү органдарга берилет.

11.4. Жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн соң «Нарын суу-канал» абонентти келтирилген материалдык зыянды анын эсебине жазуу менен төмөнкү учурларда шаардык суу камсыздоо жана суу алып кетүү тармактарынан ажырата алат:

— канализациялык тармакка түтүктөрдү талкалоочу же мунай өнүмдөрүн камтыган, оңой тутануучу, жумушчулардын өмүрү үчүн коркунучтуу, ошондой эле сууну тазалоо процессине зыяндуу таасир көрсөтүүчү жана башка заттарды агызуу байкалганда;

— канализациялык тармактарда атайын жабдууну куруу жөнүндө талаптар аткарылбаганда;-

— башка абоненттердин суу өткөргүчтүк-канализациялык тармагына ичүүчү суу керектөөчүлөрдүн саламаттыгына коркунуч жараткан булгануулардын түшүүсү байкалганда.

11.5. Абоненттин ички суу өткөргүчтүк-канализациялык тармагында орнотулган аспаптардын, түтүк өткөргүчтөрдүн жана тээктердин иштөөсүнүн бузуктугунда, ошондой эле текшергичтердин (пломбалардын) бузуктугунда, мүлктүн (турак-жай жана турак-жай эмес бөлмөлөрдүн, жертөлөөлөрдүн жана башка объекттердин) сууга капталуусу жараткан материалдык зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликти айыптуу тарап тартат.

11.6. «Нарын суу-канал» ишканасы, эгерде ал зарыл болгондо көз карандысыз эксперттерди тартып же соттук иретте мындай бузулуу андан көз карандысыз себептер боюнча жүргөнүн далилдей алса, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын бузулушу үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

 

 

 

 

Нарын суу-канал ишканасынын жетекчиси                                                                                   Н.К. Максуталиев

Обсуждение закрыто.