НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                               

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXVIII  СЕССИЯСЫНЫН

     №  1 ТОКТОМУ

 

19-январь 2016-жыл                                                                                                                       Нарын шаары

 

Нарын шаардык аймактык шайлоо      комиссиясынын жаңы курамынын тизмесин бекитүү жөнүндө

 

         Нарын шаардык аймактык шайлоо   комиссиясынын курамынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз  Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын №01-1/10-17 жана БШКнын Нарын облустук координаторунун сунуш каттарына      ылайык Нарын шаардык аймактык шайлоо   комиссиясынын  курамына талапкерлерди кабыл алууда, Нарын шаардык Кеңешине  шайлоочулардан жана эмгек жамааттардан келип түшкөн сунуш каттарды карап чыгып, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                             ТОКТОМ              КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык аймактык шайлоо   комиссиясынын жаңы курамына жана резервине  эмгек жамааттардан  жана шайлоочулардын чогулуштарынын атынан келип  түшкөн пртотоколдордун негизинде 30 адамдан турган талапкерлердин тизмеси бекитилсин. (тизмеси тиркелет)
  2. Нарын шаардык аймактык шайлоо  комиссиясынын жаңы курамына жана резервине бекитилген талапкерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына сунушталсын.

3 .    Нарын шаардык аймактык шайлоо   комиссиясынын  курамына бекитилген  талапкерлердин  жалпы                              тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын шаары боюнча өкүлчүлүгүнө жиберилсин.

 

 

 Төрага                                                                                         Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын шаары боюнча өкүлчүлүгүнө

 

Добавить комментарий