НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XX VIII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                       НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                 

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XX VIII СЕССИЯСЫНЫН

      №  2 ТОКТОМУ

 

19-январь 2016-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Кыргыз Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитүү    жөнүндө

Нарын  шаардык мэриясы №4 Э.Ибраев  атындагы орто мектептин, №2 “Чебурашка”, №16 “Ыйман” бала-бакчаларынын, “Мазар-Булак” паркынынын айланасын темир решетка менен тосуу №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектептин ички ремонту  Кыргыз Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталгандыгын жана  долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитип берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине 30.12.2015-жылы сунуш кат менен кайрылган. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясына кароосуна сунушталып, туруктуу комиссия жогорудагы долбоорлорго  берилүүчү өздүк салымдын эсебин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында шаардык Кеңештин жалпы депутаттарынын талкуусуна сунуш кылышкан.

Кыргыз Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитүү    жөнүндөгү Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин  билдирүүсүн  угуп, шаардык Кеңештин депутаттарынын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык мэриясы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектептин, №2 “Чебурашка”, №16 “Ыйман” бала-бакчаларынын, “Мазар-Булак” паркынынын айланасын темир решетка менен тосуу жана №1 Т.Сатылганов  орто мектебинин ички ремонту Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталсын жана  долбоорлорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттин экономикалык чыгымдар беренесинен өздүк салым катары берүүлүүчү  1 215 147 сом тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Бюджет, финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

  Төрага                                                                                     Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык финансы бөлүмүнө                                             

Добавить комментарий