НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XX I I I СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
19-январь 2016-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин балансасындагы ГАЗ 31029 үлгүсүндөгү автоунаасын чыгыштоо жана кызматтык пайдалануу үчүн автоунаа сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаардык жашылдандыруу мекемеси 2015- жылдын декабрь айында Нарын шаардык Кеңешине 1991-жылы өндүрүштөн чыккан балансалык баасы 14580 (он төрт миң беш жүз сексен) автоунаасы жараксыз болуп, жүрбөй тургандыгын эскилиги жеткен автоунааны кайра ондоп жүргүзүү көп акча каражатын талап кылып жаткандыгына байланыштуу ГАЗ-31029 үлгүсүндөгү “Волга” автоунаасын чыгыштап берүү боюнча кайрылышкан. байланыштуу ГАЗ-31029 үлгүсүндөгү “Волга” автоунаасынын техникалык паспорту жана техникалык талону да жок. Нарын шаардык мэриясына Нарын облустук администрациясы тарабынан берилип, шаардык мэрия автоунааны убактылуу техникалык талон менен айдашкан.
Мындан сырткары жашылдандыруу мекемеси кызматтык пайдалануусуна кайрадан автоунаа сатып алуу муктаждыгы болуп жаткандыгына байланыштуу, автоунаа сатып алууга макулдук берүү боюнча кайрылышкан. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссисясынын кароосуна коюулуп, туруктуу комиссия Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин балансасындагы ГАЗ-31029 үлгүсүндөгү “Волга” автоунаасын чыгыштап берүү жана кызматтык пайдалануусуна кайрадан автоунаа сатып алууга макулдук берүү боюнча бул маселени сессиянын күн тартибине жалпы депутаттардын кароосуна сунушташкан.
Жогорудагылардын негизинде, сессияга катышкан депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31 беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык , Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин 1991-жылы өндүрүштөн чыккан, балансалык баасы 14580 (он төрт миң беш жүз сексен) автоунаасы жараксыз болуп, жана эскилиги жетип автоунааны кайра ондоп жүргүзүү көп акча каражатын талап кылып жаткандыгына байланыштуу ГАЗ-31029 үлгүсүндөгү “Волга” автоунаасы чыгышталсын жана жашылдандыруу мекемесининин кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга макулдук берилсин.
- Жашылдандыруу мекемесининин кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен Мыйзам талаптарына ылайык чечип берүү Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу шаардык Кеңештин алдындагы Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Э.Турсуналиев
_________________________________ _________________________________
Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык финансы болүмүнө