НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫНЫН № 5/1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                          НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                     

                   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXIX  СЕССИЯСЫНЫН

№  5/1   ТОКТОМУ

11-февраль  2016-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

 Нарын  шаардык мэриясынын  балансасындагы  кызматтык автоунааларды чарба жүргүзүү укугу менен башка мекемелерге берүү жана менчиктештирүүнүн тартибин аныктап берүү жөнүндө

Нарын  шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык мэриясынын балансасында турган 2007-жылы  мамлекеттик номери  0006 NA   ВОЛГА ГАЗ -31105-801  жана  1992-жылы өндүрүштөн чыккан 0008 NB АУДИ С4 автоунаалары  учурда эскиликтери жетип, техникалык абалдары начар абалга жетип калгандыктарына байланыштуу учурдук жана капиталдык оңдоолорду, запастык бөлүктөрдү бат-бат алмаштырууну талап кылып жаткандыгына, ошондой эле бул  автомашиналар менен иш сапарга барууга мүмкүн болбой, улам бузулуулар болуп  жаткандыктан жогорудагыларды атоунааларды шаар ичин тейлеген мекемелерге Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине ылайык чарба жүргүзүү укугу менен пайдаланууга берүүнү сунушташкан.                                         Мындан сырткары Нарын шаардык мэриясы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын  атайын 2009-жылдагы №298-б буйругунун негизинде өткөрүлүп берилген 1993-жылы өндүрүштөн чыккан  “Мерседес- Бенс” 190 Д” үлгүсүндөгү авоунаасы көп убактыттан бери бузук болуп, жүрбөй тургандыгын жана  Нарын шаардык мэриясынын балансасында туруп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан облустук маанидеги шаарларга коюлган автомашиналардын саны боюнча чектен ашык болгондуктан , жогорудагы автоунааны Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык менчиктештирүүнүн тартибин аныктап берүүнү сурашкан.Нарын шаардык мэриясынын сунуш каттары Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна жиберилип, туруктуу комиссия жогорудагы маселелерди сессиянын кун тартибине жалпы депутаттардын талкуусуна  сунуштаган. Жогорудагы маселе боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык мэриясынын балансасында турган 2007-жылы  мамлекеттик номери  0006 NA   ВОЛГА ГАЗ -31105-801  жана  1992-жылы өндүрүштөн чыккан 0008 NB АУДИ С4 автоунаалары  учурда эскиликтери жетип, техникалык абалдары начар абалга жетип калгандыктарына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын  16-беренесине ылайык чарба жүргүзүү укугу менен шаардык мекемелерге берүүгө макулдук  берилсин.
  2. 1993-жылы өндүрүштөн чыккан  “Мерседес- Бенс” 190 Д” үлгүсүндөгү авоунаасы көп убактыттан бери бузук болуп, жарабай тургандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын  19-беренесине ылайык   сатууга макулдук берилсин.
  3. Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы автоунааларды чарба жүргүзүү укугу менен шаардык мекемелерге берүүгө жана сатууга байланышкан баардык иштерди Мыйзам талаптарына ылайык  жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

  Т=рага                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга

Добавить комментарий