НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ              КЕЗЕКТЕГИ     X СЕССИЯСЫНЫН

№ 9 ТОКТОМУ       

18-декабрь 2014-жыл                                                                                                              Нарын шаары

Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин    депутаты Самаков Карганбек  Сыдыковичке  Кыргыз Республикасынын жогорку сыйлыгына сунуштоо боюнча Жогорку Кеңешке Кайрылуу             жолдоо жөнүндө

             Азербайжандын баш калаасы Бакуда ЮНЕСКО  уюумунун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин VIII отурумунда  Кыргыз элинин Манас эпосу бүт ааламга таанылып, ЮНЕСКО уюмунун маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Нарын шаардык Кеңешинин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты А.Апсалиева Үчилтиктен турган “Манас” эпосун ЮНЕСКО уюмунун маданий мурастар тизмесине киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самаков Карганбек   Сыдыковичтин зор эмгегин баалоо менен Кыргыз Республикасынын жогорку сыйлыгына сунуштоого Жогорку Кеңешке Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан Кайрылуу жолдоо сунушун айтты.

Нарын шаардык Кеңешинин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты А.Апсалиеванын сунушун  угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Кыргыз элинин  салт-санаасын жана акыл билимин өзүнө камтыган “Манас” эпосун бүт ааламга таанытып,  ЮНЕСКО уюмунун маданий мурастар тизмесине киргизгенге  зор салымын кошкондугу үчүн  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самаков Карганбек Сыдыковичке Кыргыз Республикасынын Жогорку даражадагы сыйлыгынын бирине  көрсөтүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин  депутаттарынын атынан  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Ш.Жээнбековго Кайрылуу жолдонсун.

2.      Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 Төрага                                                                               Э.Турсуналиев 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга

Обсуждение закрыто.