НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ    КЕЗЕКТЕГИ     IX       

  № 9 ТОКТОМУ             

29-октябрь 2013-жыл                                                                                                                  Нарын шаары

Нарын шаардык прокуратурасынын Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXV  чакырылыштагы  XVI сессиясынын 18-февраль 2011-жылдагы  №11 токтомуна каршылык билдирүүсү жөнүндө

 

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы жер комиссиясы Нарын шаарынын тургундарына муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин Кеңешинин XXV  чакырылыштагы  18-февраль 2011-жылдагы  XVI сессиясынын №11 токтомунун №1,№2 тиркемелеринин негизинде берип келген. Жогорудагы токтомдун №1 жана №2 тиркемелерине ылайык, коммерциялык багыттагы жана комерциялык багыттагы эмес жер аянттарын аукцион жана түз сатууда 1 чарчы метр жер аянтынын баалары, Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин берген сунушунун негизинде бекитилген.                                                                                                                                            Нарын шаардык прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 29беренесинин 1-пункутунун талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы ушул статьянын 5-пукктунда жана ушул Кодекстин 32-статьясында каралгандан башка учурларда, жер участогун менчикке же пайдаланууга соодалашууда сатуу аркылуу берилет жана соодага коюлган жер участогунун баштапкы старттык баасы жердин рыноктук наркы менен белгиленет жана көз каранды эмес баалоо жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган менен көз карандысыз баалоочунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде ишке ашырылат деп  көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, шаардык Кеңеш жердин баасын аныктоого укуксуз жана жер участоктун баасы көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталаарын жана депутаттардын  Нарын шаардык Кенешинин XXV  чакырылыштагы XVI сессиясынын 18.02.2011-жылдагы №11 токтому жогорудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирилүүгө жата тургандыгы белгиленген.

Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөгү” мыйзамынын 21-статьясын жетекчиликке алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаардык прокуратурасынын  Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын 23-сентябрь 2011-жылдагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобосуна ылайык каршылык билдирүүсүнүн   негизинде  Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXV  чакырылыштагы  18-февраль 2011-жылдагы  XVI сессиясынын №11 токтомунун №1 жана №2 тиркемесинде көрсотүлгөн 1 чарчы метр жер аянтынын белгиленген баалары күчүн жоготту деп табылсын (тиркемелер тиркелет).

2.      Мындан ары  жер тилкелерин түз сатуу депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 11-апрель 2012-жылдагы  XXV  чакырылыштагы    XXI I I сессиясынын №4 токтому менен бекитилген Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобосунун 6-бөлүмүнүн  37-пункутуна ылайык жүргүзүлсүн.

3.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө  Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясына жана Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине (М.Мамбетакунов) тапшырылсын.

   Төрага                                                                              Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн : иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык прокуратурага, курулуш куруу жана жер комиссиясына, ММДга

Обсуждение закрыто.