НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                                                                                                                                                                                                                               КЕЗЕКТЕГИ     IX СЕССИЯСЫНЫН

№ 8 ТОКТОМУ         

    29-октябрь 2013-жыл                                                                                            Нарын шаары

Нарын шаарындагы жаңы курулуучу ыплас сууларды тазалоочу жайдын курулушун кура турган жерин аныктоо жөнүндө

                Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиев жана Нарын суу ишканасынын жетекчиси Г.Бактыбаева Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына шаардын ыплас сууларды тазалоочу жайдын курулушун куруу боюнча кыскача маалыматтарын беришти.

Нарын шаарындагы жаңы курулуучу ыплас сууларды тазалоочу жайдын суткалык кабыл алуусу 10 мин м3 сыйымдуулуктагы жана 3,5 километр узундуктагы коллектору менен бирге алганда жалпы 380 млн сомдук сметалык нарктагы курулушу 2014-жылга долборлонуп жатат. Бул тазалоочу жай заманбап технологияларга туура келген жабык түрүндөгү ыплас сууларды толук тазалоодон өткөрүүчү курулуш болуп эсептелинет жана 2025-жылга карата шаарыбыздын калкы 42 миңден 60 миңге чейин өсүүсү күтүлүүдө.

Бул жаңы курула турган тазалоочу жай боюнча 2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылып келишкен. Ошол кездеги окмөттүн №655-30.11.2006-жылкы тапшырмасы менен долбоордук сметалык документтери (ПСД) 2007-жылдын III-кварталында даярдоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агентигинин турак жай жарандык курулуш департаментине тапшырылган. Учурда ушул проектилер эски тазалоочу жайдын территориясындагы бош жерге жаңы курулуш үчүн долбоор түзүлүүдө. Шаарыбыздын территориясынан ылайыктуу жана бош жерлер жок болгондуктан, жогорудагыдай долбоор иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу ушул эски ордуна курууга макулдук беришибиз керек.

Курулуш шаардагы калктуу аймакта жайгашуусу жабык түрүндө болгондуктан, САНПиНдин нормаларына туура келээри, шаардык санэпидемстанция жана экотехинспекция мекемелери менен макулдашылып, АПУсу долбоорчуларга жиберилген.

Азыркы иштеп жаткан ыплас сууларды тазалоочу жайдын сантиардык абалы талапка жооп бербейт. Себеби: курулуш 1964-1970 жылдарга туш келип, көп кемчиликтер менен биологиялык тазалоочу жайысыз 1950 жылдардагы долбоор менен курулуп, учурда физикалык жана моралдык жактан эскилиги жеткендиктен, кайра ремонттоого жатпайт.

Жогорудагы жагдайларды эске алып шаардык Кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Нарын шаарынын территориясында башка ылайыктуу бош жер болбогондуктан жана жогорудагы жаңы долбоорлук проектинин долбоору ишке киргизилип жаткандыгына байланыштуу, биологиялык жабык түрүндөгү ыплас сууларды толук тазалоодон өткөрүүчү заманбап тазалоочу  жайдын курулушу мурунку эски ордундагы бош жерге курулсун.
  2. Ыплас сууларды тазалоочу жайдын жаңы курулушунун проектисин бүткөрүү жана 380,0 млн. сомдук сметанын наркын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетине киргиздирүү Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), Нарын шаарынын суу-канал ишканасына (Г.Бактыбаева) милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                Э.Турсуналиев 

 

 

  Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, суу-канал ишканасына, КРнын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агентигине.

Обсуждение закрыто.