НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

 НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ    КЕЗЕКТЕГИ     IX СЕССИЯСЫНЫН                                                                                № 7 ТОКТОМУ                                                                                                                    

29-октябрь 2013-жыл                                                                                                                  Нарын шаары

Нарын шаарынын аймагына жер салыгынын айрым түрлөрүн жана айрым топтогу мүлк обьектилерине салыктын түрлөрүн , К-З зоналдык коэффицентинин маанисин бекитип берүү жөнүндө

Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339 беренесинин 4 пунктуна ылайык, мүлк салыгын жана жер салыгын эсептөө максатында, 2014-жыл үчүн К-3 зоналык коэффициентини маанисинин өлчөмүн бекитип берүү боюнча кайрылышкан.

Мыйзамда Нарын шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерден жана кароо алдындагы жерлерден жер салыгын алуу көрсөтүлгөн. Алсак, 1-топтогу мүлк обьектилеринен, тактап айтканда ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөрдөн, квартиралардан дача үйлөрүнөн, ал эми 2-топтогу мүлктөргө турак үйлөр, квартиралар, пансионаттар, эс алуучу үйлөр, санаториялар, курорттор, өндүрүштүк, административдик, өнөр жайлык жана ишкерлик ишти жүргүзүү үчүнарналган же пайдаланылган башка капиталдык курулуштардан алынмакчы, ошондой эле 3-топтогу мүлктөргө ишкерлик ишти жүргүзүүгө арналган же убактылуу колдонулган темирден жана башка жеңил конструкциялардан жазалган  киоскалардан, контейнерлерден алынууга тийиш. Салык алынуунун жолдору Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 324-беренесинде толук көрсөтүлгөн. Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.2014-жылдын 1-январынан баштап Нарын шаарынын аймагында төмөндөгүдөй салыктын түрлөрү киргизилсин.

·         Айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытында эмес жерлерден жана кароо алдындагы  (приусадебные) жерлерден жер салыгы;

·         1-2-3-топтогу мүлк обьектилеринен.

2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339 беренесинен 4-пунктуна ылайык мүлк салыгын жана жер салыгын эсептөө боюнча К-3 зоналдык коэффицентинин мааниси Нарын шаары боюнча бирдиктүү 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3.Көрсөтүлгөн обьектилерден салык расчетторун эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

4. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестирине киргүзүү үчүн Нарын облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу мамлекеттик салык кызматынын  Нарын шаары боюнча салык башкармалыгына  (К.Насирдинов )милдеттендирилсин.

 

            Төрага                                                                                                       Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык салык башкармалыгына

Обсуждение закрыто.