НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
24-август 2015-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык мэриясынын чарба башчысы О.Абдылдаевге Ш.Мамбетов №7 дарегинде жайгашкан муниципалдык гаражды менчикке берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясынын чарба башчысы О.Абдылдаев Нарын шаарынын Ш.Мамбетов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык гаражды жеке менчике берүүгө Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине арыз менен кайрылган.
Нарын шаардык мэриясы жана шаардык муниципалдык менчик департаменти О.Абдылдаевдин арызынын негизинде Нарын шаарынын Ш.Мамбетов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык гаражды жеке менчике берүү Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-13-беренелерине ылайык шаардык Кеңештин чечими менен ишке ашаарын белгилөө менен Нарын шаардык Кеңешине кайрылган.
Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюулуп, О.Абдылдаевдин Нарын шаардык мэриясындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектерине токтолуп, комиссия өз отурумунун протоколунда маселени сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.
Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-13-беренелерине ылайык Нарын шаардык мэриясынын чарба башчысы О.Абдылдаевге Нарын шаарынын Ш.Мамбетов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык гаражды сессияга катышкан депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сатып алуу жолу жеке менчике берүүгө макулдук берилсин.
- Нарын шаарынын Ш.Мамбетов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык гаражды көз карандысыз баалоочунун кортундусунун негизинде сатып алуу жолу менен жеке менчике берүүнү Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев), шаардык муниципалдык менчик департаментине (М.Мамбетакунов) тапшырылсын.
3.Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев), Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине (М.Мамбетакунов) милдеттендирилсин.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММДга