НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                    НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                      

                                XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXVI  СЕССИЯСЫНЫН

                                                                                №  3 ТОКТОМУ

28-октябрь  2015-жыл                                                                                                                  Нарын шаары

Нарын шаардык   жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө

Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн  негизги ишмердүүлүгү чарба жүргүзүү жайларынын, жеке турак жайлардын, өрт коопсуздугун алдын алууда, адамдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоого багытталат.                                       Нарын шаарында жана районунда 2015-жылдын 9 ай ичинде 38 өрт кырсыгы катталып өрттөн келтирилген социалдык-экономикалык чыгым  2 001 312 сомду түзсө, 2014-жылы ичинде жалпы 61 өрт кырсыгы кааталып 1 223 346 сомду түзүп, мунун ичининен  2014-жылдын 9 айында 47 өрт кырсыгы катталып социалдык чыгым 797 377 сом болгон. 2015-жылдын 9 айында катталган 38 өрттүн 28 учуру Нарын шаарынын аймагында катталган.                                                                   Кыргыз Өкмөтүнүн 19-декабрь 1994-жылдагы “Ыктыярдуу өрткө каршы кошуундар жөнүндө” №858 токтомуна ылайык коомчулукту өрткө каршы профилактикалык иштерге тартуу боюнча Нарын  шаарынын жана райондук обьектилеринде курамында 327 адамды түзгөн  41 ыктыярдуу өрткө каршы кошуундар уюштурулса, жалпы орто мектептерде 20 жаш өспүрүмдөрдүн командалары тузүлүп алардын курамына 204 мектеп окуучусу тартылган.                    2015-жылдын  9 ай ичинде калкка өрттү алдын алуу максатында массалык маалымат каражаттарына 9 макалалар жана кабарлар жарык көрсө, 2015-жылдын 9 ай ичинде “Алмаз” радиосуна 21 радиоберүүлөр, Нарын облустук телерадио компаниясында 12 жолу теле берүүлөр уюштурулган.Мындан сырткары 54 мекеме ишканада жана орто окуу жайларында 2371 адамга өрт коопсуздугу темасындагы лекция уюуштурулуп, өрт коопсуздук эрежелери боюнча 249 обьектиде 4261 адамга инструктаж өткөрүлгөн.                                                                                                     Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүндө нөөмөт учурунда 9 ай ичинде 86 жолу чыгуулар катталган. Мунун ичинен 38и өрт кырсыгы боюнча болгон.  Мунун 34 жолкусу өрттө автоцистирнадан өрткө суу берүү биринчи түтүгү колдонулган. 4 жолу өрт кырсыгы, өрт өчүрүүчү бөлүм келгенге чейин элдин күчү, ыктыярдуу өрткө каршы топтор менен өчүрүлгөн.                                                                                             2015-жылдын 1-октябрына карата Нарын шаардык жана райондук ИИБмү тарабынан 3 өрт кырсыгы боюнча кылмыш иштерин козгоодон баш тартылып 1 өрт кырсыгы боюнча иш козголгон.         Нарын шаарында жана Нарын районунда 2015-жылдын 9 ай ичинде авариялык куткаруу кырсыктарына 23 ар кандай чыгуулар катталган, алардын ичинен жол  кырсыктарына 4 жолу, суу каптоосуна 3 жолу, турак үйлөрдүн суу каптоосуна 1жолу, суудан жансыз адамдардын денесин алып чыгууда 2 жолу, адамдарды издөөгө алууда 5 жолу, башка чыгуулар 9 жолу.                       Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн эсебинде 12 өрт көлмөсү, 98 өрт гидранттары бар.2015-жылы бөлүм тарабынан текшерүү жүргүзгөндө 56 өрт гидранты жана 11 өрт көлмөсү иштебегени аныкталган.Азыркы убакта 42 өрт гидранты жана 1 өрт көлмөсү иштеп турат. Бөлүмдүн балансасында 9 автоунаасы катталган.Өрт өчүрүүчү жана куткаруу автотехникалары күнүмдүк техникалык тейлөөлөрдөн жана өрт учурунда же болбосо куткаруу иштерин жүргүзүүдө өрттүк жана куткаруу, машыгуу, бөлүккө кайтып келүүсүндө өз убагында техникалык тейлөөдөн өтүп турат.

2015-жылы Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен авариялык куткаруу жана өрт өчүрүүчү техникаларды кармоо үчүн бөлүнүп берилген каражаттын 160 000 миң сом акча каражатынын 101 500 сому автомобилдик тетиктерге колдонулуп, ал эми куткаруучу суу кайыгын сатып алууга 58500 миң сом акча каражаты бериле элек.                                                     Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык шаардык Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы  Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн  ишмердүүлүгү, өздүк курамы жана аткарып жаткан иштерин, 2015-жылдын 13-октябрында бөлүмдүн өздүк курамынын күчү менен бүткөрүлгөн Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн  жаңы имаратын  жеринде көрүп бөлүм тарабынан аткарылып жаткан иштер алгылыктуу деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгына күбө болушту. Нарын шаардык мэриясы жана шаардык финансы бөлүмү тарабынан шаардык Кеңештин мурунку сессияларында  куткаруучу суу кайыгын сатып алууга көңүл бөлүү жагы тапшырылса да аткарылбай, акча каражаты жергиликтүү бюджетте каралып турса дагы бүгүнкү күнгө чейин каржыланбай жаткандыгын туруктуу комиссиянын депутаттары тарабынан  белгилешти.                                                                                                     Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык шаардык Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан  Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн  ишмердүүлүгү, өздүк курамы жана аткарып жаткан иштерин жеринде каралгандыгынын негизинде,   сессияда бөлүмдүн башчысы подполковник Т.Асымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери боюнча бөлүмдүн башчысы подполковник Т.Асымкуловдин билдирүүсү эске алынсын.
  2. Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн жаңы имаратынын   бүткөрүүдө курулуш иштерин толук аяктоого активдүү иш аракеттерди көргөзгөндүгү үчүн   бөлүмдүн өздүк курамынын аткарган иштери өзгөчө белгиленсин.
  3. Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү тарабынан  чарба жүргүзүү жайларын, жеке турак жайларды  өрт коопсуздугун алдын алууда, адамдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоодо алгылыктуу иш аракеттерди көрүү жагы бөлүмдүн башчысы Т.Асымкуловго тапшырылсын.
  4. Нарын шаардык Кеңешинин мурунку сессияларында шаардык Кеңештин токтому менен Нарын дарыясында кырсыкка учураган адамдарды куткарууда жана жансыз денелерди суудан алып чыгууда куткаруучу суу кайыгы  менен камсыз кылуу жагы тапшырылса да, токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясы жана шаардык финансы бөлүмү тарабынан колго алынбай жаткандыгы белгиленсин.
  5. Нарын дарыясында кырсыкка учураган адамдарды куткарууда жана жансыз денелерди суудан алып чыгууда куткаруучу суу кайыгы Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнө эң керектүү каражат экендигин эске алуу менен 2015-жылдын аягына чейин куткаруучу суу кайыгына акча каражатын чечип берүү Нарын шаарынын мэри Р.Адиевге жана шаардык финансы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Үрүстөмовго тапшырылсын.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  Төрага                                                                            Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  шаардык мэрияга,  Нарын шаардык жана Нарын райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүндө

Добавить комментарий