НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                  НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

                                         XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXVI  СЕССИЯСЫНЫН

                                                                               №  5 ТОКТОМУ

28-октябрь  2015-жыл                                                                                              Нарын шаары

Нарын шаарындагы китепканалардын учурдагы абалы жана аткарып жаткан иштери жөнүндө

Нарын шаарындагы Ж.Конурбаева атындагы борборлоштурулган китепкана жана анын филиалдары  шаардагы китеп пайдалануучулардын китеп окуусун жетекчиликке алып, калктын маалыматка болгон суроо талаптарын канааттандырып, тейлөө иштерин  бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык  уюштуруу менен китепканалык иштерди жакшыртуу максатында жыл ичинде белгиленген пландын негизинде иш алып барышат.                                                          Шаардык китепканада жалпы 16,5 штаттык бирдик бар. Китепканачылардын саны 12, алардын 9у жогорку билимдүү, ал эми 3өө атайын орто билимдүү.                                                   Нарын шаардык китепканасы борбордук китепканадан жана 3 филиалдан турат. 2015-жылдын бугункү күнүнө карата жалпы китеп фонду 62 973 нусканы  түзөт. Пайдалануучулар 6736 кишини, китепканалык катыш 52 307 окурманды, китептин берилиш саны 140 747 .                                         Борбордук китепкананын жана анын филиалдарынын китеп фондусу илимдин тармактарынан, көркөм адабияттардан турат. Китеп фонду ар жыл сайын Эл аралык уюмдардан, жеке жарандардан жана жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражатынын эсебинен сатып алып, дээрлик кыргыз адабияттар менен толукталып турат.Алсак, 2014-жылы 499 китеп же 97 790 сомдук китеп менен  толукталса, 2015-жылдын 9 айына карата 407 китеп же 47183 сомдук китеп менен толукталган.Мындан сырткары китепкана окурмандардын суроо талаптарын канаттандырып, мезгилдүү басылмалардан алып турушат

2008-жылдан бери Ага-Хан фондусунун “Үй бүлөлүк китеп окуу” долбоору менен иш алып барышат, Ага- Хан фондусу тарабынан 145 033 сомдук кыргыз тилиндеги китептер берилген. Мындан сырткары Ага-Хан Фондусунун колдоосу менен 2014-жылы “Баланын өсүп өнүгүүсүнө кам көрүү” темасындагы китепкана жана медицина кызматкерлери менен бирдикте долбоор ишке ашып, долбоордун негизинде китепканага  35240 сомдук 1 компьютер келип,пайдалануучулар Интернет байланышы менен тейленип келет. Мындан сырткары китепканада  2012-жылы китепканда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму ОБСЕнин колдоосу жана каржылоосу менен “Укуктук экономикалык маалымат борборун өнуктүрүү” долбоору иш жүзунө ашырылып, жыйынтыгында  укуктук, экономикалык маалымат борбору ачылып, бугунку кундө пайдалануучулар “Токтом” системасын пайдалануу менен укуктук маалыматтар берилип келсе, 2015-жылдан бери долбоор бүтүп,  китепкана тарабынан “Токтом” маалымат базасына  12 200 сом акча каражатын төлөө менен жазылуу жүрүп жатат.

Нарын шаарындагы Ж.Конурбаева атындагы борборлоштурулган китепканасында “Китепканалык маалыматтык консорциум” ассоцияциясы  менен биргеликте  Германия эл аралык кызматташтык коомунун “Жарандык коомду колдоо” фондунун  “Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү жана окутуу” долбоорунуна алкагында иш алып баруунун  натыйжасында  2014-жылдын ноябрь айынан баштап китепкананын коворкинг-баарлашуу борборуна компьютердик техникалар, чексиз ылдамдыктагы интернет байланыштары, стол, стул,кресло, китеп текчелер, ковролин, жалюз, электр жабдуулар менен камсыз болушкан.Бул долбоорду ишке ашырууда Нарын шаардык Кеңеши, Нарын шаардык мэриясы тарабынан коворкинг-баарлашуу борборунун ремонт иштерине 75,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ремонт иштери жүргузүлгөн. 2006-жылдан бери шаардык китепкананын имараты тар болуп окурмандар үчүн ыңгайлуу шарт болбой китепкана тарабынан жыл сайын кайрылуулар болуп, бул кайрылуулар 2015-жылы канаттандырылып жергиликтүү бюджеттин экономикалык чыгымдар статясына 330,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, китепкананын жанынан 2 комната сатылып алынып 98,4 миң сомго ремонт иштери жүргузүлүп окурмандарга ыңгайлуу шарт тузүлгөн.Мындан сырткары китепканага Ж.Конурбаеванын балдары 25,0 миң сомго 2 эшик сатып берсе, Ага-Хан фондусу тарабынан 128,8 миң сомго китепкананын сырты тосмо менен тосулуп, 2 терезеге жана 1 эшикке коопсуздук үчүн темир тосмолор жана 2 көп киши отуруучу отургуч жасатып берилген.

Нарын шаардык Кеңешинин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясынын депутаттары Нарын шаардык Кеңешинин иш планына ылайык Нарын шаарындагы китепканалардын учурдагы абалы жана аткарып жаткан иштерин жеринде караган мезгилде китепкананын жалпы абалы мурунку жылдарга караганда жакшырып окурмандар жана китеп пайдалануучулар үчүн замандын талабына жараша шарт түзүлгөндүгүнө күбө болушкан.  Китепкананын жетекчилиги туруктуу комиссиянын депутаттары китепканлардын абалын жеринде көргөн мезгилде эң көйгөйлүү маселенин бири болуп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча сатып алган 2 бөлмөнүн ремонт иштерине 98,4 миң сом акча каражатын карыз болуп тургандыгын, тактап айтканда ремонт иштери 2015-жыл үчүн жергиликтүү бюджет бекигенден кийин жүргүзүлүп, чыгыш сметасына акча каралбай калгандыктан бүгүнкү күндө карыз болуп турушкандыгын жана бул акча каражатты чечип берүү үчүн депутаттарга кайрылган.

Нарын шаардык Кеңешинин иш планына ылайык Нарын шаарындагы китепканалардын учурдагы абалы жана аткарып жаткан иштери боюнча китепкананын директору Т.Исабекованын жана туруктуу комиссянын депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Нарын шаарындагы китепканалардын учурдагы абалы жана аткарып жаткан иштери боюнча китепкананын директору Т.Исабекованын билдирүүсү эске алынсын.
  2. Нарын шаардык Ж.Конурбаева атындагы китепкананын жана китепкана филиалдарынын китеп фондусун кыргыз адабияттары жана шаардын атайын жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн керектүү китептер менен толуктоону, китепканага  окурмандарды  жана китеп пайдалануучуларды  тартуу максатында алгылыктуу иш аракеттерди көрүү  жагы  китепкананын директору Т.Исабекова тарабынан колго алынсын.
  3. Китепканалардын ишин мындан да жакшыртуу, заман талабына ылайык тейлөө ыкмаларына өтүүгө, Эл аралык уюмдар аркылуу долбоор жазуу менен китепкананын материалдык техникалык базасын чыңдоо, китепкананын атайын каражат (спец счет) эсебине берилген планды аткаруу менен китеп фондусун көбөйтүү Нарын шаарындагы Ж.Конурбаева атындагы китепканасына (Т.Исабекова) тапшырылсын.
  4. Нарын шаардык китепканасына Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен кошумча сатылып алынган 2 бөлмөнүн ремонт иштери үчүн бүгүнкү күндө карыз болуп турган 98,4 (токсон сегиз миң төрт жүз ) миң сом  акча каражаттын сметалык эсебин көргөзүү менен   2015-жылдын жыйынтыгы менен  акча каражатын бөлүп берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясына Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык китепканасы тарабынан  сунуштар берилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  Т=рага                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык китепканага

 

Добавить комментарий