НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 6/1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ      КЕЗЕКТЕГИ  XXVI  СЕССИЯСЫНЫН     

     №  6/1 ТОКТОМУ

28-октябрь 2015-жыл                                                                                                                             Нарын шаары

Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь  2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

                  «Ак-Кулан»  акционердик коому 1996-жылы Нарын чарбалык эсептеги курулуш участкасынан бөлүнүп,  курулуш иштерин жүргүүзүүчү коом катары  түзүлгөн. Мекеме өз  ишин  улантууда Куланак айыла гипс чыгаруучу  цех ачуу үчүн күрөөгө  коомдун имаратын күрөөгө коюп кредит алышкан.Гипс чыгаруучу цехтин курулушу бүтүп, продукция чыгарылып, бирок даяр продукция өз убагында сатууга мүмкүнчүлүк болбой, алган кредиттик төлөмдөр өз убагында төлөнбөй 2003-жылы акционердик коомдун жалпы чогулушунун чечими менен күрөөдө турган мүлктүк баалуулуктары кредит ээлерине берилген. Кредит ээлери тарабынан имарат бузулуп курулуш материалдары алынып кеткендигине байланыштуу 20-июль 2010-жылы  « Ак-Кулан» акционердик коомунун жалпы акционерлеринин чогулушунун негизинде 8400,0 чарчы метр жер аянтын акционерлерге турак жай куру үчүн Нарын  шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизип, турак жай зонасына которуп берүү өтүнүчү менен кайрылган. 2015-жылы “Ак -Кулан” акционердик коомунун директору 2015-жылдын 22 –январында “Ак -Кулан” акционердик коомуна тиешелүү иш кагаздар боюнча иш алып барууга Н.Андабековго атайын ишеним кат берилип, ишеним каттын  негизинде Н.андабеков Нарын шаардык Кеңешине кайрылган.

                   Нарын шаардык архитектура башкармалыгынын 28.05.2015-жылдагы №0\03-44 шаардык Кеңешке  Мусурманкулов №16 да жайгашкан «Ак-Кулан» акционердик коомунун жер аянтын К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) зонасынан Ж-1(зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которуп берүү бүтүмүн беришкен. Мындан сырткары Нарын райондук социалдык фонд  жана салык башкармалыктарынын карызы жок деген маалыматтарына жана   Нарын шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын Мусурманкулов №16 көчөсүндө  жайгашкан  «Ак-Кулан» АКна таандык  8400,0   чарчы метр   жер аянты Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты К-1(зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйстваи мелкого производства ) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной  усадебной жилой застройки   с содержанием скота) зонасына   которулсун.
  2. Нарын шаарынын Мусурманкулов №16 көчөсүндө жайгашкан «Ак-Кулан» АКна тиешелүү  жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык  мэрясына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына (М.Шамырканова), Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Сулайманова) милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри А.Сурановго милдеттендирилсин.

                   Төрага                                                                                 Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, салык башкармалыгына, арыз ээсине.

Добавить комментарий