НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 6/2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                             НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                                   

                       XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXVI  СЕССИЯСЫНЫН

                                                               №  6/2 ТОКТОМУ

28-октябрь  2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь  2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

Нарын шаарындагы АТП-2 ишканасы 1992-жылы ноябрь айынан баштап менчиктештирүү (приватизация) аркылуу “Ала-Тоо” акционердик коом болуп  уюшулган. 1999-жылдын март айынан баштап “Ала-Тоо-Ш” ачык акционердик коому болуп кайрадан түзүлүп юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн. Ал эми 2007-жылдын декабрь айында ачык акционердик коомунан “Ала-Тоо-Ш” жоопкерчилиги чектелген коому болуп түзулүп, юстиция башкармалыгынан кайрадан каттоодон өткөн.2015-жылдын апрель айына чейин “Ала-Тоо-Ш” ЖЧКсына  нотариалдык күбөлөндүрүү аркылуу учередитель Надырбеков Шадыбек Акматбекович катталган. Ал эми апрель айынан бери атайын түзүлгөн келишимдин негизинде кайрадан нотариалдык күбөлөндүрүү аркылуу  Надырбеков Эрнис Шадыбекович учредитель болуп катталган жана ЖЧКга № 429729  укук күбөлөндүрүүчү документ мамлекеттик акт берилген.                                                                                                                                   Нарын шаардык Кеңешине 2015-жылдын 17-августунда Ш.Надырбеков өзү  Нарын шаары  Ысык-Көл №2 дарегинде жайгашкан мурунку автобазанын азыркы “Ала-Тоо-Ш” ЖЧКсынын  жер аянтын Ц-3 (зона рынков оптовой торговли ) зонасынан Ж-1 ( зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которуп берүү үчүн арыз менен кайрылган. Нарын облусунун шааркурулушу жана архитектура боюнча жана Нарын райондук жерге жайгаштыруу башкармалыктары жер аянтын Ц-3 (зона рынков оптовой торговли ) зонасынан Ж-1 ( зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которууга боло тургандыгы жөнүндө№132, №89  бүтүмдөрүн шаардык Кеңешке жиберишкен. Мындан сырткары шаардык салык башкармалыгы  “Ала-Тоо-Ш” ЖЧКу жергиликтүү бюджетке төгүлүүчү салыктын түрлөрү боюнча карызы жок деген маалыматын жиберген. Арыз тиешелүү иш кагаздары менен биргеликте  шаардык Кеңештин алдындагы “ Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясына жиберилип, туруктуу комиссия өз отурумунда сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын Ысык-Көл №2 көчөсүндө  жайгашкан “Ала-Тоо-Ш”  ЖЧКга таандык  22379,8 чарчы метр   жер аянты Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты Ц-3 (зона рынков оптовой торговли )  зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной  усадебной жилой застройки   с содержанием скота) зонасына    которулсун.
  1. Нарын шаарынын Ысык-Көл №2   көчөсүндө  жайгашкан “Ала-Тоо-Ш” ЖЧК га      тиешелъъ  жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык  мэрясына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына (М.Шамырканова), Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Сулайманова) милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткаруу Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри А.Сурановго милдеттендирилсин.

Т=рага                                                                                Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, “Ала-Тоо-Ш”  ЖЧКга, шаардык

Добавить комментарий