НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX VI СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                     НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                             

                                  XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX VI  СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          №  7  ТОКТОМУ

28-октябрь   2015-жыл                                                                                                                  Нарын шаары

  Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

 

Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы I сессиясында Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Мыйзам талаптарына ылайык  депутаттардын ачык добуш берүүсү менен шайланган.

Нарын шаардык Кеңешинин  XXVI чакырылыштагы XVI I сессиясында Нарын шаардык Кеңешинин “Ак шумкар” фракциясынын депутаты –төраганын орун басары Адиев Рахат Нурдинович Нарын шаарынын мэри болуп шайланып, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

 Бул маселе 19-март 2015-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин   сессиясынын күн тартибине киргизилип, бирок  депутаттардын көпчүлүк добушу менен  Нарын шаардык Кеңешинин кийинки сессиясына калтырылган.                                                                                   2015-жылдын 26-октябрында Нарын шаардык Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарынан төраганын орун басарын шайлоо маселесин кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү боюнча сунуш каты келген.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 38-беренесине жана Нарын шаардык Кеңешинин  Регламентинин 29-46-главаларына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча сессияга катышкан депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына талапкерлигин койгон”Ата Мекен” фракциясынын депутаты  А.Молдосалиев өз талапкерлигин алып салгандыгына жана  сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүнүн добушу менен  маселени кийинки сессияга жылдыргандыгына байланыштуу, бул маселе шаардык Кеңештин кийинки сессияларынын  күн тартибине киргизилсин.

 

 

 

   

                   Төрага                                                                   Э.Турсуналиев 

Жөнөтүлсүн:   иш кагазга                                             

               

Добавить комментарий