НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                        НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

                             XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXVI  СЕССИЯСЫНЫН

                                                                         №  8  ТОКТОМУ

28-октябрь   2015-жыл                                                                                                           Нарын шаары

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын  эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамын жана Республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитүү    жөнүндө

 Нарын шаардык мэриясы  Нарын шаардык Кеңешине Кыргыз Республикаснынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун 2-тиркемесине ылайык үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын каржылоосуна сунушталган долбоорлордун иш кагаздарын даярдалгандыгы жана  үлүштүк дем берүүчү гранттар боюнча комиссянын кароосуна даярдалган иш кагаздарды жиберүү үчүн Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында демилгелөөчү топтун курамын жана үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тизмесин сессияда бекитип берүү жөнүндө 2015-жылдын 23-октябрында №03\1795 чыгыш каты менен кайрылышкан.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                              ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  1. Республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсеби бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3.        Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.  

                         Төрага                                                                             Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга

Добавить комментарий