НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН    XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ        КЕЗЕКТЕГИ  XXVII  СЕССИЯСЫНЫН    

  №  2  ТОКТОМУ

10-декабрь  2015-жыл                                                                                                         Нарын шаары

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу спорт мектептеринин, шаардык спорт бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жана шаардын жалпы орто мектептеринде дене тарбия сабагынын өтүлүшү жөнүндө

Шаардык спорт болүмундө 3 кызматкер иштейт, эмгек акылары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.                                                                                                                                                                                 Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү 2015-жылдын календарлык  пландын негизинде  шаардык , облустук жана республикалык спорттук иш  чараларды өткөрүүгө жана Республикалык, эл аралык мелдештерге катышууну уюштуруп келишет. 2015-жылы бул иш чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен  350,0 сом акча каражаты каралса, 2015-жылдын 1-декабрына чейин,  бул акча каражатынын  330547 сому  бекитилген иш планга ылайык спорттук иш чараларды өткөрүүгө жумшалган. Ал эми калган 19453 сому декабрь айында өтүүчү спорттук иш чараларга калтырылган.

    Нарын шаардык спорт бөлүмү облустук спорт бөлүмү ачылганга  чейин, тактап айтканда 2015-жылдын 1-июулуна чейин Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 934 700 сомдун 734 513 сомуна облустун ичинде жана облустан тышкары өткөрүлгөн мелдештерге, ар кандай спорттук иш чараларга колдонулуп, калган 200 187 сому облустук спорт болүмү ачылганда өткөрүлүп берилген.

Туруктуу комиссиянын депутаттары бөлүмдүн ишин жеринде көргөн мезгилде бөлүмдүн адистери иш бөлмөлөрүнүн жетишсиздиги боюнча айтышкан, мындан сырткары  Төш булак аймагындагы Т.Насырбеков атындагы канаттык бугилдик жолун лыжа жана чана тебүүгө ыңгайлаштыруу, тросстору эскирип чойулуп калгандыгына байланыштуу аларды тарттырып калыбына келтирүү жумуштары  зарыл  болуп жаткандыгын, бул иштерди аткарууга жергиликтүү бюджеттен  208,8 миң сом акча каражаты керектеле тургандыгы боюнча Нарын шаардык мэриясына кайрылышкан жана  кышкы сезондук эс алуу учуруна чейин бул иштер бүткөрүлсө шаар тургундары жана лыжа спортун сүйүүчүлөр үчүн жакшы болмок деген сунуштарын беришкен.                                                                                                                                                                  Нарын шаардык балдар уландар спорт мектеби 2015-жылдын 9 айына карата шаардык, облустук, республикалык мелдештерге спорттун 5 түрү боюнча 26 мелдешке катышкан.  Спорт мектеби негизинен спорттун 5 түру боюнча иш алып барышат.Бул мелдештердин ичинен 19 мелдешке жергиликтүү бюджеттин эсебинен  акча каражаты бөлүнгөн. 2015-жыл үчун жергиликтүү бюджеттин эсебинен спорттук  мелдештерди  өткөрүү үчүн  жергиликтүү бюджеттен 300,0  миң сом бөлүнүп , бул акча каражаттары жогорудагы мелдештерди өткөрүүгө жумшалган. 2015-жылдын 9 айына карата шаарыбыздын улан кыздары  баскетбол оюуну боюнча 6 мелдешке, шахмат оюуну боюнча 4 мелдешке, воллейбол оюуну боюнча 3 мелдешке, стол үстундөгү теннис боюнча 3 турнирге,  грек рим күрөшү боюнча 3 турнирге катышкан .  Нарын шаарындагы ден соолукту чыңдоо борбору 2011-жылы балдар уландар спорт мектебине  5 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берилген. 2015-жылдын 10 айына карата Ден соолукту чыңдоо борборунан  түзүлгөн келишимдин негизинде жалпы 190 000 сом акча каражаты түшкөн. Түшкөн каражаттын 112 000 сому  борбордун ремонт иштерине, сынган айнектерди алмаштырууга, терезелерге сетка орнотууга  кетсе,электр энергияга 40 000 сом жумшалып бугункү кундө 38 000 акча каражаты атайын эсеп счетунда сакталып турат.Бул акча каражаттары атайын келишимдин негизинде СНБ, КИКБ, БАУ-Агахан, Компаньюн, батальон  мекемелеринен түшөт.    2014-жылы ФОКтун ремонтуна жетиштүү деңгээлде жергиликтүү бюджеттен 200,0 миң сом болунүп иштер жүргүзүлгөн. Бирок, 2015-жылы дагы ФОКтун ремонтуна 112, 0 миң сом жумшалган.

  С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилген олимпиядалык резервиндеги балдар спорт мектебинде жалпы 17 адам эмгектенет. Алсак 1 директор, 1 окуу иштери боюнча болүм башчы, 1 методист, 9 тренер, 5 кенже кызматкер. Спорт мектебинин окуучуларынын мелдештерге барып келүүсүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 280,0 миң сом акча каражаты каралып, ал каражаттын 250,0 миң сому мелдештерге барып келүүгө жумшалган, ал эми ремонт ииштеине каралган 50,0 мин сом акча каражатына жылытуу системасы жаңыртылып, күрөш залы ремонттон откөрулүп, терезелер пластике алмаштырылган. Мындан сырткары спонсорлордун жардамы менен 90,0 миң сомго күрөш залына ковер алынып келип салынган.

Ал эми тренажордук залга  оор атлетика федерациясынын жардамы менен  3 миң АКШ долларына штанга алынып келинген. Помост тренер А.Абылгазиевдин өз каражаты менен салынган. Интернаттагы күрош залына Госагенство тарабынан 250,0 миң сомдук күрөш килеми комплектиси менен салынган.Тренерлер Акиев Мирбектин, Ибраев Болоттун, Сыдыкбеков Канаттын окуучулары  Кыргызстанда, Индия мамлекетинде, Семипалантинск шаарында,Чимкент шаарында, Иран мамлекетинде, Казань шаарында, Миамиде, Анкара шаарында өткөн Эл аралык турнирлерде, мелдештерде алдыңкы байгелүү орндарды камсыз кылып келишкен.Мындан сырткары спорт мектебиндеги спортчулардын арасында “Спорт чебери”, “Эл аралык класстагы спорт чебери”, “Спорт чеберине талапкер” наамдарын алгандардын саны 19.Спорт мектебинин окуучулары 2015-жылдын 10 айына карата Кыргызстандын шаарларында өтүп жаткан мелдештерге 23 жолу катышып, барып келишкен.

Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясы  шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу спорт мектептерине жана шаардык спорт бөлүмүнө  жана шаардын  орто мектептеринде дене тарбия сабактарынын өтүшү боюнча жеринде көргөн мезгилде Нарын шаардык спорт бөлүмү шаардагы башка спорт мектептери менен биргеликте тыгыз байланышта иш алып барылбагандыгын белгилишкен. Тактап айтканда шаардык спорт болумү тарабынан өткорүлүп жаткан иш чаралар боюнча спорт мектептеринин маалыматы жок. Эгер алар биргеликте иш алып барышса, бир катар натыйжалуу болмок. Мындан сырткары  туруктуу комиссия шаардагы Ден соолукту чындоо борборун балдар уландар спорт мектебине толук өткөрүп берсе борбордун жылытуу системасы коюулуп, абалын жакшыртуу боюнча бир катар иш аракеттер көрүлмөк деп белгилешкен. Туруктуу комиссиянын депутаттары шаарыбыздагы орто мектептериндеги спорт залдар, дене тарбия сабактарынын өтүлүшү боюнча да жеринде барып көрүшкөн. Депутаттар шаарда өсүп келе жаткан балдардын ден соолугуна кам көрүү алардын азыркы учурдагы коомдун жат корүнүштөрүнөн алыс болуусуна шар түзүү максатында мектеп директорлору, спорт мектептери менен тыгыз иш алып барылса, балдардын  коопсуздугуна тренерлер тарабынан да кам корүлсө деген сунуштарын беришкен.

Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык туруктуу комиссиясынын  жана спорт мектептеринин жетекчилеринин билдирүүлөрун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясынын шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу спорт мектептеринде жана шаардык спорт бөлүмүндө  жана шаардын  орто мектептеринде дене тарбия сабактарынын өтүлүшү боюнча билдирүүсү эске алынсын.
  2. Нарын шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан спорттук иш чараларды өткөрүүдө шаардык спорт мектептери менен биргеликте иш алып барбагандыгы баса белгиленсин .
  3. Нарын шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүндө учурда финансылык мыйзам бузуулар болуп, натыйжада соттук териштирүүлөргө жетип жаткандыгын белгилөө менен  шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жалпы финансылык чыгымдарына көзөмөл кылып туруу шаардык мэрияга (С.Эсенаманова), шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
  4. Нарын шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунун ремонт иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча  каражаттарынын  максаттуу пайдаланышын жеринде кароо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин депутаттык курамынан жана шаардык мэриянын, шаардык финансы бөлүмүнүн жоопту кызматкерлеринен турган комиссия Нарын шаардык Кеңешинин атайын буйругу менен  түзүлсүн. Ал эми комиссиянын ишинин жыйынтыгы шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү шаардык Кеңештин аппаратына (А.Абдыкеримов) тапшырылсын.
  5. 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинен спорт мектептеринин иш сапар чыгымдарына жана спорттук иш чараларды уюштурууга, мелдештерди өткөрүүгө, канаттык бугилдик жолду оңдоого, Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы мектептин спорт залынын терезелерине айнек салууга  жетиштүү акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча    шаардык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу  комиссиясына  шаардык мэрия, спорт мектептери жана №4 Э.Ибраев орто мекебинин  директору тарабынан сунуштар берилсин.
  6. Жергиликтүү бюджеттин акча каражатынын тартыштыгын эске алуу менен тоо лыжасы боюнча канаттык бугилдик жолун калыбына келтирүү боюнча шаардык мэрия, шаардык спорт бөлүмү тарабынан демөөрчүлөрдү издөө менен алгылыктуу иш аракеттерди көрүү жагы тапшырылсын.
  7. Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев, №1 Токтогул орто мектептеринин директорлору тарабынан шаардык спорт мектептери менен атайын келишим түзүү менен мектептин спорт залдарына график менен кружокторду уюштуруу жагы колго алынсын.
  8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  Т=рага                                                                                           Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, мэрияга, шаардык спорт бөлүмүнө, спорт мектептерине,  шаардык билим берүү бөлүмүнө, №4 Э.Ибраев атындагы орто мектепке.

Добавить комментарий