НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                          

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXIX  СЕССИЯСЫНЫН

№  1  ТОКТОМУ

11-февраль  2016-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаардык ички иштер бөлүмү жана жол көзөмөлдөө кызматы тарабынан коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукту алдын алууда, жол коопсузудугун сактоодо аткарып жаткан иштери жөнүндө

        Нарын шаардык  ички иштер бөлүмү кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана алардын бетин ачууда, ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоодо бөлүмдүн өздүк курамы тарабынан бир катар уюштуруу-профилактикалык, оперативдик агентуралык иштер жүргүзүлүп келет.Шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдын 12 айында шаардын аймагында 610 арыз даттануулар катталса, анын ичинен 148 кылмыш иши козголуп, 439 на кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.Тергөөнүн өндүрүшүндө жалпы 171 иш болуп, анын ичинен 151 кылмыш иши тергелип, баардыгы 136 кылмыштын бети ачылган. Кылмыштын бетинин ачылышы 90,1 пайызды түзгөн, 2014-жылы кылмыштын бетинин ачылышы 86,7 пайызды түзүп,  салыштырмалуу 3,4 пайызга жогору болгон.Тергөө иштери боюнча жалпы өндүрүшкө алынган  иш 171,  козголгон кылмыш иши 148, жанданган иштин саны 38, соттун кароосуна жиберилген иштер 129, кыскартылган иш 9.                                                                                           Кылмыш иликтөө багыты боюнча 2015-жылдын 12 айында  128 кылмыш иши өндүрүштө болуп, 114 кылмыш иши тергелип, 100 кылмыштын бети ачылган. Баңги заттарга каршы күрөшүү боюнча 2015-жылдын  12 айында 8 кылмыш иши катталган, баардыгы болуп 12кг 131гр 30 мл тарихуана баңги заттары алынган. Мал  уурулук боюнча  Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө 2015-жылдын 12 айында 16 арыз даттануу катталып, мунун 9 уурулук боюнча кылмыш иши өндүрүштө болуп 9 кылмыш иши тергелип, 7 кылмыштын бети ачылган. 2014-жылга салыштырмалуу мал уурулук  5 арыз даттануу аз катталган. Ал эми мал жоготуу боюнча 2015-жылы 10 арыз даттануу катталып, анын ичинен 8 арыз-даттануулар боюнча  малдары табылып, кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, 2 арыз боюнча малдары табылбагандыгына байланыштуу кылмыш иши козгоодон баш тартылган.                                                                                      Издөөдө жүргөн кылмышкерлер боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдын башынан бери кылмышкерлерди издөө, дайынсыз жоголгон адамдарды табуу, өздүгү аныктала элек каза болгон адамдардын өздүгүн аныктоо багытында оперативдик иликтөө иштери жүргүзүлүп, 2015-жылдын башында 3 кылмышкер издөөдө болуп, 12 ай ичинде жалпы 19 кылмышкер издөөдө болуп, 16 кылмышкер кармалган. Дайынсыз жоголгон адамдар боюнча 2015-жылдын башында 8 адам издөөдө болуп, жыл ичинде 20 адам дайынсыз жоголуп, жалпысынан 28 адамга издөө жарыяланып, 21 адам табылган. Азыркы күндө 7 адам табыла элек.Өздүгү аныктала элек  каза болгон адамдын саны жыл башында 3 болсо, жыл ичинде  3 адамды түзүп, жалпысы 6 болсо, алардын аныкталганы 3.                                                                                                          Онунчу бөлүм боюнча 2015-жылдын 12 ай ичинде диний экстремизмге жана улуттар аралык жаңжалдарга жол бербөө боюнча Нарын шаардык ички иштер тарабынан түзүлгөн иш планды аткаруу, шаардын аймагында диний экстремизмдин көрүнуштөрүнө бөгөт коюу, диний абалды жакшыртуу максатында шаардык мэрия менен биргеликте маалымат алмашуу жана тегерек столдорду өткөрүү тыгыз алып барылып келет. Шаардын аймагында жайгашкан 7 мечит, 6 намаз окулуучу жайга Нарын шаардык ички иштер бөлүмунүн №148 буйругу менен кызматкерлер бекитилип,   оперативдик-профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары 2015-жыл ичинде “Экстремист”, “Хаккер”, “Гастарбайтер”, “Нелегал”аталышындагы оперативдик профилактикалык  операциялардын негизинде “Хизбут Тахрир” агымына каршы  ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп келет.                                                                                                                     Нарын шаарына чет өлкөлөрдөн мигрант болуп келип иштеп жаткан жарандардын саны 56, алардын баардыгынын өздүк документтеринин мыйзамдуулугу текшерилген.Ал эми  аймактык тескөөчүлөр тарабынан  Нарын шаарынын аймагынан  439  адам чыгып кеткендиги, мунун ичинен ички миграция боюнча 323адам республиканын ар кайсыл аймактарында иштеп жүргөндүгү жана 115 адам республиканын аймагынан  тышкары иштеп келүү үчүн чыгып кеткендиги аныкталган.

Нарын шаарынын аймагында жашаган уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын колдоп КР ИИМ МАБнун АБД-ТОР учеттунда турган 10 адам бар.           Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Нарын шаарында жалпы шаардын калкына 8 милициянын участкалык инспекторуна бөлүнгөн. Милициянын участкалык инспекторлору кабинеттер менен камсыз болушкан. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2008-жылдын 28-фералындагы №162 буйругунун талаптарына ылайык Нарын шаарынын аймагында 3 коомдук алдын алуу борборлору жана 1 милициянын аймактык таяныч пункту иш алып барып, бүгүнкү күндө коомчулук менен бирге коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана ички иштер бөлүмүндө профилактикалык учетто турган жалпы 435 адам менен алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары участкалык инспекторлор Аксакалдар соту, Жаштар уюуму, милицияга көмөк көрсөтүүчү отряддын мүчөлөрү менен иш алып барып келишүүдө. “Көчө”, “Правопорядок”,”Арсенал”, “Укук тартип” операцияларынын жүрүшүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Нарын шаарында жалпы ок атуучу куралы бар 240 адам жана ок атуучу курал сактаган 12 обьекти менен өз мөөнөтү менен текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.                                                                                            Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча  бөлүмүндө 8 кызматкер шаардагы 8 орто мектеп, 1 кесиптик лицей, 4 орто окуу жайы жана 1 жогорку окуу жайы менен тыгыз иш алып барышат. 2015-жыл ичинде бөлүмдүн каттоосуна баардыгы 40 өспүрүм бар.  Мунун ичинен 15 окуучу  тартиби боюнча жыл ичинде каттоого алынган,оңолуу жолуна жана жашка толгондугуна байланыштуу 34 жаш өспүрүм учеттон чыгарылды, азыркы учурда 21 жаш өспүрүм каттоодо (учетто) турат.                                                                                                                                            Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кайгуул  кызматында 4 кызматкер иштейт. Жол кайгул кызматынын кызматкерлери тарабынан 2015-жыл ичинде баардыгы 1576 жолдо жүрүү эрежесин бузуучулар аныкталган анын ичинен 50 айдоочу транспорт каражаттарын спирт ичимдиктерин ичип алып башкарып жүргөн жеринен кармалган. 189 айдоочу жол белгисине баш ийбеген, 99 айдоочу техникалык жактан бузук абалда айдаган, 2 айдоочу милиция кызматкерлерине баш ийбей айдашкан.16 айдоочу башка айдоочуларга тоскоол болушкан, 49 у жанында  автоунаага тиешелүү документи жок, 32си каттоодон өтпөгөндөр, 1 айдоочу жарык берүүчү  приборлорду пайдалануунун эрежесин бузган , 252си  коопсуздук курун тагынбай айдаган , 25и светафордон өтүүнүн эрежесин бузган , 15и өз алдынча мыйзамсыз жабдып алган айдоочулар. Жалпысынн алганда жолдоо жүрүү эрежесин бузуп аныкталган айдоочулардын саны 2014-жылга салыштырмалуу 732ге аз катталган. 2015-жылы жогоруда жол эрежеси боюнча мыйзам бузган 1576 айдоочуга жана РИИБнын ЖКК кызматкерлеринен келген 3352 административдик материалдарга административдик чара көрүлүп, баардыгы Кыргыз почтасына 3,447 200 сом өндурүлгөн.Мунун ичинен Нарын шаардык сотуна мас абалында автоунаа башкарган 80 айдоочунун административдик материалы жонөтүлүп 480 000 сом айып салынып, 22 айдоочу айдоо укугунан ажыратылган.8 айдоочу 5 сутка камакка алынган, 5 административдик материал өндүрүштө. Жол транспорт кырсыктарын жасаган айдоочуларга сот тарабынан 93 000 сомго айып салынган.Техникалык көзөмөл боюнча  Нарын шаарынын аймагында транспорт каражаттарына техникалык көзөмөл жүргүзүү багытында мекеме-ишкана жана башка юридикалык жактарга таандык автоунаа каражаттарына жалпысы 17 жолу комплексттүү текшерүүлөрдү28 контролдук текшерүүлөрдү мунун ичинен 12 жолу эл ташуучу автоунааларга текшерүүлөрдү өткөрүп, транспорт каражаттарын техникалык жактан бузук абалда линияга чыгаргандыктары үчүн 3 мекеме-ишкананын жетекчисине административдик протоколдор түзүлүп ар бирине 5000 сомдон айыптар салынган.16 жолу жогорку органдарга билдирүү, сунуштар жиберилген.Жолдордун абалы боюнча 42 жолу Нарын шаардык коммуналдык жана жашылдандыруу чарбаларына атайын көрсөтмөлөр берилген.Жол кырсыктарын алдын алуу максатында шаардык мэрия, шаардагы орто мектептерге, окуу жайларга ар кандай билдирүүлөр берилип, массалык маалымат каражаттары аркылуу иштер жүргузүлгөн.Жогорудагы аткарылып жаткан иштерге карабастан шаардын аймагында 2015-жыл ичинде 27 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6 адам каза болгон.                                                                                     Нарын шаардык Кеңешинин алдындагыМыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү”  боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы жана кызматкерлери менен  1-февраль 2016-жылы иш планда көрсөтүлгөн маселелер боюнча жеринде таанышып, бөлүмдүн жетекчилиги  тарабынан  Нарын шаарынын аймагында бүгүнкү күндө жол коопсуздугун жана шаар элинин коопсуздугун камсыз кылууда жаңы светафорлорду орнотууга, Нарын шаарынын аймагында 2015-жыл ичинде шаар ичине атайын видео көзөмөлдөр коюлуп, бирок  ал камера интернет аркылуу иштеп ага акча каражат жетишпегендиктен, бир гана камера иштеп жаткандыгына байланыштуу, башка камераларды да талапка ылайык иштетүү үчүн акча каражатын чечип берүү, Нарын шаарындагы ар бир мекемелердин аймагына камераларды орноттуруу талаптарын күчөтүп берүү сунуштарын айтышкан.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги Т.Секебаевдин жана  жол кайгуул кызматынын башчысы милициянын майору У.Айтмамбетовдун  билдирүусүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                           ТОКТОМ      КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык ички иштер бөлүмү жана жол көзөмөлдөө кызматы тарабынан коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукту алдын алууда, жол коопсузудугун сактоодо аткарып жаткан иштери жөнүндө Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги Т.Секебаевдин билдирүүсү эске алынсын.
  2. Нарын шаардык ички иштер болүмү тарабынан кылмыштуулукту алдын алууда, жол коопсузудугун сактоодо, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын колдогондорго, мал уурулукка, баңги заттарына байланышкан кылмыштарга каршы  ыкчам аракеттерди көрүү менен кырсыкты алдын алууга багытталган иш аракеттер көрүлсүн.
  3. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү тарабынан шаардык мэрия жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте мектеп окуучулар арасында мектеп рекетин, (суицид) фактыларына  жана диний экстремизмге, жаштардын диндин радикалдашуусууна кирип кетүүсүнө бөгөт коюуга  карата алгылыктуу аракеттер көрүлүп, окуучулар жана жаш өспүрүмдөр менен  алдын алууга багытталган аңгемелешүүлөрдү, телеберүүлөрдү  жана тегерек столдорду өткөрүп туруу   жагы тапшырылсын.
  4. Акыркы убакта шаар ичинде жаш өспүрүмдөр тарабынан турак үйлөргө уурулукка кирүү фактылары катталып жаткандыгына байланыштуу ата-энелер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү менен балдарга болгон контролдукту күчөтүү жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө жана шаардагы атайын орто, жогорку  окуу жайларынын жетекчилерине  милдеттендирилсин.
  5. Азыркы учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон диний экстремизмге каршы күрөшүү, диндин радикалдашуусуна жол бербөө багытында тынымсыз иш аракеттерди көрүү  жагы ички иштер бөлүмунүн онунчу бөлүмүнө  милдеттендирилсин.
  6. Нарын шаарында коомдук тартипти жана жол коопсуздугун алдын алууда шаардагы мекеме-ишканалардын алдына видео көзөмөлдөрдү орнотуу боюнча мекеме ишканалар менен иш алып баруу   Нарын шаардык мэриясына,  шаардык ички иштер бөлүмүнө тапшырылсын.
  7. Жол коопсуздугун алдын алууга, шаар ичиндеги автоунаалардын ирээттүү жүрүүсүнө, унаа тыгындарын болтурбоого карата жол  белгилерин орнотуу, айрыкча Шуллер көчөсүндөгү унаалардын баш аламан жүрүүсүн  ирээтке келтирүү  боюнча иш алып баруу Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө милдеттендирилсин.
  8. Орнотулган видео  көзөмөлдөрдү иштетүүгө, заманбап светафорлорду орнотууга жергиликтүү бюджеттен акча каражат чечип берүү шаардык Кеңештин алдындагы «Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына сунушталсын.
  9. Нарын шаарында жол кайгуул кызматында МАИ кызматкерлеринин штаттык бирдигинин тартыштыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер минстрлигине бир МАИнин штаттык бирдигин ачып берүүгө шаардык Кеңештин сессиясынын атынан  кайрылуу кат жолдонсун.

 

  Т=рага                                                         Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,  шаардык мэрияга, шаардык ички иштер бөлүмүнө, шаардык билим берүү бөлүмүнө, атайын орто жана жогорку окуу жайларга                                            

Добавить комментарий