НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                          

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXIX  СЕССИЯСЫНЫН

№  2 ТОКТОМУ

11-февраль   2016-жыл                                                                                                                                  Нарын шаары

Нарын шаардык  маданият бөлүмүнүн, Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинин жана Нарын облустук  балдардын билим берүү борборунун алып барып жаткан иштери жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин иш планына ылайык Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн, Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин жана балдардын билим берүү борборунун (ДОЦ) аткарып жаткан иштери туурасында маселе боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Социалдык маселелер, билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде .

            Нарын шаардык маданият бөлүмү – шаарыбыздагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепти, шаардык китепкананы жана китепкананын 4 филиалын ичине  камтыйт.Нарын шаардык билим берүү бөлүмү 1989-жылы негизделип, шаардык китепканадан бухгалтериялык эсеп-кысап бөлүнүп чыккан. Толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Бөлүмдө жалпысынан 12 адам эмгектенет.Алардын ичинен  мамлекеттик кызматкер -1 адам,  чыгармачылык топ -8 адам, кенже кызматкер-2 адамды түзөт.Нарын шаардык маданият бөлүмүнө тиешелүү имарат жок болгондуктан, Нарын райондук маданият бөлүмүнүн имаратынын ичиндеги шарты жок кичинекей 2 бөлмөдө орун алган.Бул эки бөлмөнүн аянты  2,5х3кв метрди түзгөн бөлмөгө 2 гана адам отурууга ылайыкталса, бул эки бөлмөдө маданият бөлүмүн баардык кызматкерлери отурат  жана музыкалык аспаптары да сакталып турат. Имарат 1936-жылы Тянь- Шань музыкалуу драма театры болуп ачылган. Имараттын  эскилиги жеткендиктен жана ушул күнгө чейин эч кандай ремонттон өтпөгөндүктөн жана тар болгондуктан иш алып барууда  кыйынчылыктарды жаратып келүүдө. Концерттерге жана башка маданий массалык иш чараларга даярданууда кичинекей 2 бөлмөгө даярданууга мүмкүн болбогондуктан,  жайдын күнү сыртка чыгып репетиция кылууга туура келет, ал эми көчөдөн ары бери өткөн адамдардан ыңгайсыз учурларды жаратып келген.Ал эми кыштын күнү  күндүн суугунан улам кабинеттердин тарлыгынан даярданууга эч мүмкүнчүлүк болбой кыйналып келишүүдө. Маданият кызматкерлеринин музыкалык билимин жогорулатып келүү маселеси каралбагандыктан, ушул күнгө чейин бир да кызматкер борборго барып билимин жорулата алган эмес. Бөлүмдө улуттук кийимдердин эскилиги жетип, өздөрү кийип чыгууга жана прокатка берүүгө да болбой калган. Ал эми кийим сакталуучу жайдын акыбалы талапка жооп бербейт.Музыкалык аспаптар дагы жетишсиз жана айрымдары жараксыз абалда. Жалпысынан шаардын шаардык маданият бөлүмүндө  толук шарттын жоктугунан улам иш алып барууга   мүмкүнчүлүк жок. Имараттын ичи суук болгондуктан, жылыткычтар сайылып турат. Имарат талапка жооп бербейт. Ремонттон өтпөгөндүктөн чатырынан  тамчы тамат.

            Ал эми комиссия барган учурда маданият бөлүмүнүн кызматкерлери өз көйгөйлөрүн айтышып, шарттары  жок боллсо да иш алып барып жаткандыктарын билдиришип,жергиликтүү бийлик  тарабынган көзөмөлдүккө алынып, өзүнчө кенен  имарат бөлүнүп берилсе жана андан кийин талаптарды коюшса жакшы болоорун айтышкан.  Бүгүнкү күнгө чейин шарттарынын жоктугуна карабай маданий массалык иш чараларды уюштуруп келишкендиктерин жана уюштурулган иш чараларга шаардык мэрия тарабынан өкүл келип катышпагандыгын жана эч кандай көңүл бурулбагандыгын, тескерисинче кемсинтүү менен  туура эмес мамиле кылышаарын билдиришкен.

            Нарын шаардык Кеңеши тарабынан бөлүнгөн  400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатына алынып берилген  аппаратура шаардык маданият бөлүмүнүн балансасында турса дагы ушул күнгө чейин жарымы жана орчундуусу  шаардык мэрияда сакталып турган.

Бул аппаратура максатсыз пайдаланылып, шаардык иш чаралардан сырткары, шайлоо убагында партиялардын чогулуштарына колдонулуп, арендасына төлөнүүчү акча каражаты ушул күнгө чейин берилбей жаткандыгын айтышкан. Мындан сырткары Нарын райондук маданият бөлүмүнүн иш -чараларына да пайданылып жаткандыктан аппаратура бузулса жана иштебей калса  ким жооптуу болоору да белгисиз. Аппаратуралар боюнча атайын  өткөрүү актысы түзүлгөн  бирок  ушул күнгө чейин  маданият бөлүмүнө берилген эмес.

Тиешелүү туруктуу комиссия Нарын шаардык маданият учурдагы ал-акыбалын көрүп таанышкан соң, Нарын райондук маданият бөлүмүнүн башчысы С.Смаиловага жана маданият үйүнүн жетекчиси Ж.Төлөковага барып жолугуп, маданият бөлүмүндөгү имарат боюнча болуп жаткан көйгөйдү түшүндүрүп, кошумча бөлмө болсо бөлүп берүүлөрүн өтүнүп кайрылганыбызда, туура түшүнүү менен мамиле кылышкан райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери маданият үйүнүн башындагы чакан бөлмөнү тостуруп алууга макулдуктарын беришкен. Ошондой эле 2 — кабатта жайгашкан 2 чоң бөлмөнү капиталдык ремонттон өткөрүп алып пайдалансаңыздар болот деген ой-пикирлерин айтышкан, бирок 2- кабаттагы 2 бөлмөнүн абалы өтө начар, авариялык акыбалда тургандыктан кулап калуу коркунучу бар, андыктан, ремонттон өткөрүп,оңдоп, түздөөнүн деле кажети жок.Ага кеткен чыгымды жергиликтүү бюджет көтөрө албайт.

            Нарын шаардык  Ж.Шералиев   атындагы балдар искусство мектеби Кыргыз Республикасынын  Маданият  жана  Маалымат  министрлигинин        2011-жылдын 1-июлундагы № 193 музыкалык мектептер, искусство мектептерге иштелип чыккан жобонун негизинде жана 1997-жылдын 28-ноябрында юстиция тарабынан бекитилген мектептин Уставынын негизинде иш алып барат. Мектепте жалпысынан 24 мугалим эмгектенет, баардыгы жогорку билимдүү,анын ичинен 5-маданияттын мыктысы, 7-Билим берүүнүн мыктысы жана 12-катардагы мугалимдер. Бул музыкалык мектепте жалпысынан 213 окуучу музыкалык аспаптарда жана музыка үйрөнүп билим алышат.Окуучулар комуз, фортепиано, баян-аккордеон, чоор-сыбызгы бөлүмдөрүндө улуттук улуттук аспап боюнча 5 жыл, ал эми фортепиано бөлүмүндө 7 жыл окугандан кийин Маданият министрлигинин күбөлүгүнө ээ болушат.Ар бир бөлүмдөр боюнча окуу жыл башында мугалимдер кеңешмесинде каралып жарым жылдык иш пландары бекитилет.Түзүлгөн жана бекитилген  иш пландын негизинде окуу иштери жүргүзүлөт.Окуу жылы аяктап, иш план аткарылган соң окуучулардын күчү менен жылдык отчеттук концерттер берилип турат.2013-2014-окуу жылында 17 окуучу бүтүргөн.2014-2015-окуу жылына 16 окуучу бүтүргөн болсо, 2014-2015-окуу жылына 1-класска 63 окуучу кабыл алынган.2015-2016-окуу жылына карата 1-класска 49 окуучу кабыл алынган.

            Тиешелүү комиссия жеринде барып караган учурда сабактар расписание менен өз нугунда өткөрүлүп, класстар жылуу жана окуучулар толугу менен сабакта отурушуп, эч кандай терс көрүнүштөр болгон эмес. Музыкалык мектепте иш алып баруу өз деңгээлинде жүргүзүлүп, бир топ жетишкендиктерге да жетишишкен. «Жаш таланттар -2015» облустук кароо-сынакка улуттук аспап жана ырдоо номинациялары боюнча музыкалык мектептин окуучулары катышып байгелүү орундарга ээ болушкан. «Жаш музыкант -2015» облус боюнча музыкалык мектептер арасында  Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин демилгеси менен кароо — сынактар өткөрүлгөн.

             Музыкалык мектеп жайгашкан имараттын эскилиги жетип, авариялык абалда тургандыктан, жаңы имарат куруу боюнча тендер өткөрүлүп, тендерге катышкан курулуш мекемелеринин ичинен Бишкек шаарындагы  «Имарат прогресс» ЖЧК утуп чыгып, ушул жылдын март айларында смета проектиси 47 242 900 (кырк жети миллион эки жүз кырк эки миң тогуз жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатына имаратты куруп берүүгө милдеттенген.

            Мектептин директору О.Улукмановдун билдирүүсү менен мектепте жетишкендиктер менен кошо көйгөйлөр да бар.Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы А.Текешовдун 2014-жылдын 17-октябрь № 07-4/ 4233 –берген катынын негизинде искусство мектебинде окуган балдарга ата –энелер тарабынан ай сайын  төлөнүүчү төлөм Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-январь 1996-жылдагы №25-токтомунун негизинде жылына Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан эмгек акынын  өлчөмүнүн негизинде пайыздык түрдө алынуусу белгиленген.Бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде фортепиано классында окуган 1 окуучугаайына 450 сом, ал эми  улуттук жана башка аспаптарда ойногон окуучуларга ай сайын 225 сом төлөөгө туура келүүдө. Көп ата энелер  225-450 сомго чейин төлөп окутууга каражаттары жетишсиз.Ушул маселе боюнча музыкалык мектепте окуган балдардын ата энелери тарабынан министрликке кайрылуу жолдонгон.Кайрылууда төлөм каражатты минималдык айлыкка байлабастан маданият министрлиги  тарабынан төлөө каражатка туруктуу тариф иштеп чыгуусун өтүнүшкөн жана Нарын шаардык Кеңеши дагы ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм  министрлигине депутаттардын атынан кайрылуу жазышса деген ойлорун билдиришкен.

            Нарын облустук балдардын билим берүү борбору 1998-жылдын 10-июлунан баштап жаш муундарды өнөр билимге, ар кандай багыттагы кесипке тартуу мене ниш жүргүзүп келет. Борбордо Нарын шаарынын мектептеринен окуучулар билим алып жана тарбияланышууда.Мектеп окуучуларынын мектептен тышкаркы бош убактысын туура үнөмдүү пайдалануусун бирден бир жолу. Имарат Нарын шаардык муниципалдык ишканасынын баласасында турат, талапка толугу менен жооп берет. Борборлоштурулган Нарын жылуулук берүү ишканасы аркылуу жылытылат.

            2014-2015-окуу жылында жалпысынан 13 багытта 20 ийрим иш алып баруу менен бирге 66 тайпада шаардык мектептерден жалпысы 1300 окуучу келип билим алат.Бекитилген иш план боюнча маданий – массалык, тарбиялык иштер боюнча ачык сабактар өткөрүлүп, окуучулардын жөндөмүн арттыруу, талантын өстүрүү, өнөргө, билимге багыт берүү максатында иш барышат. Билим берүү борбору Ага Хан фондусу менен бирдикте иш алып барат, шахмат боюнча балдардын  кружогу, япон тили, математика, англис тили, орус тили, компютерди үйрөтүү боюнча сабактар өткөрүлөт. Бул кружоктор боюнча республикалык, облустук денгээлдеги конкурстарга жана семинарларга катышышып, сертификат, грамоталарга ээ болушкан. Жалпысынан  сертификатка 81 бала , 115 бала грамотага ээ болушкан.

            Жогорудагылардын негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт» боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн, Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинин жана Нарын облустук  балдардын билим берүү борборунун алып барып жаткан иштери жөнүндө билдирүүлөрү эске алынсын.
  2. Нарын шаардык маданият бөлүмүн кошумча бөлмө менен камсыз кылуу үчүн Нарын райондук маданият үйүнүн ичинен макулдук менен берилген бөлмөнү алуу жагы шаардык мэрия жана райондук маданият бөлүмү менен 2 тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлсүн жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын. Бөлүнүп берилген бөлмөнү тосууга кеткен чыгымдардын сметасын түзүү жана ремонттон өткөрүү жагы Нарын шаардык маданият бөлүмүнөн суралсын жана шаардык мэрия тарабынан көзөмөлдүккө алынсын.
  3. Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн музыкалык аппаратурасын шайлоо мезгилинде саясий партияларга пайдаланууга берген ижара акысын шаардык маданият бөлүмүнүн атайын эсепбине которуп берүү шаардык мэрияга тапшырылсын.
  4. Нарын шаардык маданият бөлүмүндөгү кемчиликтер менен жетишпестиктер эске алынсын, шаардык  маданият бөлүмүнүн жетекчиси Г.Токтогонованын тарабынан алыгылыктуу иш алып барылбагандыгы белгиленсин.
  5. 2016-жылы “Тарых жана маданият” жылы катары жарыялангандыгына байланыштуу шаардык мэрия жана шаардык маданият бөлүмү тарабынан шаарда маданий иш чараларды уюштуруу менен  мындан ары тыгыз байланышта иш алып баруу жагы колго алынсын жана   маданият  бөлүмүнүн  иш алып баруусуна көзөмөлдүктү  күчөтүү  шаардык мэрияга тапшырылсын.
  6. Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жетишкендиктери менен көйгөйлөрү эске алынсын, ата энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатты минималдык айлыкка байлабастан маданият министрлиги тарабынан төлөө каражатка туруктуу тариф иштеп чыгуу боюнча Нарын шаардык Кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрине кайрылуу жөнөтүлсүн.  
  7. Нарын облустук балдардын билим берүү борборунун иш алып баруусу канааттандыраарлык деп белгиленсин.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алууну өзүмө калтырамын.

Төрага                                                                                                                Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга,шаардык мэрияга, шаардык маданият бөлүмүнө, Ж.Шералиев мектебине, Нарын облустук ББББга

  

           

Добавить комментарий