НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXX СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ   XXX СЕССИЯСЫНЫН

№  2  ТОКТОМУ

18-март  2016-жыл                                                                                                                                         Нарын шаары

21-март “Нооруз”  майрамына  карата Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

              21-март “Нооруз”   майрамына карата  Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                          ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. 21-март “Нооруз” майрамына карата Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлук добушуна ээ болгондуктан  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы тиркемеде көрсөтүлгөн инсандарга ыйгарылсын.(тиркеме тиркелет)
  2. Жобого ылайык Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алгандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси, күбөлүгү тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  Төрага                                                                                               Э.Турсуналиев

______________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга

Добавить комментарий