НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                 КЕЗЕКСИЗ  XXI  СЕССИЯСЫНЫН

№  2  ТОКТОМУ

16-апрель  2015-жыл                                                                                                                                            Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын  шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө                                                                                                                                                Нарын шаарынын тургуну Ж.Мамырбаев шаардын Московский аймагынын Раззаков көчөсүнөн конкурстун негизинде 1237,50  чарчы  метр жер аянтын ижарага алган.2013-жылдын 23-октябрында Нарын шаардык мэриясынын №417-б буйругунун негизинде капиталдык курулуш курууга ижарага берилген жана Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан  жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна серия В №061842  сандуу күбөлүгүн алган. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти жана Ж.Мамырбаевдин ортосунда атайын келишим түзүлүп, ижара акысы келишимдин негизинде төлөнүп келүүдө.                                      

   Мындан сырткары Ж.Мамырбаев 2014-жылы  ушул эле ресторан курулуучу жердин жанынан  1762 чарчы метр жер аянтын топурак төктүрүп көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерине кайрадан 5 жылдык мөөнөткө ижарага алып, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан  жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна серия В №061878  сандуу күбөлүгүн алган.                       Курулуш иштерин баштоо үчүн Ж.Мамырбаев тарабынан аталган жер аянты дөбө болгондуктан жерди түздөө иштери жүргүзүлүп, таштандылары чыгарылып,  бүгүнкү күндө   заманбап ресторан салууга   курулуш иштери башталган. Ысык-Көл Нарын аймактык айлана чөйрөнү коргоо, Нарын облусунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктары тарабынан бул жер аянтына капиталдык курулуш курууга болот деген макулдуктарын  жана бүтүмдөрүн беришкен. Мындан сырткары “Чыгышэлектр” ААКнун, Нарын суу канал ишканасынын, өрткө каршы кызматынын техникалык шарттары берилип, архитектура башкармалыгы тарабынан  курулуш курууга архитектуралык пландоо шарттары (АПШ) даярдалган.                                                                                                                                                                                             Ж.Мамырбаев Нарын шаардык Кеңешине  13-апрель 2015-жылы  Московский аймагындагы  Раззаков көчөсүндөгү жалпы аянты 2999,5 чарчы метр  жер аянты Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын  шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зонада  Р-2 “зона городских скверов, бульваров”  зонасында болуп, бул жерге курулуш курууга болбой тургандыгын   белгилөө менен бул жер аянтын  Ц-2 зона центра обслуживания и комерческой активности местного значения зонасына  которуп берүү боюнча арыз менен кайрылган. Арыз шаардык Кеңештин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын сунушталып, туруктуу комиссиянын депутаттары өз отурумунун протоколунун негизинде бул маселени сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунушташкан.                                                                                                                 Нарын шаарынын тургуну Ж.Мамырбаевдин арызынын , Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунуш катынын жана  шаардык архитектура башкармалыгынын бүтүмүнүн,   туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы                                                                                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ                                                                                               1.Нарын шаарынын тургуну Ж.Мамырбаевдин арызынын  жана Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин жана шаардык архитектура башкармалыгынын сунуш каттарынын  негизинде Нарын шаарынын Моссковский аймагындагы  Раззаков көчөсүндөгү ресторан куруу үчүн  Ж.Мамырбаевге убактылуу ижарага берилген 1237,50   чарчы метр жер аянты Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын  шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зонада Р-2 (зона городских скверов, бульваров)  зонасынан Ц-2 зона центра обслуживания и комерческой активности местного значения зонасына которулсун.                                  2.Нарын шаарынын  Московский аймагындагы   Раззаков көчөсүндөгү көчөсүндөгү ресторан куруу үчүн  Ж.Мамырбаевге убактылуу ижарага берилген 1237,50   чарчы метр жер аянтын Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык  мэриясына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына ( М.Шамырканова), Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Сулайманова) милдеттендирилсин.                                                                                                                               3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                 Т=рага                                                                                                                              Э.Турсуналиев                ________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык архитектурага, ММДга, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, Ж.Мамырбаевге 

Обсуждение закрыто.