НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫНЫН № 2/3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXI СЕССИЯСЫНЫН  №  2/3   ТОКТОМУ

23-март  2016-жыл                                                                                                                                         Нарын шаары

Нарын шаарынын 2016-жылдын 1-январына карата калган акча каражатын бөлүү жөнүндө

             Нарын шаарынын 2016-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен, «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү»   Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын 2016-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте  калган калдыктын эсебинен төмөндөгү мекеме – ишканаларга акча каражаты бөлүнүп берилсин:
  • Нарын шаардык мэриясына Нарын шаарында жаңы курулуп жаткан бала бакчага 1700,0 (бир миллион жети жүз) миң сом,
  • Нарын шаарынын борбордук базарынын тегерегин тосууга 300,0 (үч жүз) миң сом,
  • Нарын шаарынын ген.планына 500,0 (беш жүз) миң сом,
  • Нарын шаардык «Өрткө каршы-куткаруу кызматынын» техникасын ар кандай өзгөчө кырдаалдарга, аварияларга жана суу каптоолорго даяр туруу үчүн 50,0 (элүү) миң сом,
  • Нарын шаарындагы Ак-Бечел суу сактагычын кайтарууга 644,0(алты жүз кырк төрт) миң сом,
  • Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсуна 200,0(эки жүз) миң сом,
  • Нарын шаардык аксакалдар сотуна 25,0(жыйырма беш) миң сом,
  • Нарын шаардык Ардагерлер Кеңешине 80,0 (сексен) миң сом,
  • Нарын шаарындагы дарыгерлердин жашаган батирине 216,0 (эки жүз он алты) миң сом,
  • Нарын мамлекеттик Университетинин ачылгандыгынын 20-жылдыгына карата 50,0 (элүү) миң сом,
  • Нарын шаардык архитектура карыздарды жабууга 200,0 (эки жүз) миң сом,
  • Нарын шаардык салык кызматына жергиликтүү салыктарды ашыгы менен аткаргандыгы үчүн материалдык жардам үчүн 60,0 (алтымыш) миң сом.
  • Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн салык жана салык эмес жыйымдарды чогултууга келишимдин негизинде 3(үч) штаттык бирдик үчүн айлык акы жана социалдык фонддун чегерүүлөрүнө 500,0 (беш жүз) миң сом.
  • Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесине жаңы парк курууга 1000,0(бир) миллион сом жана питомниктин тегерегин тосууга 108,0 (жүз сегиз) миң сом
  1. Бул токтомдун 1 пункту менен мекемелерге бөлүнгөн акча каражаттар Нарын шаардык мэриясы аркылуу жүргүзүлсүн.
  2. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

 

      Төрага                                                                          Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,  шаардык мэрияга, финансы бөлүмүнө

Добавить комментарий