НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                    НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                                   

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXI  СЕССИЯСЫНЫН

№  2  ТОКТОМУ

23-март  2016-жыл                                                                                                                                         Нарын шаары

Нарын шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджети

 жана 2017-2018- жылдарга болжолу жөнүндө

             Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2017-2018-жылдардын долбоору  «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдардын долбоорлору жөнүндө», «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү  бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 98125,7 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 81333,7 миң сом жана салык эмес жыйымдары 16792,0 миң сом өлчөмүндө жана 2017-жылдын долбоору 109498,7миң сомго, 2018-жылдын долбоору  120264,7 миң сомго  бекитилсин.(№1,2 тиркемелер тиркелет)

2.Чыгашалар бөлүгү боюнча  98125,7 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 19228,3  миң сом,  маданият тармагына 4678,3  миң сом,  социалдык өнүгүү  тармагына 8383,8 мин сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагына 16867,4 мин сом, турак жай жана коммуналдык чарба тармагына 41467,9 мин сом жана  башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 7500,0 миң сом  өлчөмүндө бекитилсин.  (№3 тиркеме тиркелет)

3.Нарын шаардык ,билим берүү тармагына келишим менен Нарын шаарынын №16 “Ыйман” бала бакчасына кошумча 0,5 штаттык бирдиги  үчүн 68,0 миң сом акча каражаты каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.

  1. Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндө” 26-август 2004-жылдагы №165 Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин кызматкерлеринин эмгек маяналарына кошумча 25 пайыз акча каражаты кошулуп берилсин.
  2. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыкканда 1 (бир) айлык өлчөмүндө материалдык жардамга акча каражаты кошулуп берилсин.
  3. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жана Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин штаттык бирдиктери жана эмгек акылары Нарын шаардык Кеңеши менен макулдашылып Нарын шаардык мэриясы тарабынан бекитилсин.
  4. Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсуна Нарын шаарындагы 1-4- класстын окуучуларын бекер жүрүүсүнө Нарын шаардык билим берүү жана Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсу менен түзүлгөн акт-сверканын негизинде экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен каржылансын жана каржылоо жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
  5. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.

9.Нарын шаарынын муниципалдык менчиктен түшүүчү 4700,0 (төрт миллион жети жүз миң )  сом  акча каражаты жергиликтүү бюджеттин   киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу муниципалдык менчик департаменттин директорунун  персоналдык милдети деп белгиленсин.

10.Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 85333,7 (сексен беш  миллион үч жүз отуз үч миң жети жүз) сом каражатты бюджетке түшүрүү  Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматынын начальнигинин  персоналдык милдети деп белгиленсин.

11.Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан бюджеттин атайын каражатына түшүүчү  3500,0 (үч  миллион беш жүз миң )  сом акча каражаты толук чогултуу ишкананын директоруна   милдеттендирилсин

12.«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын  негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин  чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша өзүн-өзү башкаруу органынын  1 пайызга чейинки 1000,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн, мунун ичинен 300,0 миң сом  Нарын шаардык Кеңешине бекитилсин.

13.Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына , шаардык муниципиалдык менчик департаментине , Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына, Нарын регионалдык казына бөлүмүнө  жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин

14.Нарын шаарынын 2016-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2017-2018-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаарынын мэрине  жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн начальнигине тапшырылсын.

            

  Төрага                                                                                            Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, финансы бөлүмүнө, салык башкармалыгына

 

Добавить комментарий