НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
14-июнь 2016-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын алып барып жаткан иштери жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин иш планына ылайык Нарын шаарындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларындагы алып барып жаткан иштери туурасында Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын жеринде барып таанышуу, маалымат алуу боюнча жыйынтыгынын негизинде төмөндөгүлөрдү Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына билдирет:
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 1996-жылы 22-майда КРнын Президентинин Жарлыгы менен Нарын айыл-чарба техникумунун жана К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык окуу жайынын базасында түзүлгөн. НМУ өзүнчө бир бүтүн билим берүү комплекси катары иштеп, курамына агрардык –техникалык факультети, филология факультети, экономика, бизнес жана башкаруу факультети, педагогикалык факультети, К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык коллдеджи, Нарын агрардык техника-экономикалык колледжи, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу борборунун структуралык бөлүмдөрүн камтыйт.Университетте жогорку билимдин 6 адистиги,базалык жогорку билимдин (бакалавриат)12 багыты боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлөт.Анын ичинде педагогикалык багыттар жана адистиктер -8, техникалык багыттар жана адистиктер-7, экономикалык багыттар жана адистиктер-3, баардык адистиктер боюнча студенттердин жалпы контингенти-2464, анын ичинен күндүзгү окутуу формасында -1050 студент, сырттан окутуу формасында-1414 студент окуйт.2015-2016-окуу жылына карата профессордук –окутуучулук курамында 137 окутуучу-профессорлор эмгектенүүдө.Анын ичинен 131 окутуучу штаттык негизде эмгектенгендер 98 пайызды түзөт.Алардын катарында штаттагы илимдин доктору -3, штаттагы илимдин кандидаттары -45, штаттагы мугалимдер-83.Университетте 10 жылдын ичинде 43 кызматкер өз илимий изилдөөлөрүн ийгиликтүү жакташып, окумуштуулук даражага ээ болушкан.Университеттин аспирантура бөлүмүндө азыркы учурда 21 аспирант , 16 изденүүчү билимдерин жогорулатууда.2015-жылдын университеттин окутуучулары тарабынан 167 илимий макала иштелип чыгып,Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн илимий басылмаларында жарыяланган, мындан тышкары 3 илимий монография, окуу китептери, маалыматтамалар жарык көргөн Университеттин жалпы аянтты- 45195,14м кв 4 окуу корпустарын камтыйт, андан тышкары «Соң Көл» жаштар сарайы маданий массалык иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн колдонулат.14 окуу лабороториясы жана лабороториялык, практикалык сабактарды өткөрүү үчүн атайын жабдылгпн кабинеттер бар.Бардык лабороториялар тиешелүү техникалык каражаттар менен жабдылган. Компьютер менен камсыздануу деңгээли 10 студентке 1 компьютерди түзөт. 6 интернет класс студенттерге кызмат кылат. Университеттин компьютерлеринин бардыгы интернетке жана локалдык тармакка кошулган.Имараттар жана окуу бөлмөлөрү санитардык көзөмөл жана өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптарга жооп берет. Учурда Ак Коргон аймагындагы студенттер үчүн салынып жаткан спорт залы бүтүрүлгөнү турат.Окуу методикалык жана илимий-методикалык ишмердик мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде жүргүзүлөт.Окуу процесси бекитилген график боюнча жүргүзүлөт.Окутуу процессинин сапатын а зыркы замандын талабына ылайык жогорулатуу максатында билим берүүнүн сапаты бөлүмү түзүлгөн. Окуу жайда окуу адабияттары менен толук камсыз болгон. Жалпы китепкана фонду 92375 нускадан турат .2015-жылы 2896 нуска китеп 644838 сомго сатылып алынган.Университет көптөгөн эл аралык долбоорлор менен иштеп келишет. Америка , Европа, Россия, Түштүк –Чыгыш Азия өлкөлөрү жогорку окуу жайлары менен кызматташтык келишимдери түзүлгөн.Түзүлгөн келишимдин негизинде НМУнун 50дөн ашык окутуучулары жана студенттери чет өлкөлөрдөгү стажировкаларда, тажрыйба алмашууларда болуп келишкен.
Инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча Нарын мамлекеттик университети MAPREE TEMPUS долбоорунун алкагында 2015-2016- жылдарда университетке 15500 евродон ашуун суммага лаборотория алынды. Ал эми UNICO TEMPUS долбоорунун алкагында 25000 еврого лингафондук класс жабдылган. Кумтөр Голд компани долбоорунун алкагында 440000 сомго экологиялык лаборотория түзүлгөн. Студенттер арасында ар кандай тарбиялык маанидеги иш чаралар өткөрүлүп турат. Нарын мамлекеттик университетинин жетишкендиктери жана ийгиликтери менен кошо айрым кемчиликтери жана көйгөйлөрү да бар экендигине тиешелүү комиссия барып таанышкан учурда күбө болушкан. НМУнун агрардык техникалык факультетинде барган учурда аудиторияда сабакка катышкан балдардын саны аз болуп, окутуучулардын айтымына караганда студенттердин окууга тартылуусу пассивдүү болуп жаткандыгын билдиришкен. Окуу жылынын башынан бери сабакка келбей жүргөн студенттер да бар болсо дагы, ушул күнгө чейин окуудан чыгарылбай, тизмеде жүргөн студенттер да жок эмес.Окутуучулар сабакка келген гана балдардын тизмесин журналга жазат, ал эми группада канча студент бар экенин биле алышпайт. Филология факультетинде да ушул көрүнүш кайталанып 1 группада бирден, экиден гана студент отурган. Окутуучулар сабак учурунда жок болгондуктан, сабак үзгүлтүккө учурап калган. Комиссия барган учурда окутуучу сабакка келбегендиктен, студенттер аудиторияны таштап, сыртка чыгып кетип жатышкан. Ал эми факультеттин деканы Г.Сатылган кызы окутуучулар жана студенттер жолугушууга кеткен деген жообунан башка эч нерсе айта алган жок. Айрым студенттердин ой пикирлерине таянсак учурдагы НМУнун кадыр-баркы алда канча ылдыйлап, студенттердин сабакка болгон кызыгуусу начарлап калгандай.Буга жогорудагы көрүнүштөр да күбө боло алат. Юридикалык колледжге тапшыруу үчүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык Академиясына барып экзаменден жана беседадан өтүү керек. 9-11 класстын базасында тапшырылат.Окуу мөөнөтү 3 жыл. Колледжде учурда 144 студент окуйт.Окуу контрактык негизде жүргүзүлөт.Бир жылга контрактын өлчөмү 18900 сомду түзөт. Жетимдерге 10%дан 50 %га чейин жеңилдиктер каралган.Колледжде жалпы 26 адам эмгектенет, анын ичинен 13ү мугалимдер.2015-жылга карата 80 бала кабыл алынышы керек болсо 40 гана окуучу кабыл алынган.Студенттер 2 сменде билим алып окушат. Практикалык сабактар өткөрүлүп турат. Соттук процесстин жүрүшүнөн чагылдырылган практикалык сабактын өтүлүшүнө комиисия күбө болуп, окуу жайдагы окуучулардын билим деңгээли жогору экенине өтүлгөн сабактын натыйжасынан билип келдик.Кадимки соттук процесс болуп аткандай деңгээлдеги өтүлүп жаткан сабакта окуучулар өздөрүн процессте болуучу бардык нормаларды сакталып жаткандыгы бизди кубандырды.Ал эми окуу жайдын жетекчилигинин айтымында окуу жайда спорт аянтча жок, курууга жер аянты муниципалитетке карагандыктан мүмкүн болбой жаткандыгын билдирди. К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылган окуу пландардын негизинде окуу процесси жүргүзүлөт.Окуу жайда башталгыч класстардын мугалими, колдонмо информатика, дене тарбия, мектепке чейинки билим берүү,социалдык педагогика, социалдык маданий ишмердүүлүк, информатика, чет тили мугалими адистиги боюнча студенттерди даярдайт. Учурда окуу жайда 53 окутуучу эмгектенент.Алардын ичинде 1 педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даража, 11 окутуучу Эл агартуунун отличниги, 17 окутуучу жогорку категориялуу, 10окутуучу 1-категориядагы, Педагогикалык коллективдин 60 % жаштар түзөт.Окуу жайда көпчүлүк адабияттар орус тилинде болгондуктан студенттер кыйналышат, себеби окуу жайга айыл жергесинен студенттер көбүрөөк келип окушат.Интерактивдүү доскалар жок. Музыкалык билим берүү, мектепке чейинки билим берүү , социалдык маданий ишмердүүлүк жана технология адистиктери боюнча мектептерде, мекемелерге жогорудагы адистер жетишпегендигине байланыштуу,бул адистердин ордуна башка адистеги кызматкерлер иштеп келишүүдө.Музыкалык билим берү адистигине өзгөчө муктаждыктар жаралууда. Окуу жайдын имраты капиталдык ремонттон канча жылдан бери өтпөгөндүктөн, авариялык абалда турат. Спорттук инвентарлар жетишсиз. Учурда окуу жайга тиешелүү жердин жеке ишкер менен талашуу иши сотко чейин өтүп, маселе кандай чечилээри да белгисиз. Педагогикалык окуу жайга тиешелүү жер аянты сот органдары аркылуу туура эмес чечим чыгарылгандыктан талаш-тартыштарды жаратууда. Нарын медициналык колледжи 5 адистик кесип боюнча даярдоо иши жүргүзөт. Дарылоо иши, акушердик иш, стоматология, фармация, медициналык айым иши.2016-жылга карата студенттердин контингенти -590, мунун ичинен бюджеттик негизде -479, контрактык негизде-111 студент билим алат.2015-2016-окуу жылына педагогикалык жамаат 44 штаттык окутуучудан, 16 айкалыштырып иштеген окутуучулардан турат. Нарын медициналык окуу жайынын имаратына кирээрде эле окуу жайда иш жүрүп жаткандыгын билүүгө болот.Студенттердин сабакка болгон кызыгуусу артып, сабакка мугалимдер да студенттер да калбай катышышып, окуу жайдын денгээли жогору экендигинен маалымат берет.Аудиториялар да таза жана заманбап жабдыктар менен жабдылган.Окуу жайдын базасы талапка жооп берет. Окутуучулардын усулдук комплекстери жана мультимедиалык прецентациялары жогорку денгээлде түзүлгөн. Колледжде жетишкендиктер менен кошо көйгөйлөр да бар. Спорт залдын жоктугу, кадрлардын жетишсиздиги, окуу бөлмөлөрдүн жетишсиздиги студенттер менен мугалимдердин ортосунда кыйынчылыктарды жаратып келет. Ошондой эле окуу жайдын ичинде жайгашкан ҮДТнын болуусу ар кандай тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгын жетекчилик билдирип, башка имаратка көчүрүү боюнча депутаттардын атынан Нарын облустук үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылуу жөнөтүүбүздү суранды. М.Субакожоев атындагы кыргыз –түрк лицейинде билим берүү жогорку деңгээлде. Окуу жай 1993-жылы 23-сентябрда ачылган. Лицейде жалпысынан 296 бала окуйт. Республиканын баардык аймактарынан келип окушат. Окуучулардын дээрлик көпчүлүгү контрактык негизде билим алышат. Окуучунун жетишкендиктерине карата жеңилдиктер коюлуп турат . Быйылкы окуу жылында контрактын өлчөмү алда канча өсүп кеткен. Мисалы 7-класстар үчүн 1800$ , 8-класстар үчүн 1700$ болсо, 9-10-11-класстар үчүн 60миң сомду түзөт. Окуучулар 3 маал тамак жана жатакана менен камсыз болушат. Жаңы жетекчиликтин демилгеси менен окуучуларга жаңы үлгүдөгү форма берилмекчи. Окуу жай Нарын шаарында жайгашып облустук маанидеги окуу жай болсо дагы Нарын облусунан сырткары келип окуган окуучулар басымдуу кылат. Республикабыздагы башка түрк лицейлерине салыштырмалуу контракт баасы төмөнүрөөк болгондуктан сырттан көбүрөөк келип билим алып жаткандыгы, ал эми өзүбүздүн облустун окуучулары Республикабыздын башка лицейлеринен барып билим алып жаткандыгы жана контракты көп төлөгөндүгү ойго салбай койбойт. Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейи жыгач уста, тигүүчү, автослесарь «С» категориядагы айдоочу, улуттук буюм жасоочу, ашпозчу кесиптерине окутуу боюнча окуу прцесси жүргүзүлөт. 2016-окуу жылына 165 окуучу кабыл алынган. Педагогикалык жамаат 58 инженер, алардын 42си жогорку, 16сы орто билимдүү, 4 элге билим берүүнүн,15 кесиптик билим берүүнүн мыкты наамындагы кызматкерлер эмгектенишет. Студенттер жатаканага жатып, 3 маал тамак менен камыз болушкан.Жатаканын санитардык абалы, шарты талапка жооп берет. Окуу класстары косметикалык ремонттон өткөрүлгөн. Жогорудагылардын негизинде «Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт» боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
- С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетиндеги жана К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык окуу жайындагы сабактардын үзгүлтүккө учурашы, студенттердин сабакка тартылуусунун начардыгы жана окуу тарбия иштериндеги кемчиликтери белгиленсин.
- Нарын Мамлекеттик Университетинин жана К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык окуу жайынын окуу процессинин жүрүшүн толугу менен көзөмөлдүккө алуу жана айрым окутуучулардын иш алып баруусун жана сабактардын берилишин жакшыртуу жагы окуу жайлардын жетекчиликтерине тапшырылсын жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекттик университетинин ректоруна жүргүзүп жаткан жалпы иштер боюнча маалымат кат жөнөтүлсүн.
- М.Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин жетекчилигине окуучуларды кабыл алууда Нарын облусунда жашаган окуучуларды көбүрөөк кабыл алуу жагына басым жазоосун эске алуусу белгиленсин.
- Нарын медициналык колледжинде окуу кабинеттеринин жетишсиздиги белгиленсин жана окуу жайында жайгашкан үй бүлөлүк дарыгерлер тобун башка жакка жайгаштыруу боюнча Нарын облустук үй бүлөлүк медицина борборунун директору М.Аляскаровго кат жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага Э. Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, НМУга, Нарын шаарындагы атайын орто окуу жайларына;