НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXI I СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                          

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXI I  СЕССИЯСЫНЫН

    №  3  ТОКТОМУ

14-июнь    2016-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаарынын тургуну Азия чемпиону У.Жолдошбековго турак үй курууга кезексиз жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

                   Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын тургуну Азия чемпиону У.Жолдошбеков турак үйү жок болгондугуна байланыштуу кезексиз жер аянтын берүү боюнча арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде Нарын шаардык Кеңеши Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясына” жана Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине кат жолдогон. Жер комиссиясы жана муниципалдык менчик департаменти спорттун чемпиондоруна турак үй курууга кезексиз жер берүү боюнча жеңилдиктер  каралбагандыгын белгилеп, бул маселени шаардык Кеңештин сессиясында  кароо жагын сунушташкан. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна тиешелүү мекемелердин жоопту кызматкерлери жана шаардын 1-вице мэри А.Сурановдун катышуусунда коюулуп, башка шаарларда спорттун жеңүүчүлөрүнө даяр турак үй маселелери чечилип жаткандыгын эске алуу менен  азия чемпиону У. Жолдошбековдун турак үйү жок болгондугуна байланыштуу ага карата моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында,   кезексиз турак үй курууга жер аянтын чечип берүүнү  сессияга жалпы депутаттардын талкуусуна коюу боюнча отурумдун протоколун кабыл алышкан.

Жогорудагылардын негизинде  сессияга катышкан депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Азия чемпиону У.Жолдошбековдун турак үйү жок болгондугуна байланыштуу ага карата моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында турак үй курууга кезексиз жер аянтын чечип берүүгө макулдук берилсин.
  2. Азия чемпиону У.Жолдошбековго кезексиз турак үй курууга жер аянтын чечип берүү маселесин Нарын шаардык мэриясынын алдындагы жер комиссиясынын отурумуна киргизүү Нарын шаардык мэриясына, шаардык муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  Т=рага                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга,  шаардык мэрияга, муниципалдык менчик департаментине

Добавить комментарий