НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН    XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ XXXII     СЕССИЯСЫНЫН

                                                    № 4  ТОКТОМУ                                             

14-июнь 2016-жыл                                                                                                                                          Нарын шаары

Нарын  шаарындагы  ден  соолукту  чыңдоо  борборунун  (ФОК)  бош  убактыларында  жана  кечки  мезгилде  мекеме , ишканаларга  ижарага       берүүдөгү  ижара  акысынын  тарифин  бекитип  берүү  жөнүндө

          Нарын  шаардык  Кеңешине  Нарын  шаарынын  биринчи  вице  мэри А.Суранов  Нарын  шаарындагы  спорт  тармагындагы  иштерди  жөнгө  салуу жана  иштин  кызыкчылыгына  байланыштуу  шаардык  мэриянын  2016-жылдын  20-январындагы  №14-б  буйругу  менен  ден  соолукту  чыңдоо  борборун (ФОК) Нарын  шаардык  балдар-уландар  спорт  мектебине  оперативдик  башкаруу  укугу  менен  ижарага  берилген.  Ошону  менен  бирге  ден  соолукту  чыңдоо  борбору (ФОК) бүгүнкү  күндө  бир  катар  ремонт  иштерин  талап  кылууда.Тактап  айтканда  ФОКтун  ичин,тышын ремонттоо,  жылуулук  системасын  киргизүү  жана  кире  беришинин  үстүн жабууга  бир  топ  каражат талап кылынууда.

          Ден  соолукту  чыңдоо  борбору  ижарага  берүүдөгү  мурунку  тарифи  2002-жылы  Нарын  облустук  монополияга  каршы агенттиги  тарабынан  саатына 200 сом деп  бекитип  беришкен. Башкача  айтканда  аренда  акысынын  тарифи  14жылдан  бери  өзгөрүлгөн  эмес.

         Монополияга  каршы жөнгө  салуу  мамлекеттик  агенттигинин  Нарын  облустук  бөлүмүнөн  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2012-жылдын  10-февралындагы  «Аткаруу  бийлигинин  органдары  жана  мемемелери  көргөзгөн мамлекеттик  кызматынын  бирдиктүү  реестр  бекитүү  жөнүндөгү»  №85  токтомунун  тизмесине  кирбегендигине  байланыштуу  прейскурсантты  макулдашуу  алар  аркылуу  жүргүзүлбөй  тургандыгы  жөнүндөгү  кат  алынган.

           Нарын  шаардык  балдар-уландар  спорт  мекмеси  шаардык  ден  соолукту  чыңдоо  борборун  (ФОК) мекеме , ишканаларга  арендага  берүүдөн  өткөн 2015-жылы  мекемеге  арендадан  200,0 миң  сом  түшүп, анын  150,0 миң  сому  ФОКтун  ичин ,тышын  сырдоого  жана  жараксыз  терезелерин  алмаштырууга , жана  терезелерди  темир  торлор  менен  тосууга  чыгымдалган. Калган  50,0 миң  сом  акча  каражаты  өзүнүн  өздүк  счетунда  сакталууда. Жыл  сайын  ден соолукту  чыңдоо  борбору  текуңий  ремонттон  өткөрүлүп  турат. Ал  эми  2014-жылы  мекемеге  арендадан  160,0 миң сом  тапкан. Мунун  60,0миң сому  мекеменин  машыктыруучулары  жуунчу  жайдын  үстүн  жана  ичин  ондоп түзөөгө  чыгымдалган. Калган  100,0мин  сом ФОКтун жалпы  ремонт  иштерин  жазоого  жумшалган.

            Нарын  шаарынын  «Бюджет, финансы  жана  экономика  боюнча» туруктуу  комиссиясынын  отурумунда  бул  маселе  2016-жылы  11-майында  каралып, ден  соолукту  чыңдоо  борборун окуучулардын  спорттук  машыгуулары  бүткөн  убактан  кийин  мекеме , ишканаларга  ижарага  берүүнүн  бир  сааттык  ижара  акысын  400 сомго  көтөрүү  зарыл  экендигин  белгилешип, бул  маселени  сессиянын  кароосуна  сунушташты.  Ошондой  эле  бул  мекеменин  ремонтуна  ж.б  чыгымдарына 2016-жылдын  бюджетинен  акча  каражаты  каралган  эмес.

            Нарын  шаардык  Кеңешинин  «Бюджет, финансы  жана  экономика, ишмердүүлүк,  инвестиция   боюнча»  туруктуу  комиссиясынын  жана  Нарын  шаардык  мэриясынын  сунуштарын  талкуулап  Нарын  шаардык  Кеңешинин  сессиясы

                                             ТОКТОМ       КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык  ден  соолукту  чыңдоо  борборун  бош  убактысында  мекеме,

      ишканаларга  ижарага  берүүдө  акча  каражатын  табууга  толук  мумкунчулугу  бар

      экендигин  белгилеп, 1 (бир)  сааттык  ижара  акысынын  жаны  тарифи  400 сом  деп

      бекитилип  берилсин.

  1. Нарын шаардык ден  соолукту  чыңдоо  борборун  ижарага  берүүдө  мекеме,

     ишканалар  менен  келишим  түзүү  жана  түшкөн  акча  каражатын  сарамжалдуу,

     максаттуу  пайдалануу  Нарын  шаардык  балдар-уландар  спорт  мектебинин

     жетекчилигине  тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп  туруу   Нарын  шаардык  мэриясына     тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ден соолукту чыңдоо борборуна

 

Добавить комментарий