НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XX I СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                                          

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ XX I  СЕССИЯСЫНЫН

№  1  ТОКТОМУ

16-апрель 2015-жыл                                                                                                                        Нарын шаары

Кыргыз  Республикасынын финансы министрлигине жазылган үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын долбооруна жергиликтүү бюджеттен  өздүк салым бөлүү жөнүндө.

      Нарын шаардык  мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) гранттына 6 долбоор жазылып сунуштаган.Жазылган долбоордун  жалпы суммасы 12 942 638 сом. Мунун 11 629 378 сому Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин  үлүштүк гранттан, ал эми 1 313 260 сому жергиликтүү бюджеттин өздүк салымынан берилмекчи. 2013-жылы АРИС программасы аркылуу 40,0 миң $га Нарын шаарынын  Ленин көчөсүнүн түндүк тарабындагы  тротуары облустук профсоюздун имаратынан Нарын мамлекеттик университетинин имаратына чейинки бөлүгүнө брусчатка плиткалары төшөлүп бүткөрлгөн. Башкача айтканда бөлүнгөн акча каражаты жетишпегендиктен  долбоор аягына чыкпай калган.                                              Долбоору толук аягына чыгыш үчүн Нарын мамлекеттик университетинен  Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүнө же 1220 чарчы метр жерге брусчатка төшөөгө 1 570 107 сомго өзүнчө бөлүп жазоого долбоор даярдалган. Мунун 1413 097 сому үлүштүк   (дем берүүчү) гранттан, ал эми 157 010 сому же 10 пайызы өздүк салымдан берилмекчи.                                                                              Мындан сырткары Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы М.Таранчы көчөсүнөн, Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүнө бурсчатка төшөөгө 2 709 899 сомго долбоор жазылып, сметасы даярдалган. Мунун 2 438 910 сому үлүштүк гранттан, 270 989 сому же 10 пайызы өздүк салымдан берилмекчи. Ушул эле көчөнүн  түштүк тарабындагы тротуарынын эки жак жээгиндеги Таранчы көчөсүнө, Таалай көчөсүнө чейинки арыка темир бетон лотокторун жаткызууга 2 254 489 сомдун долбоор жазылып, мунун 2 029 040 сому үлүштүк гранттан  225 448 сому же 10 пайызы өздүк салымдан берилмекчи.                                            Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратын кезектеги ремонттон өткөрүүгө 2 243 153 сомго үлүштүк грантка долбоор жазылган. Анын  1999838 сому үлүштүк (дем берүүчү) гранттан, 243 315 сому же 10 пайызы өздүк салымдан каржыланмакчы. Ошондой эле Московский аймагындагы Ж.Акималиев атындагы паркынын түштүк тарабындагы бөлүгүнүн айланасын темир решетка менен тосууга 1 282 966 долбоор жазылган. Мунун өздүк салым сому же 10 пайызы128 296 сом  калганы  1 154 670 сому үлүштүк гранттан берилмекчи.

             Нарын шаарындагы №10 Ж.Чолпонбаев атындагы мектептин имаратын кезектеги ремонттон өткөрүүгө  2 882 024 сомго долбоор жазылып, анын 2 593 822 сому үлүштүк гранттан, 288 202 сому же 10 пайызы өздүк салымдан каржыланмакчы.

Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин маалыматын угуп, талкуулап шаардык Кеңештин сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин  үлүштүк (дем берүүчү) гранттына сунушталган 6 долбоорунун өздүк салымына 1 313 260 (бир миллион үч  жүз он үч миң эки жүз алтымыш) сом акча каражаты бюджеттин экономикалык чыгымдар статьясынан кароого макулдук берилсин (долбоор тиркелет).

2.      Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан өткөн долбоорлорго убагында өздүк салымына берилүүчү акча каражатын которуп берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө  (Ж.Үрүстөмов) милдеттендирилсин.

3.      Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                    Төрага                                                                                        Э.Турдалиев

 Жөнөтүлсүн: КРнын финансы министрлигине, иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык финансы бөлүмүнө, туруктуу комиссияга. 

 

    Нарын   шаардык   Кеңешинин                 2015-жылдын 16-апрелиндеги  XXI          кезексиз                                                                                                                                     сессиясынын                           № 1токтомуна   тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын финансы  министрлигинин  үлүштүк (дем берүүчү) гранттарына   сунушталган  обьектилерге   берилүүчү өздүк

салым

 

Обүектинин жана жазала турган жумуштардына   талышы

Жалпы сметалык баасы (сом)

Мунун  ичинен өздүк салымга берилүүчү сумма (сом)

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттан суралуучу каражаттын суммасы (сом)

1

Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы тротуардын М. Таранчы көчөсүнөн Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүнө брусчатка плиткаларын төшөө жумуштарын жазоого

2709899

270989

2438910

2

Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы тротуардын М. Таранчы көчөсүнөн Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын эки жак жээгиндеги арыктарга темир бетон лотокторун жаткызууга

2254489

225448

2029041

3

Нарын мамлекетик университетинин имаратынан Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүнө же 1220 м2жерине брусчатка плиткаларын төшөөгө

1570107

157010

1413097

4

Нарын шаарындагы №5 К. Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратын кезектеги ремонттон өткөрүүгө

2243153

243315

1999838

5

Нарын шаарынын Московский аймагында  жайгашкан Ж. Акималиев атындагы парктын түштүк  тарабындагы бөлүгүнүн  айланасын   темир решетка менен тосууга

1282966

128296

1154670

6

Нарын шаарындагы №10 Ж. Чолпонбаев атындагы мектептин имаратына   кезектеги ремонт иштерин   жүргүзүүгө

2882024

288202

2593822

 

Жалпы сумма

12942638

1313260

11629378

 

Нарын шаардык   Кеңешинин

 

     аппарат жетекчиси                                                                   А. Абдыкеримов

Обсуждение закрыто.