НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН    XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXII СЕССИЯСЫНЫН          №  9  ТОКТОМУ

14-июнь   2016-жыл                                                                                                                                              Нарын шаары

                               Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Теке Секирик” участогунан  “Жамияти Ассалам Лиль Амааль  Аль Инсааният Валь хайрия” Коомдук кайрымдуулук фондуна  балдар үйүн куруу үчүн   берилген жер аянтынын ижара акысынан  бошотуу  жөнүндө

2016-жылдын 9-июунунда Нарын шаардык мэриясынын алдындагы жер комиссиясы тарабынан Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Теке Секирик” участогунан 15630 чарчы метр жер аянты   “Жамияти Ассалам Лиль Амааль  Аль Инсааният Валь хайрия” коомдук кайрымдуулук фондуна   жетим балдар үйүн куруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 1 айлык ижара акысы 468900 сомго берилген. Жер комиссиясына   “Жамияти Ассалам Лиль Амааль  Аль Инсааният Валь хайрия” коомдук кайрымдуулук фондунун ишенимдүү адамы Кожогелдиев Артур Абдыкадырович катышкан.                                                                                                            “Жамияти Ассалам Лиль Амааль  Аль Инсааният Валь хайрия” коомдук кайрымдуулук фондунун ишенимдүү адамы Кожогелдиев Артур Абдыкадырович Нарын шаардык Кеңешине 2016-жылдын 13-июунунда  жетим балдар үйүн курууга 25жылдык мөөнөткө  ижарага берилген 15630 чарчы метр жер аянтынын ижара акысынан бошотуп берүүнү, бул жер аянтына куруулучу  балдар үйү  менен катар ал жерге  билим алуучу мектеп, ашкана, тигүүчү цех, футболдук аянтча, ФАП,  дүкөн, нан бышыруучу цех, балдар эс алуучу бакча курулаарын жана РТС аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана  “Теке Секирик” аймагына суу чыгаруу иштери да колго алынаарын белгилөө менен атайын кайрылуу жолдогон.                                             Кайрылууда балдар үйүн салууга долбоор 3 жылдын ичинде ишке ашып, ал жерде тарбиялануучу балдардын билим алуусу эч кандай диний агымдарга багытталбастан,  кыргыздын каада салтына ылайык,   Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин стандарттарынын негизинде жүргүзүлөөрүн билдирүү менен  балдар үйүнүн курулуш иштерин баштоодо Жамияти Ассалам Лиль Амааль  Аль Инсааният Валь хайрия”   кайрымдуулук фонду социалдык багытта болгондугуна байланыштуу,  Нарын шаардык мэриясынын алдындагы жер комиссиясы тарабынан бекитилген бир айлык   469800 сом ижара акыны төлөөгө мүмкүн болбой жаткандыгын билдирүү менен ижара акысынан бошотуу жагын карап берүү боюнча билдиришкен.Кайрылуу шаардык Кеңештин депутаты У.Сопакунов тарабынан сессиянын күн тартибине кошумча киргизилип, депутаттардын талкуусуна коюлду.                                                               Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Теке Секирик” участогунан  “Жамияти Ассалам Лиль Амааль  Аль Инсааният Валь хайрия” коомдук кайрымдуулук фондуна   жетим балдар үйүн куруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө  берилген 15630 чарчы метр жер аянтына төлөнүүчү ижара акысынан бошотуу жөнүндө кайрымдуулук фонддун ишенимдүү өкүлү А.Кожогелдиевдин жана депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Теке Секирик” участогунан “Жамияти Ассалам Лиль Амааль Аль Инсааният Валь хайрия” коомдук кайрымдуулук фондуна   жетим балдар үйүн куруу үчүн 15630 чарчы метр жер аянтын  25 жылдык мөөнөткө ижара акысыз берүүгө макулдук берилсин.
  2. Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Теке Секирик” участогунан “Жамияти Ассалам Лиль Амааль Аль Инсааният Валь хайрия” коомдук кайрымдуулук фондуна    балдар үйүн курууга жер аянтын берүүдө Нарын шаардык мэриясы, шаардык муниципалдык менчик департаменти тарабынан курулуш иштерин бүткөрүүнү  3 жылдык мөөнөттү так көрсөтүү менен Мыйзам талаптарына ылайык эки тараптуу келишим түзүү жагы тапшырылсын.

3.“Жамияти Ассалам Лиль Амааль  Аль Инсааният Валь хайрия” коомдук кайрымдуулук фондуна    балдар үйүн курууга берилип жаткан    15630 чарчы метр жер аянты,  эгер  балдар үйүнүн курулушу 3 жылдык мөөнөттө бүткөрүлбөсө, жер аянты кайрадан кайтарылып алынсын.

4.Нарын шаардык мэриясы тарабынан  “Жамияти Ассалам Лиль Амааль  Аль Инсааният Валь хайрия” коомдук кайрымдуулук фондусунун каржылоосунун жана макулдуктарынын негизинде РТС аймагынын инфроструктурасын өнүктүүрүгө, “Теке-Секирик” аймагына таза суу чыгартууга багытталган иш аракеттер колго алынсын.

5.Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага                                                               Э.Турсуналиев

____________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММДга, “Жамияти Ассалам Лиль Амааль  Аль Инсааният Валь хайрия” коомдук кайрымдуулук фондусуна

Добавить комментарий