НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXV СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

    НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXV СЕССИЯСЫНЫН

№  3 ТОКТОМУ

15-сентябрь  2016-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин  16.07.2014-жылдагы сессиясынын  №3 токтомуна өзгөртүү киргизип, ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө      

            Нарын  шаардык Кеңешине  шаардык Кеңештин 16.07.2014-жылдагы сессиясынын  №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү  боюнча  Нарын шаардык мэриясы 26-август  2016-жылы №03\1417 сунуш каты менен кайрылган. Сунуш шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, комиссиянын отурумунда маселени  сессиянын күн тартибине киргизүү сунушун беришкен.                                                                     

  Нарын шаардык мэриясынын  сунуш катынын жана туруктуу комиссиянын сунушунун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсине, “Мулккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын  19-беренесине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                             ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин 07.2014-жылдагы сессиясынын  №3 токтомуна Нарын шаардык мэриясынын  сунушуна ылайык   өзгөртүү киргизилип,    муниципалдык жер аянтын ижарага берүүнүн тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.  ( жер аянттарын ижарага берүүнүн тарифи тиркелет)
  1. Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу, ижарага берүүдөгү  иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү, ижара акыларын  өз убагында чогултуу,  жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга карата бекитилген планды аткаруу  Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине  милдеттендирилсин.
  2. Бул токтом 1-октябрь 2016-жылдан баштап күчүнө кирсин. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин жыл башында бекитилген планына өзгөртүү киргизүүгө карата 9 айдын жыйынтыгы менен сессияга сунуш киргизүү шаардык мэрияга жана шаардык муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылысын.

Төрага                                                                                                           Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, муниципалдык менчик департаментине.

 

 

Добавить комментарий