НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                          НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                                   

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXV  СЕССИЯСЫНЫН

№  2 ТОКТОМУ

15-сентябрь  2016-жыл                                                                                                                    Нарын шаары

Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь  2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын шаарынын Көтөрмө аймагындагы Боогачы көчөсүндө жайгашкан 3000,0 чарчы метр муниципалдык жер аянты Нарын шаарынын “Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги” зонада Р-4 зонасына (зона специальных зеленых нахождений) зонасына кирет.Бүгүнкү күндө бул жер аянты ар кандай курулуш таштандыларрга толуп, сугат суу жок болгондугуна байланыштуу жашылдандыруу иштери жүргүзүлбөй келет. Нарын шаардык мэриясы жогорудагы жер аянтына жеңил типтеги курулуш материалдары менен көмүр, отун базасын уюштуруу үчүн К-1 зонасына которуп берүү үчүн кайрылган.

Нарын шаарынын Көтөрмө аймагындагы Боогачы көчөсүндө жайгашкан 3000,0 чарчы метр муниципалдык жер аянтына жеңил типтеги курулуш материалдары менен көмүр, отун базасын уюштуруу үчүн  жогорудагы аймактын күн чыгыш тарабындагы узуну 200,0 метр, туурасы 15 метр жер аянты Р-4 зонасынан (зона специальных зеленых нахождений)  К-1 зонасына ( зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) которуп берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын жана туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын Көтөрмө аймагындагы Боогачы көчөсүндө жайгашкан 3000,0 чарчы метр муниципалдык жер аянты Нарын шаарынын “Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги” зоналарга өзгөртүү киргизилип жеңил типтеги курулуш материалдары менен көмүр, отун базасын уюштуруу үчүн ушул аймактын күн чыгыш тарабындагы узуну 200,0 метр, туурасы 15 метр жер аянты Р-4 зонасынан (зона специальных зеленых нахождений)  К-1 зонасына ( зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) которулсун.
  2. Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизъъ Нарын шаардык мэрясына, Нарын облустук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына тапшырылсын.

  1. Бул токтомдун аткаруу Нарын шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

 

  Төрага                                                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,  шаардык мэрияга, ММДга, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, архитектурага

Добавить комментарий