НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ   XXXVI  СЕССИЯСЫНЫН

№  1 ТОКТОМУ

10-ноябрь   2016-жыл                                                                                                                                Нарын шаары

Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин кызматтык ыйгарым укуктарынын аткарылышын токтотуп туруу жөнүндө

 Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарынын мэри Адиев Рахат Нурдинович 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү  Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын  шайлоосуна КСДП партиясынан депутаттыка талапкер болуп катталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык 2016-жылдын 11-ноябрынан баштап, шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин кызматтык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп туруу боюнча чечим кабыл алып берүү боюнча 2016-жылдын 10-ноябрында №03\1832 сунуш каты менен кайрылышкан.

Сунуш кат боюнча  шаардык Кеңештин 10-ноябрь 2016-жылдагы кезексиз сессиясында  депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин  кезексиз сессиясы

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарынын мэри Адиев рахат Нурдинович 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын  шайлоосуна КСДП партиясынан депутаттыка талапкер болуп катталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин 4-пунктуна  ылайык 2016-жылдын 11-ноябрынан баштап, шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин кызматтык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп турууга макулдук берилсин.
  2. Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы шаардын  мэринин кызматтык пайдалануусундагы 0006 NA мамлеттик номерлүү ГАЗ 31105 маркасындв “Волга” автоунаасы шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин кызматтык пайдаланууга колдонулбасын.
  3. Шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин Нарын шаардык мэриясынын балансасындагы 2020 NA НИВА 2123 үлгүсүндөгү автунаасын Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  С.Эсенаманованын кызматтык пайдалануусуна колдонууга макулдук берилсин.

 

  Төрага                                                                                                 Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга

Добавить комментарий