НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXXVI  СЕССИЯСЫНЫН №  2 ТОКТОМУ

10-ноябрь   2016-жыл                                                                                                                           Нарын шаары

Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь  2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын  шаарында ЕББР менен биргеликте таза суу жана канализация магистралдарынын реконструкция жана курулуш иштеринин долбоорлук  иштери башталгандыктан, Московский жана РТС чөлкөмдөрүнүн элине таза сууну толугу менен элге жеткизүү үчүн жаңы скважиналар жана таза суу сактоочу резервуарлар керектиги аныкталган.

Нарын шаардык суу-канал ишканасынын жетекчилиги  шаардык муниципалдык менчик департаментинин “Бирдиктүү терезе” кызматынын жоопту кызматкерлери  суу алуучу жайларды жана резервуарларды курууга ылайыктуу жер тилкелерин  жеринде көрүшүшкөн.                                  Нарын облусунун шааркурулушу жана аррхитектура боюнча башкармалыгы,  Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыктары   Московский аймагындагы Жеңиш паркынын батыш тарабында суу алуучу жай жайгаша турган Р-1 зонасындагы 0,25га жер тилкесин жана Московский аймагынын түндүгүндө тоо этегинде резервуарлар жайгаша турган Р-5 категориясындагы 0,30га жер тилкесин жана РТС аймагынын чыгышында суу алуучу жай жайгаша турган Р-3 зонасындагы 0,50га жер тилкеси, резервуаплар жайгаша турган Р-5 категориясындагы 0,30 га жер тилкесинин зоналарын С-4 зонасына которууга болоорун билдирүү менен шаардык Кеңешке кат жузундө билдирүүлөрдү беришкен.     Московский жана РТС чөлкөмдөрүнүн элине таза сууну толугу менен элге жеткизүү үчүн жаңы скважиналар жана таза суу сактоочу резервуарларды куруу боюнча Нарын шаардык суу-канал ишканасынын жетекчиси Н.Максуталиевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарында ЕББР менен биргеликте таза суу жана канализация магистралдарынын реконструкция жана курулуш иштеринин долбоорлук  иштери башталгандыктан, Московский жана РТС чөлкөмдөрүнүн элине таза сууну толугу менен элге жеткизүү үчүн жаңы скважиналар жана таза суу сактоочу резервуарларды куруу үчүн Московский аймагындагы Жеңиш паркынын батыш тарабында суу алуучу жай жайгаша турган Р-1 (зона городских парков, набережных)  зонасындагы 0,25га жер тилкесин жана Московский аймагынын түндүгүндө тоо этегинде резервуарлар жайгаша турган Р-5(зона сохраняемых природных ландшафтов) зонасындагы 0,30га жер тилкесин жана РТС аймагынын чыгышында суу алуучу жай жайгаша турган Р-3(зона ландшафтно-рекреационных территорий)  зонасындагы 0,50га жер тилкеси, резервуарлар жайгаша турган Р-5(зона сохраняемых природных ландшафтов)  категориясындагы 0,30 га жер тилкесинин зоналарын С-4 (зона головныхсооружений) зонасына которулсун.
  2. Московский жана РТС чөлкөмдөрүнүн элине таза сууну толугу менен элге жеткизүү үчүн жаңы скважиналар жана таза суу сактоочу резервуарларды куруу үчүн Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык мэрясына, Нарын облустук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткаруу Нарын шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

  Төрага                                                                                            Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, архитектура башкармалыгына

Добавить комментарий