НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXXVI  СЕССИЯСЫНЫН

№  3  ТОКТОМУ

10-ноябрь   2016-жыл                                                                                                                              Нарын шаары

Нарын суу канал ишканасында жеке  менчик үй ичиндеги кызмат көрсөтүүнүн ЖОБОсун бекитүү жөнүндө

         Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык суу канал ишканасы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынынын Нарын шаарын суу менен камсыз кылуу, калыбына келтирүү долбоорунун негизинде Нарын шаарында ичүүчү суу жана агынды тармактарынын жеке менчик үй ичиндеги кызмат көрсөтүүнун Жобосун бекитип берүү сунушу менен кайрылышкан. Сунуш шаардык Кеңештин 10-ноябрь 2016-жылдагы кезексиз сессиясынын күн тартибине сунушталган.

Нарын шаарында ичүүчү суу жана агынды тармактарынын жеке менчик үй ичиндеги кызмат көрсөтүүнун Жобосу боюнча Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси Н.Макусуталиевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарында ичүүчү суу жана агынды тармактарынын жеке менчик үй ичиндеги кызмат көрсөтүүнүн Жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
  2. Нарын шаарында ичүүчү суу жана агынды тармактарынын жеке менчик үй ичиндеги кызмат көрсөтүүнүн Жобосундагы көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен иш алып баруу шаардык суу-канал ишканасына тапшырылсын.

 

 

  Төрага                                                                                           Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык суу канал ишканасына

Добавить комментарий