НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXVI  СЕССИЯСЫНЫН

№  7 ТОКТОМУ

10-ноябрь  2016-жыл                                                                                                                 Нарын шаары

 

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетине 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын мекемелерге  бөлүү жөнүндө

Нарын шаардык  жашылдандыруу мекемеси мекемеге пайдаланууга кран манипулятор автоунаасын алууга 1,5 млн сом , Нарын облусунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы Нарын шаардык мэриясы менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз ара эсептешүүнүн негизинде аткарылган кызмат үчүн 293,0 миң сом, Нарын суу канал ишканасы   суу алуучу жана суу топтоочу жайлардын  кайтаруусу үчүн адистештирилген күзөт  кызматына 500,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча сунуш каттар менен кайрылшкан. Сунуш каттар шаардык Кеңештин алдындагы Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясынын кароосуна коюлуп, туруктуу комиссия жогорудагы маселелерди шаардык Кеңештин 10-ноябрь 2016-жылдагы кезексиз сессиясынын күн тартибине сунушташкан.

Акча каражатын бөлүп берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Ботокановдун билдирүүсун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетине 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаттын эсебинен төмөндөгү мекемелерге акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  • Нарын шаардык жашылдандыруу мекемеси мекемеге пайдаланууга кран манипулятор автоунаасын алууга 1,5 млн сом
  • Нарын облусунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына Нарын шаардык мэриясы менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз ара эсептешүүнүн негизинде аткарылган кызмат үчүн 293,0 миң сом
  • Нарын суу канал ишканасы суу алуучу жана суу топтоочу жайлардын  кайтаруусу үчүн адистештирилген күзөт  кызматына 500,0 миң сом

  1. Токтомдө көрсөтүлгөн акча каражаттарын бөлүп берүү шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.

 

 

      Төрага                                                                                          Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, финансы бөлүмүнө, жашылдандыруу мекемесине,архитектура башкармалыгына

Добавить комментарий