НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

shapka-toktom

    НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXXVI  СЕССИЯСЫНЫН

     №  8  ТОКТОМУ

10-ноябрь 2016-жыл                                                                                                                           Нарын шаары

Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

             Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлук добушуна ээ болгондуктан  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы тиркемеде көрсөтүлгөн инсандарга ыйгарылсын.(тиркеме тиркелет)
  2. Жобого ылайык Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алгандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси, күбөлүгү тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                              Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,                                                 

               

 

 

Добавить комментарий