НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVI I СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
21-декабрь 2016-жыл Нарын шаары
. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин ашыкча түшкөн каражатынын эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын профсоюуз уюуму шаардык Кеңештин жана мэриянын кызматкерлери шаар жеринде жашап, үй-бүлөлүк бюджетке кошумча киреше табуу шарттары болбой, Нарын жергесинин климаттык оор шартында, кыштын узактыгында көмүр сатып алууга, жылуулук жана электр энергиясына төлөөгө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык материалдык жардам көрсөтүп акча каражатын чечип берүү маселеси менен кайрылган.
Жогорудагы маселе боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Ботокановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын профсоюуз уюумунун сунуш катынын негизинде шаардык Кеңештин жана мэриянын кызматкерлери шаар жеринде жашап, үй-бүлөлүк бюджетке кошумча киреше табуу шарттары болбой, Нарын жергесинин климаттык оор шартында, кыштын узактыгында көмүр сатып алууга, жылуулук жана электр энергиясына төлөөгө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык кооммуналдык төлөмдөрүнө кетүүчү чыгымдары үчүн ар бир кызматкерге 15,0 (он беш миң) сомдон, жалпысы 450,0 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомду аткаруу шаардык мэрияга жана шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
- Токтооомммдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Турсуналиев
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,