НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVII СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ   XXXVII  СЕССИЯСЫНЫН

№  4  ТОКТОМУ

21-декабрь  2016-жыл                                                                                                            Нарын шаары

 

 Нарын шаардык Кеңешинин 17.08.2016-жылдагы Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн  ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу  бир штаттык бирдикти ачуу  боюнча келишимин бекитип берүү жөнүндө токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

 

Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык Кеңешинин 17-август 2016-жылдагы кезексиз XXXVII сессиясынын №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык статистика бөлүмү ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу бир штатттык бирдикти ачуу боюнча келишимди бекитип берүү боюнча токтомду жокко чыгарып берүү боюнча сунуш кат менен кайрылышкан. Сунуш катта  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2016-жылдагы №145 токтомуна ылайык  XXXVII сессиясынын №2 токтому менен келишимди бекитип тийиштүү органдарга жибергенден кийин Нарын шаардык мэриясына кошумча бир штаттык бирдик ачылып берилип, мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга багытталган акча каражаттар республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге которулуп берилээри каралган. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги 2016-жылдын 28-сентябрында №08-1-2/10559 катына ылайык кошумча штаттык бирдик ачууга жол берилбестигин белгилеп, мамлекеттик ыйгарым укуктарды  аткарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бир кызматкерине жүктөп коюуну сунуштаган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын талаптары толук сакталбай калгандыгына байланыштуу  Нарын шаардык Кеңешинин 17-август 2016-жылдагы кезексиз XXXVII сессиясынын №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык статистика бөлүмү ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу бир штатттык бирдикти ачуу боюнча келишимди бекитип берүү боюнча токтомун  жокко чыгарып берүү боюнча  Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсун угуп жана талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы                                                                                              ТОКТОМ КЫЛАТ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын талаптары толук сакталбай калгандыгына байланыштуу  Нарын шаардык Кеңешинин 17-август 2016-жылдагы кезексиз XXXVII сессиясынын №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык статистика бөлүмү ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу бир штатттык бирдикти ачуу боюнча келишимди бекитип берүү жөнүндөгү  токтому толугу менен күчүн жоготту деп табылсын.

  Төрага                                                                                                                    Э.Турсуналиев

_____________________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,

Добавить комментарий